Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Д. Ошуракунова: Партиялардын көптүгүнөн элдин башы айланууда


Динара Ошурахунова "Азаттыктын" студиясында.
Динара Ошурахунова "Азаттыктын" студиясында.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошуракунова калың элди азыр шайлоонун коопсуздугу ойлондуруп жатканын айтат.

- Динара айым, сиз жетектеген уюм алдыдагы шайлоого карата узак мөөнөттөгү байкоонун алгачкы жыйынтыктарын чыгарыптыр. Бул жолку шайлоого даярдык жана өлкөдөгү кырдаал боюнча кандай жыйынтыктар чыкты?

- Биз азыр беш баяндаманын экөөсүн чыгардык. Албетте башка шайлоолорго караганда бул шайлоонун айырмасы бар. Анткени ушунча көп саясий партия катышып жатат. Андан тышкары Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы жаңы. Ачык, айкын иштеп жатат. Үчүнчүдөн биздин абал да курчуп тургандан кийин ар кандай кооптуу маселелердин баары дагы каралып жатат. Биринчиден элдин көбү шайлоого ишенип катышабыз деп жатышат. Анткени саясий партиялар үгүт иштерин жүргүзүп, жер-жерлерге барып, баягы элге маалымат берип, эл да 10-октябрда ушундай тарыхый шайлоо болот дегенди жеткирип жатышат. Экинчиден саясий партиялардын көптүгүнөн кимиси татыктуу, кимисин шайлаш керек деп элдин башы айланууда. Анткени баягы система алмашыла элек. Бир жылдын ичинде баарыбыз оңолуп кетпейт экенбиз. Программаларды кантип изилдеп, кандай туура шайлаш керек деген чоң маселе болууда.

- Динара айым, сөзүңүздө элдин арасында кооптуу маселелер бар деп айтып кеттиңиз. Сиздердин байкооңуздар боюнча калк эмнеден кооптонуп жатат?

- Көбүнчө үч нерсе айтылып жатат. Шайлоодон кийин жана шайлоо учурунда карама-каршылыктар чыгып кетпейби, шайлоо өткөндөн кийин митингдер көп болуп кетпейби, ал митингдер абалга таасир этпейби деген кооптонулар. Анан кайсы бир адамдардын колунда куралдардын болушу да элди кооптондурууда. Куралдар менен партиялар бири-бирине каршы чыгабы дегендер бар. Бирок саясий партияларды да тынчсыздандырган суроолор бар. Кыскасын айтканда, шайлоодон кийин чыр чыгып кетпейби деген маселе көпчүлүктү ойлонтууда.

- Кыргызстандын алыскы аймактарында парламенттик шайлоо туурасында маалыматтар жетиштүү бекен?

- Чынында эле бул чоң маселе болуп жатат. Бизде мына Бишкекте массалык маалымат каражаттары көп болуп, маалымат жетиштүү деп айтылганы менен ошол эле жаңы конуштарда, башка бир алысыраак айылдарда маалымат жетиштүү болбой жатат. Экинчиден, шайлоочулардын укугу боюнча маалымат аз болуп жатат. Аналитикалык материалдар жетишсиз болуп жатат.

- Маегиңизге рахмат!

XS
SM
MD
LG