Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Cадыркуловдун ишин эларалык эксперттер иликтөөгө алдыбы?


Медет Садыркуловдун сөөгү Байтик айылынын жанындагы мүрзөгө коюлду. 12-апрель, 2009-жыл
Медет Садыркуловдун сөөгү Байтик айылынын жанындагы мүрзөгө коюлду. 12-апрель, 2009-жыл

Бүгүн жарык көргөн гезиттердин баары Кыргыз президентинин мурдагы админстрация башчысы Медет Садыркуловдун сөөгү жайына коюлганын 1-кабар катары алып чыгышты.

“Аалам” гезитинин кабарчысы Жолдошбек Зарлыкбеков бул боюнча:”Садыркулов түндүк-түштүк саясый тең салмагын кармоо үчүн фигура болгону түшүнүктүү. А. Мадумаров акылы ашып, депутаттардын бирин сүйлөтпөй өзү сүйлөп олтуруп алганда, бул жигитти кызматтан алуу маселеси каралган. М. Садыркулов ал ишти так аткарып, Мадумаров кызматынан алынган. Адахан ошого өчөгүштү. “Мени кызматымдан Медет жыдытты” деп президенттин кеңешчиси Үсөн Сыдыковго арызданып, экөө президентти көндүрүштү. Экөө топурак салганы барышкан жок. Кыргызстанда 3 жыл ичинде 36 атайын жалдап өлтүрүү болгону катталды. Садыркулов боюнча кылмыш ишин эл аралык көзкарандысыз эксперттер иликтей баштады” деп жазды.

Гезит баяндамачы Бахтияр Шаматов Лейлек районуна караштуу Ю. А. Гагарин атындагы орто мектептин деректири Абдылхак Жамилов менен элеттеги мектеп маселеси тууралуу маек курган. Деректир мырза жогорку категориясы бар, бир ставка (18 саат) менен иштеген мугалим айына 1697 сом маяна аларын, буга стажысы кошулса 2 жарым- 3 миң сом болорун кеп кылып: “Мен түшүнбөйм, эмнеге мамлекет милийсанын акчасын 50 пайызга көтөрөт да, шоркелдей мугалимдикин араң эле 15 пайызга көтөрөт? Мугалимдер үчүн совет өкмөтү түзүп берген жеңилдиктердин бири да калган жок, мугалимдер илгеркидей билимин жогорулатуучу курстарга, окуучулар олимпиадаларга жол киренин кымбаттыгынан келе албай калышты” деп, ал жетекчилик кылган мектеп орус тилдүү болгондуктан окуу китептери менен Орусия элчилиги камсыз кылып келаткандыгын баяндаган.

Буга улай эле “Кадровый” жазуучулар эркин калемгерлердин чаңында калабы?” деген талаштуу макала да жарык көрдү. Макалада “китеп жазуу, аны өткөрүү, сатуу, китеп пайда апкелеби же жокпу?” сыяктуу маселелер козголгон.

“Ачык саясат” гезити: “Эмне үчүн экс-спикер Адахан Мадумаров менен азыркы спикер Айтибай Тагаев топурак салганы барган жок. Ажобуз өзү деле көз көргөзүп, көңүл айтып барып койсо болмок да. Ушул адамдын каза болгондугуна байланыштуу козголгон кылмыш ишин ажобуз өз көзөмөлүнө алгандан кийин, бир айлык мөөнөт ичинде бир-эки билдирүү жасап койсо болмок. Ажобуз антпегенден кийин, элибиз оппозициянын: “саясый буюртма менен өлтүрүлдү” дегенине ишенип баратат. Садыркуловдун сөөгү жерге берилген менен, анын эмнеден каза болгондугу ачык маселе бойдон турат” деп белгиледи.

