Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:52

Тазалануубу же жазалануубу?


“Саясый шылуундардын колундагы оюнчукка же куралына айланбаш үчүн, мекенчил атуулдарыбыз “Тазалануу” коомун колдоп, элине чыккынчылык кылган, мамлекеттин кызыкчылыгына оңбогондой зыян алып келе турган эргулдарды ооздуктап, аттарын атап, элибиздин көзүн ачалы. Тагдырыбыздын алардын эксперимент кылуусуна бөгөт коелук деген атуулдарыбызды өз катарыбызга чакырабыз. Биз бул өтө маанилүү иш-аракетибизди бүгүн баштабасак эртең кеч болуп калат. Ар бирибиз үчүн тазалануу мезгили келди” деген ойду камтыган саясатчы Жыпар Жекшеевдин кайрылуусу менен жарык көргөн “Кыргыз руху” гезити ошондой эле Мыктыбек Абдылдаев, Максим жана аны колдоп келишкен корейлер, Азимбек Бекназаровдун “дипломат оорусу” тууралуу сын материалдарды, саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин “20 жылдан кийин” деген, журналист Гүлмайрам Турусбекованын “Улут чындыгынын курмандыгына айлангандар” деген макалаларды, маектешүүлөрдү басты.

“Эл сөзү” гезитине маек берген саясый партиянын башчысы Назарбек Нышанов “Мамлекет тонолуп, бийликтегилер бузулуп, мыйзамдар иштебей, зордук-зомбулук, алдамчылык, эки жүздүүлүк көбөйдү” деди. Юрист Автандил Сакыбаевдин биринчи макаласы “Урмат Барктабасов ким ?” деп аталды. Ушул эл автордун бир гезитке дагы эки макаласы жарыяланды. Алардын бири - Жапаров, Кулов, Субаналиевдер тууралуу болсо, бири– “Турсунбек Акун “провокаторбу?” деп аталат. Түштүк окуя күбөлөрүнүн “Кудайга жеткен үнүбүз, бийликтегилерге жетээр бекен?” деген ачуу армандары да ушул санда.

“Алиби” гезити журналисттер Машакбай Рахманкуловдун “Кыргызстан – наш общий дом эмес!”, Зулпукаар Сапановдун “Керегем сага айтам...” деген макалалары менен жаңы санын тартуулады.

Маек курган саясатчы Замирбек Парманкулов өлкөдөгү абал, алдыдагы шайлоо жагдайында ой бөлүшүп: “Шайлоодо жеңишке жеткен партия өкмөттү курап, мамлекетти башкарарын, коркунучтуу жагы өз түшүнүгү жок, жогор жактын айтканын гана аткарган “Ак жол” же “Алга Кыргызстан” кирген жасооолдор өтүп калса, кырдаал кыйын болорун айткан.

Ушул эле санга “Ата Мекен” партиясынын Чүй облусу боюнча координатору Туратбек Мадылбековдун “Эл менен мен да нааразымын” деген маеги басылып чыкты.

Ал өз сөзүндө “272 млн. доллар акчаны 7-апрелде Бакиевдер Кыргызстандан чыгарып кеткенин, бирок бул акчанын 90 пайызын өлкөгө кайтарып алса болорун, ал эми өзү болсо депутат болоюн деген ою жогун, андан көрө Бакиевдердин убагындагы жеп-ичкендерди тазалап, ушул боюнча күрөшсөм деген ниети барын: “бүгүн кечээ мамлекеттин менчигине кол салгандарды таап, эл алдына алып чыгып, мыйзам чегинде баарын жоопко тартып, жегендерин кустуруп, калктын кассасына салуу керек. Учурда бул маселе көмүскөдө калып, элдин мүдөөсү аткарылбай жатат. Азыр өзүмдүн эле досторум Убактылуу Өкмөттө иштеп жатат. Аларга учурда эл нааразы болууда. Мына ошол эл менен мен да нааразымын” деп билдирди.

“Алибинин” бул санына “Садык Шер-Нияз кумга катылган алтынбы?” деген ат менен бир катар маданият ишмерлеринин ал тууралуу мактал сөздөрү жарыкка чыкты.

