Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:12

М. Бекешова: шайлоо өнөктүгүн чагылдырууда мыйзам бузуулар бар


Мэри Бекешова, “Журналисттер” коомдук бирикмесинин өкүлү.
Мэри Бекешова, “Журналисттер” коомдук бирикмесинин өкүлү.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин өкүлү Мэри Бекешова шайлоо өнөктүгүн чагылдырууда айрым массалык маалымат каражаттарында мыйзамга ылайык келбеген учурлар болуп жатканын билдирди.

- Мэри айым, сиздер жүргүзгөн иликтөөдө үгүт иштерин чагылдырууда кээ бир ММКларда мыйзам бузуулар болуп жатат деген жыйынтыктар чыккан экен. Кандай мыйзам бузуулар туурасында кеп болуп жатат?

- Негизинен мыйзам бузуулар катары жаңылыктардын түрмөгү менен кошо рекламалык материалдарды берилишин эсептесек болот. Жаңылык жаңылыктай эле болуш керек. Анда жарнамалык маанайдагы материалдар өзүнчө бөлүнүп, бул жарнамалык материалдар деп белгиленип коомчулукка сунуш кылынышы керек болчу. Биздеги көбүнчө электрондук маалымат каражаттары жаңылыктардын ичине эле ошол партиялардын үгүт материалдарын берип жатат. Бул түздөн-түз мыйзам бузуу деп эсептелинет.

- Шайлоо өнөктүгүн чагылдырууда эки-үч партия гана ММКда көбүрөөк чыгып жатканы да айрым адистер тарабынан айтылды. Буга себеп эмне болуп жатат?

- Эми эки-үч партия деп айтуудан алысмын. Менин оюмча жети-сегиз партия маалыматтык өнөктүккө активдүү катышып жатышат. Бирок башка партияга деле орун берүүгө биздин маалымат каражаттарынын мүмкүнчүлүгү бар. Ошол эле учурда партиялардын ММКлар менен иштешүүгө, керектүү акчасын төлөөгө партиялардын өздөрүнүн мүмкүнчүлүгү жоктой. Кимдин өз рекламасын бергенге кудурети болсо ошолорду коюп эле жатышат. Атайын бир партияга басым жасалып жатат дегенден алысмын.

- Ошол эле учурда айрым партиялар жөнүндө негативдүү, терс маалыматтар кетип жатат деген жыйынтыктар чыккан экен. Бул канчалык деңгээлде негиздүү?

- Албетте айрым партиялар тууралуу негативдүү маалыматтар кетип жатат. Кээ бир учурда ошол маалымат каражатынын партияга болгон мамилеси болуп жатса, кээ бир учурда ошол партия негативдүү бир нерсе жасап койсо ошол маалымат катары айтылып коюп жатат. Бирок көп учурда ошол маалымат каражатынын ошол партияга болгон мамилелелерин көрсөтүп коюп жатат. Атайын жаман жагын чукуп көрсөтүүгө аракет кылгандар көп эле болуп жатат. Өзгөчө мындай көрүнүш кыргыз гезиттеринде таамай байкалып жатат.

- Жалпы эле маассалык маалымат каражаттарын алганда Кыргызстандын аймактарына шайлоо жана партиялар жөнүндө маалымат жетиштүү берилип жатабы?

- Мониторингде бул нерсе каралды. Көбүнчө Бишкек шаарында маалыматтык кампания толук кандуу жүрүп жатат. Бирок региондорго анча жакшы жеткен жок. Региондук гезиттерди да мониторинг кылып жатабыз. Анчалык толук маалымат жок. Көп маалымат каражаттарын аккредитациядан өтпөй, шайлоо жараянына катышкан эмес. Себеби мыйзамды билбейт. Анча өнүккөн эмес маалымат каражаттары. Ошондон улам региондордо айрым гана гезиттер шайлоого катышып, калгандары катышпай эле. Аймактардагы эл көбүнчө теледен гана маалымат алып жатат. Ал эми гезиттен алууга мүмкүнчүлүгү жок болуп жатат.

- Айрым адистер чет өлкөдөгү ММКлар тарабынан да маалыматтык чабуул болуп жатат деген пикирлерин билдире башташты? Сиздмн баамыңызда, минтип айтууга негиз барбы?

- Албетте негиз бар. Себеби мен билип турам кайсы окуя тууралуу айтылып жатканын. Анткени Орусиянын маалымат каражаттары өздөрү өздөрүн билип эле башка өлкөлөрүндүн саясатына кийлигишпейт. Бул жерде атайын бир ошондой маалыматтык чабуул уюштурулган. Менин оюмча, бул жергиликтүү саясатчылар менен биргеликте жасалган.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG