Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:22

Өйүз-бүйүз курултай: бири-бирин уга алышар бекен?


2008-жылы Элдик курултайга Спорт сарайы берилген.
2008-жылы Элдик курултайга Спорт сарайы берилген.

Бийлик менен оппозициянын удаа боло турган курултайларында кандай маселелер талкууга алынары ушу тапта кызуу талаштарды жаратууда. Кош жыйынга келгендер бири-бирин аянбай сындап, чогулган ич күптүсүн чыгаруу менен эле чектелеби же өлкө тагдырынын өзгөчө маанилүү саясий-экономикалык маселелерин козгой алышабы?

Бул суроонун тегерегинде «Азаттыктын» бүгүнкү «Бетме-бет» талкуусунун катышуучулары: саясат таануучу Бекбосун Борбашев менен парламент депутаты, «Ак жол» фракциясынын мүчөсү Асанбек Байтиков ой жүгүртүшөт.

Курултайга куш келипсиз, сиздики - оңго

- Март айында эки курултай өткөнү турат. Оппозиция өкүлдөрү Ынтымак курултайына катышпастыгын билдиришти. Мындан келди эки жыйын өтөт турган болуп калды окшойт. Бекбосун мырза, ушу курултай институтуна чоң үмүт артыштын кажаты барбы?

Бекбосун Борбашев:
- Ата-бабадан келаткан мына ушул курултайды кыргыз демократиясынын күзгүсү деп айтар элем. Чоң казатка аттанар алдында Манас бабабыз курултай чакырган. Бул өзү көчмөндүк салтта көп кездешчү көрүнүш. Курултай саясий-укуктук маселелерди чечкен. Ар бир чөлкөмдүн, аймактын өзүнчө курултайлары болгон. Жалпы кыргыз курултайы, ошондой эле кыргыз-казак өкүлдөрүнүн курултайы өткөн. Мына биздин Конституциянын 23-беренесинде жазылып турат. Кыргызстан жарандары мамлекеттик маселелер, мамлекеттик органдардын иштери боюнча, жергиликтүү башка маселелер боюнча жыйын чакырууга укуктуу экендиктери көрсөтүлгөн. Ата-баба салты ошентип укуктук базасына ээ болгон.

- Асанбек мырза, Конституцияда Элдик курултай көрсөтүлгөн. Азыркы бийлик тарабынан чакырылып жаткан Ынтымак курултайы деген аталыш анда жок. Эмне үчүн андай аталып калды?

Асанбек Байтиков: - Сиз жана сөз башында оппозиция келеби-келбейби суроосун козгоп кеттиңиз. Кыргыз тарыхында мурда оппозиция деген болгон эмес. Курултайда акты-ак, караны-кара деп маселени жакшы чечип келишкен. Чакырылып жаткан курултайдын максаты деле жалпы элдин кызыкчылыгы, ынтымак, жер-жерлердеги көйгөй жана башка маселелерди козгоп, кеңешип чечип алуу. Бул ынтымакты көздөгөн иш.

Талаш чакырган тарифтер

- Бекбосун мырза, Элдик курлтайда социалдык-экономикалык маселелер, тарифтердин көтөрүлүшү, кирешелүү ишканалардын арзан баада сатылышы көтөрүлгөнү турат. “Түндүк электр”, “Кыргызтелеком” сындуу лөк ишканалардын сатылышын курултайга алып чыгып талкуулоонун кажаты барбы?

Бекбосун Борбашев: - Бар деп ойлойм. Азыркы экономикалык кризис учурунда, элдин жашоо-турмушу кыйла оор болуп турган чакта бул маселелерди карап чыкканга элдин толук укугу бар. Асанбек мырза айтып атпайбы, жер-жерден келген өкүлдөр ушу маселени көтөрөт деп. Мен да ошондой деп ойлойм. Азыркы кыш менен жаз алмаша албай турган үзүмчүлүк маалда мындай маселени талкуулап алыш актуалдуу маселе. Андан башка талкуулай турган маанилүү маселе деле жок. Ага башкаруучулар жооп бериши керек. Бийлик өзү деле элдин арыз-муңун угалы деп жатышпайбы. Оппозициянын 17-мартта өткөрчү курултайы да мыйзамга кайчы келбейт. Жарандар өздөрүнүн укугун пайдаланышы керектиги 23-беренеде ырасталган. Аларды да угуп көрүш керек. Азыркы экономикалык-социалдык абал бул курултайларда каралышы туура эле.