“Кыргыз туусу”
гезити, окурмандардын каттарына орун берип, андан кийинки беттерин ырасмий материалдар менен толтурган. Гезит техникалык өкмөттүн курамына киргендердин тизмесин шардана кылган. Булардан тышкары чет өлкө башчыларынын президент Роза Отунбаеваны куттуктоолору, бийликтеги ар кандай деңгээлдеги жолугушуулар, каралган маселелер, Кыргызстанга берилгени турган жардамдар туурасындакеп болот.

Мамлекеттик кадр кызматынын деректиринин милдетин аткаруучу Чолпонкул Арабаевдин “Кадрлар маселесиндеги калпыстык элдин нааразылыгын жараткан” аттуу интервьюсу, журналист Назарбек Байжигитовдун “Казактын боордоштугу” деген макаласы, Бишкек шаар башчысы Иса Өмүркуловдун “Келерки жылдан тартып бюджеттик уюмда иштегендерге үй курганга аракет кылам” деген ат менен түз байланышка чыккан шаар тургундарына берген жооптору бар.

Философия лимдеринин доктору Кусейин Исаевдин маеги “Маданият сакталса – улут сакталат” деп аталат. Маекте белгилүү окумуштуу президент Роза Отунбаеванын Ант берүү аземинде сүйлөгөн сөзүн шилтеме кылып, “Роза айым, элибиз эзелтен эле айтат, Анттын тузу оор, жоопкерчилиги чоң, кусуру катуу деп. Анттын ыйыктыгын да, баасын да, жоопкерчилигин да мен сезем, түшүнөм” деди. Антына турбагандарды “Төшү түктүү Жер урсун, Төбөсү бийик Көк урсун!” деп каргаган. Андыктан Ө. Текебаев, А. Атамбаев, А. Бекназаров, Т. Сариев, И. Исаков шейит кеткен чырактай балдардын арбагынын алдында ант бергенден кийин өтө катуу ойлонуулары керек” деп белгиледи.

Жарык көргөн “Форум” гезити журналист Баратбай Аракеевдин кезектеги макаласын окурмандардын ой элегине салды. Жаңы бийликтин жаңы дайындоолоруна ичи чыкпаган автор: ”Кадр тандоо маселесинде президентибиз Отунбаева өзүнөн мурунку эки президенттин жолунан чыккысы жокпу деген арман ойду кылтыйтып таштады. Акаев менен Бакиев таянган кадрлардан башка куру жалакпызбы” деген суроону койду.

Басылма андан ары “Юстиция министри Аида Салянова анын атын сатып акча жасап жүргөндөргө чара көрүп койсо” деп, “Өмүрбек Субаналиев эми эл колдогон партияга мүчө болгону жатыптыр, “адашкандын айбы жок, кайтып үйрүн тапкан соң” деп, “Беларусь президенти Александр Лукашенконун акыркы күндөрү айласы кетип, өз элинин канын ичкен Бакиевден кантип кутуларын билбей башы маң болуп жаткандыгы жөнүндө ишенимдүү булактардан маалымат келип түштү. Лукашенко өз өлкөсүндө өтө турган 6 айдан кийинки президенттик шайлоону ойлоп, эмнеси болсо да Бакиевди бир жаңсыл кылуунун амалын издеп, Кремль менен тымызын сүйлөшүүлөргө барып жатыптыр” деп, “Ош менен Жалал-Абадга эл аралык полиция күчтөрүн киргизүүгө уруксат берсе Роза Отунбаеванын калк арасындагы кадыры бир топ эле түшүп калат. Мындай күчтү өлкө аймагына киргизүүгө кыргыз коомчулугу каршы. Аны эл эмес, айрым жеке кызыкчылыгы бар күчтөр көтөрүп жатат” деп кабар таратты.

Гезиттин өткөн санынан баштап жарыяланып келаткан “Бакиевдин тушундагы №1 резиденцияга теске салынбай калган терс көрүнүштөр” аттуу макаланын уландысы да ушул басылышта.

Маданият жана маалымат министринин мурдагы милдетин аткаруучу Рыскелди Момбековдун маеги “ Мен бул өкмөттү техникалык эмес, техника салып жүргөн тележкага теңер элем” деп аталат.

Рыскелди Момбеков учурда Алмазбек Атамбаевдин партиясы менен шайлоого аттанганы жатканын кошумчалаган.
XS
SM
MD
LG