Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:34

А. Шыкмаматов: Элди алдоого мүмкүн болбой калды


10-мартта Нарын шаарында кымбатчылыкка нааразы болгон жергиликтүү тургундар митингге чыгып, электр кубатына тарифтерди мурдагы калыбында калтыруу, тоо шартындагылар үчүн каралган социалдык жеңилдиктерди сактоо, тоо кендерин сатууну токтотуу сыяктуу бир топ талаптарды көтөрүштү. Бул митингге катышып келген "Ата мекен" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Алмамбет Шыкмаматовду сөзгө тарттык.

- Алмамбет мырза, Нарындагы элди ким чогултуп, ким уюштурду?

- Эртең мененки саат 11де Нарын шаарында 5 миңге чукул эл чогулуп, митингге Нарын шаарынан, Нарындын тегерегиндеги айылдардан келип катышты. Нарындагы элди ал жердеги оппозициялык партиялар, анын ичинде “Ата Мекен”, Социал-демократтар партиялары, БЭКтин мүчөлөрү уюштурду. Анан ал жерде социалдык көйгөйлөрдөн улам элдин арасынан дагы кандайдыр бир лидерлер чыккан. Алар баары биригип, митингди уюштуруу боюнча 23 кишиден турган жумушчу топ түзүлүп, ошолор уюштуруп атышат.

- Чогулган элдин саны канча болду?

- Саны 5 миңге жакын болду, митингге губернатор, облустун бардык активдери толугу менен катышты. Элдин нааразычылыгын, элдин көтөргөн маселесин, көйгөйүн баары башынан-аягына чейин угуп турушту. Бишкектен Акыйкатчы Турсунбек Акун да барды.

- Ошол бийлик өкүлдөрү элди ынындыра турган сөздөрдү айта алыштыбы?

- Албетте бул жерде мурункудай эле бийлик өкүлдөрүнүн башка айта турган сөзү болгон жок, убада менен гана чектелди. Жаңы келген губернатор айтты, мен Арпа, Ак-Сайды, Жетим-Тоону саттырбайм, тарифтерди түшүргөнгө аракет кылам деп. Ал эми эл чурулдап-урулдап, “биз мындай тил эмизген убадаларга ишенбей калганбыз, силер чече албайсыңар, силер эмес Данияр Үсөнов чече албайт, муну бир чечсе президент чечет, президент чечпесе эч ким чечалбайт” деп айтышты. Элди алдоого азыр мүмкүн болбой калыптыр.

- 2008-жылы Бишкек шаарынын борбор аянтындагы апрель митингдеринен кийин ушундай митинг, пикеттерди кандайдыр бир мыйзам жоболор менен өткөрүүгө тыюу салынган эле. Анан Нарында ушунча адам чогулуп, митинг өткөрүп атса, буларга каршы кандайдыр бир күч органдары тарабынан бут тосуу аракеттери болдубу?

- Жок, күч органдары тарабынан тоскоолдук көрсөтүү болгон жок. Эгерде провокацияга барып, же тоскоолдуктарды уюштурабыз, же Түп окуясындай окуяны кайталайбыз десе, аягы жаман бүтмөк. Анткени эл абдан чечкиндүү болуп турду.

- Нарын элинин азыркы таптагы талаптары кандай болуп жатат?


Нарын эли 10 пунктан турган резолюция кабыл алды. Анын ичинде эң орчундууларын айтып кетсек, бул тарифти мурунку калыбына келтирүү, пенсияны көбөйтүү, генерал И.Исаковдун акталышы, ошондой эле Максим Бакиевди дагы бир жумалык мөөнөттө Кыргызстандан чыгып кетсин деген талапты коюшту. Ошол жерде турган аксакалдар ушундай маселени көтөрүп добушка койду эле, элдин баары колдоп кетти. Анан эгер ушул маселелер чечилбесе 17синде биз Элдик курултайга кошулабыз, ага активдүү катышып, мындан кийин бийликтин бир да убадасына ишенбей, чечкиндүү кадамдарга барабыз, жөө жүрүштөрдү уюштурабыз, баарыбыз биригебиз деп атышат.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG