Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Нарындан ээнбаш даабатчыларды айдап чыгышты


Нарын шаарынын бийликтери уруксатсыз даабат кылып жүргөн сегиз даабатчыны кармап, кайра келген жолуна салышты

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгы биргеликте быйылкы жылдын 10-февралында «Даабат иштерин жүргүзүү» жөнүндө жобо кабыл алышкан.

Бирок жер-жерлерде ал жобо аткарылбай, дале негизсиз даабатчылык кылгандар кездешүүдө. Нарын шаарынын прокурорунун ага жардамчысы Темир Мырзалымбековдун маалыматы боюнча ошондой уруксатыз жүргөн сегиз даабатчы жакында шаардан чыгарылды.

Нарын облустук мусулмандар башкармалыгынын казысы Таалай Жакыпов ошол даабатчылар арасында Тажикстандан келген жаран дагы бар экендигин айтты.

-Келген жамааттын кемчилиги - Тажикистандын тургуну өзүнүн Тажикстандын паспорту менен кошулуп алган. Экинчиси токтогулдук жигит экен, паспортту албай, анан муфтияттан берилген уруксаат кагаздагы тизмеге да кирбей ээрчип жүргөн да. Ошону айып кармап чыгарып ийген да.

Жергиликтүү диний кызматкер Азатбек Оруналиевдин баамында даабатчылыктын негизги максаты бул жакшылыкка чакыруу:

-Даават деген өзү жеткирүү. Аллахты, динди, пайгамбарды жеткирүү. Ошол себептен чогулуп биргеликте элибизге кызмат кылуу максатыбыз. Жамандыктан кайтып жакшылыкка чакыруу.

Нарын райондук кеңешинин депутаты Ыбрайым уулу Жанышбек болсо даабатчылыкты учурдагы туура иш катары баалайт:

-Менин көз карашым боюнча туура эле нерсе деп ойлойм. Себеп дегенде азыр элдин арасында кайдыгерчилик, аракечтик, тартипсиздик, бири-бирине баш ийбестик күчөп баратат.

Мындай жүйөөгө Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Белеков анча кошулбайт.

-Даабатчыларга туура эмес адамдар дагы кошулуп алып жатышат. Кийген кийимдери, жүргөн көрүнүштөрү элге тескери таасир берген учурлар бар.

Нарын шаар мэринин орун басары Чынара Абдраимакунованын айтымында даабатчылык боюнча катуу тартип киргизилип жатат.

Айтмакчы, шаарда негизсиз даабатчылык кылгандарга жол бербөө үчүн облустук казыга прокурордук талап да берилген.

XS
SM
MD
LG