Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:35

Н. Дүйшөнбеков: Коалиция түзүүгө саясий тажрыйба жетпей жатат


Жаңы парламенттин алгачкы отуруму, 10-ноябрь.
Жаңы парламенттин алгачкы отуруму, 10-ноябрь.

Талдоочу Нурдин Дүйшөнбеков "Ата Мекен", КСДП жана "Республика" партияларынын коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөрүнөн оң жыйынтык чыгат деген ойдо.

“Азаттык”: Шайлоодон бери бир айдан ашык убакыт өтсө да коалиция маселеси чечилбей арабөк абалда турат. “Республика” менен Социал-демократтар буга чейин бириге турганын айтышкан. Ошол эле кезде “Ата Мекен” менен КСДП келише албай жатат. Бул санаалаш партиялар эмне себептен тил табыша албай жатат деп ойлойсуз?

Н. Дүйшөнбеков: “Ата Мекен” партиясынын лидери айткандай расмий түрдө сүйлөшүүлөр өткөн жумада гана башталды. Буга чейин сүйлөшүүлөр жүрүп жтатат деген сөздөрдү ал тактаган эмес. Бул сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыгат деп коомчулук күтүп жатат. Анткени стратегиялык өнөктөш партиялар бириккени жатат. Алардын тарыхый-идеологиялык позициялары жакын. Ошон үчүн бул сүйлөшүүлөр натыйжа берет деген ишеничтемин.

“Азаттык”: Эмне себептен сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасынан эле оң натыйжа чыккан жок, биригүүгө кандай тоскоолдук бар?

Н. Дүйшөнбеков: Буга саясий тажрыйбанын жоктугу себеп болуп жатат. Баарыбызга маалым болгондой буга чейин өкмөт, дегеле бийлик органдары башкача жолдор менен түзүлүп келген. Жаңы үйрөнүп жаткан мындай ыкмада идеологиялык жактан көп маселелер бар, программаларын, позицияларын жакындатуу маселелери бар, шайлоочуларга убада кылган программаларынын кээ бир пункттары бирдей болбой калышы мүмкүн. Бул жагы да коалициялык өкмөт түзгөндө сөзсүз эске алынышы керек.

“Азаттык”: Айрым маалыматка караганда, азыр төрт фракциянын лидерлери сыртта жүрүшөт. А. Атамбаев Москвага учуп кеткен дешет, Ф. Куловдун Украинада экени айтылууда. "Атажуртчулар" Казакстанда деген сөздөр бар. Эгерде кыргыз саясатчылары ар бир маселе боюнча сыртка чуркай берсе анын арты эмнеге алып келиши мүмкүн?

Н. Дүйшөнбеков: Коалиция маселеси Орусияда, же башка мамлекетте чечилет деген ойдон алысмын. Эгерде андай болсо буга чейин деле төрт партиянын лидерлери Москвага барып келишпеди беле. Чечилсе ошондо эле чечилмек. Менимче, алар өздөрүнүн жумушу менен чыгышы мүмкүн. Алардын сапары тууралуу толук маалыматым жок. Бул маселе баары бир Кыгызстандын ичинде эле чечилсе керек.

“Азаттык”: Айрым талдоочулар кыргыз бийликтери Орусиянын ою менен болбосо өлкө жазында экономикалык кыйроого учурайт деп айтып чыгышты. Бул экономикалык көз карандылык саясий көз карандылыкка өсүп жетип, акыры эгемендикке доо кетирбейби?

Н. Дүйшөнбеков: Бул биздин саясий элитабыздын, айрыкча парламентке өткөн беш партиянын позицияларына байланыштуу болот.

XS
SM
MD
LG