Гезитке маек курган "Арыш" коомдук бирикмесинин төрагасы Жумагазы Садыр уулу же Жусуп Чоңаю: “Азыркы бийлик мурдагыдан ашып кеткен жок. Мамлекет башкаруучулардын деңгээли көрпенделик, көроокаттык деңгээлден көтөрүлө албай койду. Анткени жетекчиликтин дили таза эмес. Дилдин баары маңкуртташып калган. Улуту жок адам улут үчүн, мамлекет үчүн иштемек беле? Ошон үчүн мамлекет башчысы биринчи кезекте чыныгы кыргыз болмоюн эч нерсе оңолбойт” деген оюн айткан. Буга улай эле “Ата Мекен” патриясынын төрага орунбасары Эркин Алымбековдун демократия тууралуу орус тилиндеги макаласынын уландысы, президент К. Бакиевге жана Ө. Текебаевге окурмандардын кайрылуулары, “Ата Мекен” партиясынын Ош облустук уюмунун төрага орунбасары Төлөгөн Келдибаевдин “Оштуктардын 80-90 пайызы азыркы бийликти колдобойт” аттуу маеги жарыяланды.

Төлөгөн мырза өз сөзүндө: “Эл ичинде азыр “президенттикти Текебаевге бериш керек. Эгер ал дагы ишти жөндөп кеталбаса, анда Кыргызстан мамлекет болуп жарытпайт” деген өтө кескин пикир айткандар арбын. Менимче Текебаевдин президенттикке талапкерлигин коеру же койбошу боюнча маселеге али чекит коюла элек” деп билдирди. Андан ары ал азыркы бийликтин саясатын түштүктүктөрдүн 80-90 пайызы колдобостугун, колдосо чоң кызматтагылар менен бийликтин этегине эрмешип оокат кылгандар гана колдошу мүмкүндүгүн, эгерде мыйзамдуу, акыйкат шайлоо болсо азыркы президент оштуктурдын 20 пайызынын да колдоосуна ээ боло албастыгын белгилеген. Элдин жашоосунун оорлогонун мисалга алган Келдибаев ооруп калган адам диагнозун аныктатыш үчүн эле 1000 сом чыгым болорун, ал эми ооруканага жатып калсаң каныңды сорушарын, айлык акы болсо мындан 6-7 жыл мурдагы өлчөмүнөн жарытып деле өзгөрбөгөнүн кеп кылган.

Кабарчынын: “Алдыдагы президенттик шайлоо адилет өтөрүнө ишенесизби?” дегенине Т. Келдибаев: “Мен эле эмес элдин 90 пайызы ишенбесе керек. Мисалы студенттерди президенттик шайлоо өтмөйүнчө каникулга чыгарбай турган болушту. Эмдиги шайлоодо мурдагыдай мыйзамсыздык болсо, күрөшүүнүн өтө чечкиндүү башка жолуна өтүп, элдин духу өчө электе акыйкаттыкты өз ордуна кайтарууга толук мүмкүнчүлүк бар” деп жооп берген.

Ушул эле гезит журналисттер Айбек Шамшыкеевдин “Улуттун келечегине кайгырам, “улугуна” элдин кайрылам”, Абдувахаб Мониевдин “Улуттук лидер издейбиз”. Улутубуз ким өзү?” деген жана гезиттин өткөн сандарынын биринде биринчи бөлүгү тартууланган экономика илимдеринин кандидаты, эксперт Саткын Айтугановдун президенттин “Жаңылануу багытынын” кыргызча тексттин сынга алган макаласынын корутунду бөлүгү жарык көрдү.

“Кыргыз туусу” гезити: “Бшкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармасынын жетекчиси Учкун Каримовдун билдирүүсүенө ылайык, биринчи экспертиза Москвада, экинчи экспертиза “ДНК Манас технология” менчик медициналык борборунда жүргүзүлүп, экөөнүн тең жыйынтыктары бирдей чыккан” деп кабарлады. Аталган гезит мындан тышкары республиканын премьер-министри Игорь Чудиновдун “Экономика туруктуу өнүккөндө көтөрүлөт” аттуу теманынан алдында “Кыргыз туусу” жана “Эркин тоо” гезиттеринин суроолоруна берген жообун окурмандарга сунуш кылды. Ушул эле сандан сиздер Туризмди кризистен сактоонун жолу барбы?” аттуу макаланы жана “Ордолуу ошко оомат ооду, оголе көп жайлар оңдолмой болду” деген Ош шаарынын 1-вице-мери Арфидин Алановдун интервьюсун, сандан санга жарыяланып келаткан тарыхый, даректүү баяндардын уландысын окуй аласыздар.

XS
SM
MD
LG