Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:26

А.Муратов: Телеканалдар жаштарды бузган СМСтер менен акча табууда


Телеканалдардагы адепсиз СМС жазышуулар боюнча телекөрүүчүлөрдүн бир тобу кайрылуу жасады.

Бул кайрылууга кол койгондордун бири, “Заман Кыргызстан” гезитинин редакторунун орун басары Абдыкерим Муратов бул боюнча суроолорго жооп берди.

“Азаттык”:
Кечээ Кыргызстандагы айрым телеканалдарга телекөрүүчүлөрдүн, ата-энелердин атынан кайрылуу жолдонгон экен. Анда телеберүүлөр менен удаа экранга адепке, маданиятка жатпаган СМС билдирүүлөр чыгып атканы айтылат. Сиз да ошол кайрылууга кол койгон экенсиз. Бул жерде тек гана ошол адепке жатпаган СМС билдирүүлөр, алардын редакцияланбай атканы тууралуу сөз болуп атат да?

Абдыкерим Муратов: Албетте, бул сыналгы экранынын этегиндеги жүгүртмө жазуулар бизде кийинки мезгилде пайда болгон көрүнүш. Негизинен ошол жазууларды жазууга болжолдуу айтканда биздин 14 жаштан 26 жашка чейинки жаштар, кыргыздар катышып атат да. Мен баягында бир жаздым эле, бу чөнтөк телефондоруң кыргыздардын экономикасына чоң сокку урганга барабар, элдин, улуттун маданиятына жана экономикасына таасирин тийгизүүчү көрүнүш экендигин. Мына ошонун бир көрүнүшүн азыр байкап атабыз.

Бул жерде биздин каршы болуп атканыбыз, СМС билдирүүлөрдүн өтө эле маданиятсыздыгы, элдин сабатын көтөрүүгө ушунчалык тескери таасирин тийгизип атканы болуп атат. Биздин ошол жаштардын абдан эле ыймандык кризиске кабылып калганын, алардын кыргыз орфографиясын, кыргыздын жазма маданиятын такыр билбей атканын көрсөтүп атабыз. Ошол эле СМС билдирүүлөрдү башка жаштар окуп алып, ошондон таасир алып атышат. Ал эми телеканалдарда СМС билдирүүлөрдү кабыл алгандар айтып коюшат, “биз уятсыз, маданиятсыз билдирүүлөрдү кабыл албайбыз” деп. Бирок тилекке каршы баягы “энеңдиден” башкасынын баары эле чыгып атат. Кээде уят сөздөрдү жазып туруп, ошонун баш тамгасын калтырып, ортосуна кош чекиттерди коюп туруп баягы маанини билдирип койгон учурлар көп. Жаштарды азгырган СМСтер көп болуп атат.

“Азаттык”: Албетте бул жерде эң оболу ата-эне катары жаш балдардын тарбиясына тынчсыздануу маселеси турат. Мисалы, сиздердин ачык кайрылуудан кийин кечээ да НБТ, “Манас Жаңырыгы” телеканалдарын карап отурдум. Чындап эле “спонсор издейм” же болбосо “спонсор болом, чалгыла”, “эркек эркекти издейт” деген сыяктуу СМС билдирүүлөр телеберүүлөр менен кошо, болгондо да прайм-тайм убактысында кетип атат. Эми ата-энелердин кайрылуусуна көңүл бурушат деп ишенесизби?

А.Муратов: Азыр бизде ушундай көрсөтүүлөрдү берип аткандар көбүнчө мамлекеттик эмес, негизи менчик, болгондо да чакан-чакан телеканалдар. Алар көбүнчө музыкалык берүүлөрдө, жаштарга ылайыкташкан берүүлөрдө ушундай СМСтерди кетирип атышат да. Эми мунун бир жаман жери ошол СМСтерди ким берип аткандарын таба албайт экенбиз. Баягы, көз көрбөсө ошол жактын баарын бөрү жесин дегендей кылып, тигилер жазыла тургандардын бардыгын жазып салышат экен.

Биринчиден, менин оюмча ушуга тыюу сала турган биринчи кезекте ошол телеканалдардын өздөрү. Албетте алар акча чыкчу жердин баарынан акча табышат, ошону акча үчүн жасап атышат. Бирок акчадан дагы чоң байлык бар экенин, бул элдин маданиятын, ыйманын сактап калуу экенин телеканалдардын жетекчилиги түшүнүшү керек. Мындан башка жолдор менен деле акча табышса болот. Мына быйыл өзгөчө шайлоо маалында жакшы эле акча табышты да. Ошондуктан ушундай нерселерден баш тартуулары керек.

Экинчиден, ата-энелер да балдарын көзөмөлдөшү керек. Алар карап турат да балдары эмне кылып атканын, эмне жазып атканын. Ата-энелер ошолордун бардыгын байкап, жаздырбай, көзөмөлдөп турса, балким экранга чыкканда өзүнүн баласы жазып атканын билип калса тыюу салышса болот эле. Бул эми үй-бүлөлүк бюджетке деле ашыкча чыгым, ал СМС билдирүүлөрдүн баалары да абдан кымбат экен. Ушуну балдарга жакшылап түшүндүрсөк.

Үчүнчүдөн, мектеп, коомчулук да катышып, ошол балдардын өздөрү деле ойлонуп, мындан пайда жок экенин түшүнсө болот эле. Албетте эми ал жерге жакшынакай СМСтерди деле жазышса болмок да. Андай болбой атпайбы. Ушул жактарын баарыбыз ойлонушубуз керек жакшылап.

“Азаттык”:
Рахмат.

XS
SM
MD
LG