Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:00

Болот Жанузаковду эмне үчүн сабашты?


Болот Жанузаков, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы.
Болот Жанузаков, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы.

Кыргыз саясатчыларынын бири, өлкөнүн Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысы, “Кут” партиясынын жетекчиси Болот Жанузаковду белгисиз бирөөлөр 9-декабрда кечки саат 8ден өткөндө сабап кетишти. Оор жаракат алган 61 жаштагы саясатчы учурда ооруканада.

Маскөөдө бозгунда жүргөн мурдагы президент Аскар Акаев шаршемби күнү кечинде интернет аркылуу саясий билдирүү таркатып, өзүнүн мурдагы ынтымакташына каршы кол салууну кескин айыптады жана азыркы Кыргыз бийлигин тез арада кылмышкерлерди таап, жазалоого чакырды.

Окуянын чоо-жайын Болот Жанузаковдун жубайы Жумагүл айым бүгүн таңга маал "Азаттыкка" айтып берди.

- Бизге келген маалыматка караганда, жаман окуя, кырсык болгон окшойт, өзүңүз айтып бересизби эмне болгонун.

- Күйөөм иштен келатып, подьездге киргенде эле бирөөлөр уруп жибериптир, өзү да билбейт.

- Бул тогузунчу декабрда, кеч курун Бишкекте болду ээ?

- Ооба, кечээ тогузунда болду.

- Болжол менен канча киши, эмне себептен ургандыгы жөнүндө эч нерсе азырынча белгисизби?

-Белгисиз, ал кишинин бирөө менен өчөшкөн деле эч нерсеси жок эле.

- Азыр жолдошуңуз кайсы жерде, үйдөбү?

- Жок, ооруканада.

- Кайсы доктурда болду экен?

- Төртүнчү ооруканада.

- Азыр эсине келдиби, акыбалы кандай?

- Шок абалында.

- Бизге келген маалымат боюнча, аны сабап кетишиптир дегендей айтышты бирдеме менен чааптырбы?

- Ооба, чаап бутун сындырыптыр, бети-башында тамтык жок.

- Канча киши кол салды экен?

- Болжолдо экөө болуш керек дейт.

- Бул кечинде саат канчада болду?

- Сегизден он жети өткөндө уулум "тез жардам чакырдым" деди. Ошого караганда сегизден он мүнөт өткөндө болсо керек. Уулум машина менен таштап коюп эле өзү машинаны койгону кетпейби, Болот кирип келе атканда эле атайын күтүп турган болушу керек.

- Болжол менен канча жаштагылар, улуту кимдер экени белгисизби?

- Аны билбейм дейт, ал байкаган жок да бирөө урат деп. Кирип келгенде эле чаап жиберсе байкабайт да ким экенин.

- Ооруканага саат канчада жеткирилди?

- "Тез жардам" келди, анан милициялар келди. Саат ондордо ооруканага барып калдык. "Тез жардам" бир сааттан кийин келди го.

- Иликтөө жүргүзөбүз деп милициядан кандайдыр бир билдирүү айтыштыбы?

- Эми көп киши келишти баары эле карайбыз деп атты. Билбейм эми, караганда табышабы-таппайбы?.. Качып деле кетип калышты го.

- Сиздердин болжолуңуздарда бул кандайдыр бир саясий буйрутма сыяктуу кол салуубу же ээн баштар деп ойлойсузбу?

- Ээн баштар болсо тоноп кетмек да, тонолгон эч нерсеси жок, баары чөнтөгүндө. Мен ойлойм, ушу саясий жагы болуш керек.

- Кайсы жумушунан келе жатты эле?

- Кытай маданий борборун ачып, ошол жерде иштеп атчу, пенсияда болчу да. Саат сегизге чейин ошол жерде болот да күнүгө, саат сегиз он-он беште келип калат үйгө.

- Ооруканада өзүңүз да болдуңузбу?

- Ооба, азыр уулумду таштап келдим.

- Өтө интенсивдүү дарылаган жайындабы же берки жалпы жайындабы?

- Жалпы жайында. Кечинде бардык да, эртең жакшылап карайбыз дешти. Биринчи жардам - гипс салышыптыр.

- Демек буту-колун тепкилешкен го?

- Менимче, бирөөсү бутка тээп, бирөөсү бетке урганбы, билбейм... Бычак менен урган го, бети кесилген да...

- Анан уулуңуз келгиче качып кетишкен да, ээ?..

- Тарс-тарс урду да, кетип калды да. Анткени уулум беш мүнөттө эле келип калат да. Унаа койгон жай деле жаныбызда, ашып кетсе беш-алты мүнөттө машинасын койуп эле келип подьездде жатканын көрүп, алып келбедиби.

- Жаман болуптур, кырсыктар ушу менен кетсин, эми баары жакшы болсун эжеке.

- Ыракмат! Бирок коркуп атабыз, кичинекей балдарым бар, неберелерим бар... Мектепке барыш керек.

- Өзүңүз иштеп атасызбы, же үйдөсүзбү?

- Пенсиядамын.

- Агайдын жанында да кайтарып, сакчы сыяктуу бирөө калдыбы?

- Уулум калды, эртеңден баштап кезектешебиз.

- Буга чейин коркуткан-үркүткөн сыяктуу кандайдыр бир нерселер болду беле?

- Эч нерсе болгон эмес, баягы төңкөрүштө деле Болот көчөдө өзү эле жүрчү. Коркпойсуңбу десек, “эмнеден коркмок элем, эч кимге тийбесем” деп. Кечинде деле жүрө берчү коркпой эле.

- Саясий ишмердүүлүк менен деле алектенген жок да акыркы айларда?

- Жок, анысын да билбейм эми кимге жакпай калаганын. Өзү деле бирөөнүн артынан түшпөгөн, бирөөгө жаман айтпаган киши да. Билбей калдык эмне болгонун.

- Бийликтин өкүлдөрү жана милициялар кандайдыр бир иш ачып, ошол сабап кеткендерди иликтейбиз дегендей убада айттыбы сиздерге?

- Көп келишти, ким келгенин деле байкабадым. Болот милицияда да иштебеди беле. Ошол маалда Болот үйдө болчу да. Анын эмне кылып атканын эми өздөрү билишет го.

- Ыракмат, окуянын чоо-жайын айтып бергениңизге, эми жакшылыктар болсун.

XS
SM
MD
LG