Эки жээктеги элдик жыйындар

- Асанбек мырза, 17-23-мартта өтүүчү эки курултай эки позициянын кагылышы болушу мүмкүн деген ой келип жатат. Бийлик тарап оппозицияны, оппозиция бийликти сындоо менен алектенип калышабы дейм. Эки жээкте туруп алып акыйнек айтышуунун зарылдыгы барбы?

Асанбек Байтиков:
- Ооруну убагында дарылабаса дарт күчөп кетет. Аны сөзсүз козгош зарыл. Тарифтердин көтөрүлүшү, “Түндүкэлектр”, “Кыргызтелекомдун” сатылышы жайында кеп кылсак. Эгер бул ишканалар убагында сатылбаса кийин алардын абалы кыйын болуп калмак. “Түндүкэлектрге” мурда кардар чыккан эмес, кызыккан эмес. Аны азыр сатып ийбесек эртеңки күнү мындай ишканалар жок болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан аны убагында сатыш зарыл болчу. Мен бул тармакта адис эмесмин, бирок жасалып жаткан иштер мамлекет кызыкчылыгы үчүн жасалып жатканына мен ишенем.

- Бекбосун мырза, Элдик курултайда Конституцияга киргизилчү өзгөрүүлөр, анын ичинде президент милдетин аткара албай калган чакта анын милдетин утурумдук аткаруучу кишини кимдер тандашы керек суроосу да талкууланат болуш керек. Ушу маселе курултайда чоң талкууну жаратышы мүмкүнбү?

Бекбосун Борбашев: - Президент сунуш кылган мына ушул маселе өтө актуалдуу маселе. Ал жөнүндө аркыл пикирлер айтылууда. Азыркы реформа Конституцияга 8-ирет киргизилип жаткан өзгөрүүлөрдү камтыйт. 16 жылда 8 жолу өзгөртүү киргизип койдук. Бул өтө опурталдуу иш. Экономикалык-саясий өнүгүүнүн мыкты жүрбөй, бийлик менен элдин, оппозициянын ортосундагы, кландар ортолук карама-каршылыктардын күчөп кетиши – мунун баары мына ушул Конституцияга улам-улам өзгөртүү киргизүүнүн натыйжасы. Ошон үчүн бул маселе курч коюлуп жатат.

- Мына ушул конституциялык маселелер Ынтымак курултайында да талкууланышы мүмкүнбү? Асанбек мырза, жер-жерлерден келген өкүлдөр аны козгошу мүмкүнбү? Элдин маанайын көрүп турасыздар. Мына жакында эле электр акысынын кымбатташына нааразы болгон нарындыктардын жыйыны өттү. Ушундай маселелер Ынтымак курултайында талкууга алынабы?

Асанбек Байтиков: - Кайсы маселе мамлекет үчүн жакшы нерселер алып келсе же кайсы маселелер оор болуп турса ал курултайда сөзсүз талкууланат. Аны тарыхтан деле билебиз. Эл тарабынан коюлган маселелер чечилип келген. Менимче, курч маселелердин баары талкууланат. Кайсы жерде нааразычылык болуп жатса ал жерден келген өкүлдөр аны козгошу керек. Айтылышы абзел. “Кеңешип кескен бармак оорубайт” деп коет эмеспи. Мен ага ишенем.

Кош чечим - ишенимге кирүүнүн эки түрдүү амалы

- Бекбосун мырза, эки курултайда эки башка маселелер талкууланабы, эгер талкуланса эки башка чечим кабыл алынабы? Эки курултайдын окшоштугу менен айырмачылыгы эмнеде?

Бекбосун Борбашев: - Эки курултайдын максаты бирдей эле. Ал – элдин ишенимине кирүү. Ошон үчүн экөө тең курултай чакырып жатышат. Бул жагынан экөөнүн максаты бипбирдей. Анткени саясий чыңалуу күчөп бараткан чакта бийлик да, оппозиция да элге кайрылышат. Башка убакта экөө тең элди унутуп калышат. Бирок чечүүчү кезде элге кайрылышат. Бул табигый көрүнүш. Карала турган маселе деле бирдей эле болот. Анткени Кыргызстандагы проблема деле бирдей. Ал социалдык-экономикалык абалдын начарлап кетиши. Айрыкча жаңы жылдан кийин тарифтердин өскөнү элдин нааразылыгын жаратууда. Экөө тең ошону карайт. Бирок ар кими өзүнө ыңгайлуу формада карайт. Элдин ишенимине кириш үчүн экөө тең аракет кылат. Бийлик оң жагын айтат, кризиске биротоло капталып калбас үчүн ушундай кадамдарга барышканын айтат. Оппозиция болсо анын терс жагын белгилейт. Ушул эки үндүн чыкканы жакшы. Аны эл өзү көрүп, угушу зарыл.

- Асанбек мырза, сиздер эл менен жолугушкан чакта тариф, “Түндүкэлектр”, “Кыргызтелекомдун” сатылышы козголобу? Ушу тапта жасалып жаткан иштерге элдин берген баасы кандай?

Асанбек Байтиков: - Өзү сынга алыш аябай оңой. Бул жасалбай жатат, тигил бүтпөй турат, көңүл бурулбай калды деп. Аны бирок жасаш кыйын. Анан жана сиз айтып жаткан объекттер сатылбаса, жарым жылбы, бир жыл, эки жыл, беш жылбы – сатылбаса жок болуп кетиши мүмкүн. “Түндүкэлектр”, жабдуулары мына отуз жыл ашып кетти, линиялары, жабдуулары кайрадан жаңыланган эмес. Аны сактап калыш үчүн жеке менчик ээси келиши керек. Аны сактап калбаса эртеңки тагдыры кыйын болуп калганы турат. Жоготуп алгандан кийин кайра салыш кыйын.

-Бекбосун мырза, мына ушyл социалдык маселелер элдин саясий активдүүлүгүн күчөтүп ийбейби?

Бекбосун Борбашев: - Күчөтүп иет. Анткени элди ошого түртүп атышат. Биздин башкаруучулар азыр капитализмдин “балалык оорусу” менен ооруп жатышат. Биз мындан 20 жыл мурун жеке менчик бүт баарына жооп берет, бүт баарынан куткарат, дегенбиз. Экономикалык кризис баарына эле жеке менчик жооп берет деш туура эместигин көрсөттү. Ири объекттерди жеке менчикке берип коюш коомдук кызыкчылыкка жооп бербейт. Мунун келечекке зыяны чоң. Анан да бул жерде кайсы бир топтордун, адамдардын жекече кызыкчылыгы бар. Муну биз кийин кайрадан карап чыкканга мажбур болобузбу деп ойлойм. Мени таң калтырганы - Конституцияны окубагандыгыбыз. Анда бардык суроолорго жооп турат.

- Асанбек мырза, социалдык маселелердин курчуп кетиши саясий активдүүлүккө алып келбейби?

Асанбек Байтиков: - Мурда ири ишканлар жеке колго сатылганда артында программасы, эмне иш кылары белгисиз калчу. Сатып алып, анан андагы жабдууларды сатып-тоноп, туйтунуш болгон. Бүгүн сатылып аткан ири ишканаларды алып аткандар программасын көрсөтүп, милдеттерин аткарууга макул болушат. Канча акча сарпташарын так көрсөтүшөт. Эгер ал талаптар аткарылбай калса мамлекет аны кайтарып ала алат.

- Бекбосун мырза, мамлекетке ошондой мүмкүнчүлүк мыйзам тартибинде берилгенби?

Бекбосун Борбашев: - Абдан чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Аны биз пайдалана албай жатпайбызбы. Буга чейин жеке колго өткөн бир да объекттин кайтарылганын көрө элекпиз. Ондогон, жүздөгөн бала бакчалар сатылып кетти, кана ошонун бирөөсүнүн кайтарылганы. Мен ири ишканаларды айтпай эле коеюн. Ошондой план, программалар бар дейбиз. Анын ишке ашканын көрө элекпиз. Ал кагаз жүзүндө гана калат. Илгери ошондой программа менен коммунизм курмай болгонбуз. Жыйынтыгы кандай болгонун айтпай эле коеюн. Жеке менчик ээсинин өзүнүн кызыкчылыгы бар. Ал мүлкүн эч качан кайтарып бербейт.

- Мырзалар, ишиңиздерге ийгилик, ден соолук каалайм!

XS
SM
MD
LG