Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

Ө. Текебаев: Президент эки жүздүү саясат жүргүзүп жатат


Өмүрбек Текебаев Элдик курултайда сөз сүйлөөдө, 17-март, 2010-жыл
Өмүрбек Текебаев Элдик курултайда сөз сүйлөөдө, 17-март, 2010-жыл

“Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкекте өтүп жаткан Ынтымак курултайын, анда сүйлөгөн президент К. Бакиевдин сөзүн эки жүздүү жана бет тырмоочулук саясаттын көрүнүшү деп сынга алууда.

- Өмүрбек мырза, Ынтымак курултайдын биринчи күнү өттү. Анын жүрүшүнө кандай бааңыз бар?

- Ынтымак курултайынын кээ бир уюштуруу мүчүлүштүктөрү анын кокусунан болбогонун, курултайдын маңызын көрсөтүп турат. Мисалы, төркеңешти шайлоо залдан жылдырылган кандидатураларды карабастан алдын ала даярдалган тизме менен шайлангандыгы курултайдын жүрүшүндө ачыктан ачык көрүндү. Демек бул курултайдын чечимдери алдын ала даярдалган.

Бул жерде өз демилгеси менен энтузиазм менен сүйлөп жаткан делегаттардын ою, тилеги ишке ашпай турганы алдын ала көрүнүп калды. Курултайдын катышуучулары, албетте, чын ыкластан, ишенүү менен ал жерде өзүнүн ой-пикирлерин айтып жатат. Бирок бул курултай бүгүнкү бийликтин саясатын колдоо, бүгүнкү бийликке болгон элдин ишенимин арттыруу үчүн пайдаланыларын алар жакшы түшүнбөй турушат.

- Ушул курултайда президенттин сөзүндө айрым талуу маселелер боюнча пикирлер айтылды. Мисалы шайлоолордун кадыры кетип бүттү деген сөз айтылды. Бул келечекте президенттик түз шайлоону жоготууга карай коомчулукта кыртыш даярдоо эмеспи, кандай деп ойлойсуз?

- Бакиев өзү байкабай өзүнүн 4-5 жылдык саясатына баа берди, акыркы кезде шайлоонун кадыры кетти, шайлоо идеялардын күрөшү эмес, капчыктуунун, пулдуунун күрөшү болуп калды деген ой-пикирди айтып. “Ак Жол” кантип өткөндүгүн, жергиликтүү, президенттик, парламенттик шайлоолор кандай болуп өткөндүгүнө өзү баа берип жатат.

Шайлоонун кадыр-баркы кетишине түздөн-түз Бакиевдин күнөөсү бар. Ал эми Бакиевдин сунуштаган ачылышы бул туура эмес. Кеңешме демократия деген бар, биз кеңешме демократия менен пайдаланышыбыз керек деп, өз туугандарын. өз жакындарын дайындаган президент менен кеңешкен эч кандай демократиядан кабар бербейт. Тескерисинче, бул бир нече кадам артка кеткенибизди билдирет.

- Негизи эле кайсы өлкөдө, кайсы жерде кеңешме демократия жайылып жаткан экен, сизде маалымат барбы?

- Демократиянын негизги формасы - бул шайлоо формасы. Башка формасы ойлонуп табыла элек. Албетте, кеңешме органдар аты айтып тургандай сөзсүз эле кеңеш бере турган органдар, тигил же бул мамлекеттик органдардын алдында ачылып келет. Бирок алар кеңеш берүү функциясынан башка эч кандай функцияга ээ болбойт. Бул демократиянын түз да, кыйыр да формасы деп айтсак болбойт. Анткени бул кеңешме орган чечим кабыл албайт.

- Курманбек Бакиев урук-тууганчылык байланыштар жана коррупция колу-бутубузду бууп коюуда, деди. Бул өз айланасындагы чындыкты моюнга алуубу?

- Президент элге жага турган сөздөрдү жыйнаган. Бирок тилекке каршы алар аткаруу үчүн эмес, элдин көңүлүн алыш үчүн гана багытталган. Муну саясий бет тырмоочулук катары бааласа болот. Мисалы, кыргыз тилинин маанилүүлүгүн айтып, аны өнүктүрүшүбүз керек дейт, азыркы өкмөтү, мурунку өкмөтү дагы жыйналышын орусча алып барат.

Президент өзүнүн салт болуп калган дүйшөмбү күнкү жыйналыштарын накта кыргыздар отурганда дагы орусча алып барчу эле. Бүгүн орусча сүйлөгөн баласы Максим отурганда, андан бетер орусча алып барат. Өнүктүрүү фондунун, Секретариаттын жыйналыштарын биз айтпай эле коелу.

Эгер мамлекет башчысынын, өкмөтүбүздүн жыйналыштарын теледен өз калкы котормочу аркылуу угуп, көрүп турган болсо, кыргыз тилинин өнүгүшү жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Бул биринчи.

Экинчиден, урук-тууганчылык бизди түздөн-түз коррупцияга алып барып атат дейт. Эл аралык коомчулуктун айтканына карабастан мыйзамдарды бузуп, өзүнүн жакын туугандарын эң чоң кызматтарга коюу, көптөгөн майда кызматтар райондон облустук деңгээлге чейин бийликте аралашып турганын элдин баары байкап турат.

Муну билбей айтып алдыбы, же ушинтип айтып койсом эл ишене берет деп ойлоп жатабы?. Бул президенттин айтканы бүгүнкү саясат эки жүздүү, бет тырмачылык саясат экендигин дагы бир жолу көргөздү.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG