Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:12

Д. Нарымбаев: Кеңейтилген коалиция - эл ишенимин жандырат


Данияр Нарымбаев "Азаттыктын" студиясында
Данияр Нарымбаев "Азаттыктын" студиясында

Конституциялык кенештин мүчөсү Данияр Нарымбаев эгер парламентте кеңейтилген коалиция түзүлсө эл туура тандоо болгонуна ынанмак деп эсептейт.

- Данияр мырза, мына шайлоо өткөнүнө бир жума болду. Азырынча БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгара элек. Ошентсе да алдын ала маалыматтар боюнча алдыга озуп чыгышкан беш партия бүгүнкү күндө коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Парламентте коалиция түзүп, өкмөт куроо эрежеси тууралуу айтып берсеңиз, мыйзамда кандай?

- Конституция боюнча биздин парламент чогулуп, алгачкы отурумунда өзүнүн уюштуруу иштерин чечкенден кийин, президент барып ошол жерден фракциялардын бирине сунуш кылат, коалиция түзүү, өкмөт куроо маселесин. Ал фракция өзүнүн өкмөттүк программасын иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке сунуштайт. Мындан тышкары өкмөт башчыны, өкмөттүн структурасын жана курамын да сунуштайт. Ошолордун баарын бекиткен соң парламент буларды президентке сунуштайт. Президент жарлык чыгарган күндөн баштап, өкмөт толук кандуу ишке кирише алат. Бул биздин Башмыйзамда көрсөтүлгөн биринчи мүмкүнчүлүк. Эгерде ал болбой, жогоруда айтылгандардын бири да болбой калса, анда он беш жумушчу күндүк мөөнөт ичинде башка фракцияга өкмөт куроо тапшырылат. Ал да болбосо президент четке чыгат да, парламент чогуу отуруп, бир фракцияны “силер көптүк коалиция түзгүлө” деп макулдашып дайындап, өкмөттү курай алат. Эгер ал да ишке ашпаса, президент аргасыздан мөөнөтсүз шайлоо жарыялоого мажбур болот.

-“Ата Журт” партиясы бардык партиялардын лидерлери менен тил табышып, кеңейтилген коалиция түзүүгө даярдыгын билдирүүдө. Мындан парламент кандай артыкчылыкка ээ болот?

- Бул менимче абдан жакшы демилге. Эгерде ошондой болчу болсо абдан жакшы болмок. Эл дагы “ии парламентке келген партиялар элдин ишенимине эмес, эл жүктөгөн жоопкерчилигин сезүү менен иштеп атышат” деп айтканына жакшы болмок.

- Демек, кеңейтилген коалиция түзүү – партиялардын ынтымакташып иш алып барышына өбөлгө түзөт?

- Албетте. Эл дагы жакшы маанайда, “шайлоо туура эле өтүптүр, биз туура эле жооптуу саясатчыларды шайлаптырбыз, булар ишти алып бара алышат экен” деген ишенич пайда болуп, жакшы дем ачылмак.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG