Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:44

Кыргызстан өлүм жазасына кайра кайтабы?


Өлүм жазасына кесилгендер кармалчу Бишкектеги абак.
Өлүм жазасына кесилгендер кармалчу Бишкектеги абак.

Кыргызстанда өлүм жазасын кайра киргизүү сунуштары Коопсуздук кеңештин өткөн айдагы бир жыйынында айтылып, ошондон бери коомчулукта бул маселе кызуу талкууланууда.

Кыргызстанда өлүм жазасын калыбына келтирүү боюнча сунуштар Коопсуздук кеңешинин 23-сентябрындагы жыйынында айтылган эле. Бирок ошол эле учурда күч тармактарынын бир топ өкүлдөрү Баш мыйзамга таянып, өлүм жазасы калыбына келтирилбейт деп кесе айтышууда.

Алардын бири Юстиция министрлигинин Жазык аткаруу башкы башкармалыгынын башчысы, юстициянын полковниги Айбек Турганбаев Баш мыйзамдын кепили болгон президент Курманбек Бакиев өлүм жазасын кийирүүнү колдобойт деген пикирде:

-Урматтуу президентибиз Курманбек Бакиев жалпы референдум аркылуу кабыл алган Баш мыйзамга кол коер алдында: “ Ата-бабаларыбыздын биримдикте, тынчтыкта, жана ынтымакта жашоосу жөнүндөгү айткан осуятын туу тутуп, ушул Баш мыйзамды кабыл алабыз жана ошого кол коебуз” деген. Анан өлүм жазасын жокко чыгаруу демилгеси президент Курманбек Бакиевге таандык. Ошол кишинин демилгеси менен Кыргыз Республикасында ар бир адам ажырагыс жашоо укугуна ээ, Эч кимдин өмүрү кыйылышы мүмкүн эмес деп, президентибиздин демилгеси менен 14-беренеге киргизилген. Ошондон улам президент кабыл алып, кол койгон Баш мыйзамдагы укуктарынан кайтпайт деп ойлойм. Мыйзам аткарылуусу менен мыйзам да. Ал кагаз жүзүндө жазылган бир, отчет сыяктуу болуп калбаш керек деп эсептейм.

Арийне Коопсуздук кеңештин катчысы Адахан Мадумаровдун жеке пикири расмий билдирүү катары кабыл алынып, ага УКМКнын жетекчиси Мурат Суталиновдун жыйында бул маселени өлкөдө тартипти орнотуунун бир чарасы катары карап жатышын туура көрбөгөн талдоочулар, кылмыштуулук өлүм жазасын киргизүү менен азаят деген пикирди четке кагышууда.
Өлүм жазасына кесилгендер кармалчу абак, Бишкек.

Өлүм жазасын колдонуу же колдонбоо тууралуу Кыргызстан бери дегенде он жылга тете мыйзам күчүн токтотуп келген. Бул аралык мурдагы президент Аскар Акаевдин мезгилине туш келет. Ал эми учурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлик жүргүзүү убагындагы урунттуу окуялардын бири - ушул Кылмыш-жаза кодексинен өлүм жазасын алып салуусу эл аралык адам укуктарынын отчетторунда айтылуу.

Анткени, Кыргызстан өлүм жазасын алып салуусу менен адам укуктарынын эл аралык нормаларына шайкеш келгендиги менен аброй алгандыгы маалымдалууда. Бул тууралуу жергиликтүү укук коргоочулар, тартип коргоо боюнча айрым расмий бийлик өкүлдөрүнүн айтымында: “Өз элин сүйгөн мамлекет, жан алгычтарды туурап, алардын кылмыштарын кайталап, өз атуулдарын атпайт. Өлүм жазасы өмүр бою түрмөдө отуруу жазасы менен алмаштырылганы, бул өлтүрүү жазадан да жогору турат дешет.

Өлүм жазасына кириптер болгон жаран Рахматулла Туранов аттуу жаран да мындай пикирди бөркүндөй кабыл аларын айтат:
Өлүм жазасына кесилген Рахматулла Туранов

- Өлүм жазасын калыбына келтирүүгө каршымын. Мен баары үчүн айталбайм. Өзүмдүн тагдырымды алсам, жөн жеринен камакка алынган мен сыяктуу адамдар көп деп билем. Мен өзүмдү эч кандай кылмышка тиешем жок деп эсептейм. Азыр буюртма жол менен адам өлтүрүү кылмышына тартуу Кыргызстанда өнөкөт болуп калды. Кантсе да акыйкаттык болорунан үмүтүм бар. Мени “бирөөнү өлтүрүүгө буйрук бергенсиң” деген күнөө менен соттошту. Тергөөнүн мындай жасалма иштери сотто ачыкка чыгат деген оюм ордунан чыкпады. Коррупция деген ушундай болот экен. Өлүм жазасына кеткендердин бир катары ушундай, буйрутма жол менен адам өлтүргөн деп соттолгондор. Сот адилеттиги орнобогон жерде өлүм жазасы колдонулса, 37-38- жылдардагы репрессияны кайталап калган болот. Албетте адам канына забын болгон кылмышкерлер жок деп айтуудан караманча алысмын. Кылмышкерлердин колунан өлгөндөрдүн жакын туугандарын түшүнсө болот. Алар үчүн адам өлтүргөн кылмышкер да өлүш керек. Кайгынын ачуусу ушундай деп кыйкырат. Тилекке каршы андай оор кылмыштарды жасагандар түрмөгө дуушар боло беришпейт.

Айрым талдоочулар да өлүм жазасын алып салуунун бир себеби ушул соттун адилеттигине болгон ишенимсиздик деп билишет. Анткени коррупцияланган мамлекетте соттор айрым соттук иште мыйзамдын жолу менен эмес, паранын күчү менен чечим чыгарган фактылар буга далил болот.

- Алыска барбай оппозициялык маанайдагы белгилүү саясатчылар Феликс Кулов менен Топчубек Тургуналиевдерди мисал кылсак жетиштүү болот. Булар кылмышкер катары камакка алынып, алды он алты, арты он жылга чейин түрмө жазасына кесилишкен болчу. Ошондой жазага кириптер кылган соттор, бийлик алмашууну шылтоолоп, аларды актаган чечим чыгарышпадыбы. Айтайын дегенибиз, соттор күн чыккан жактын “күкүгү” болуп дегендей, саясый чечимдерди да кынтыксыз аткарганга “жазылбаган мыйзамды” жазбай аткарганга куп жөндөмдүү - дейт атын атагысы келбеген бир окумуштуу.

Өлүм жазасына кесилген милициянын полковниги Таалай Бейшембиев болсо мындай дейт:
Өлүм жазасына кесилген Таалай Бейшембиев "Азаттыктын" кабарчысы Жаркын Суран кызы менен

- Мен адам өлтүрүүгө буюртма берген деген күнөө менен өлүм жазасына кесилишимди Кыргызстандагы кылмыштуулуктун чоо-жайы тууралуу эксперттик талдоо жүргүзүп, аны эл аралык адам укуктары боюнча чыккан бир китепке бастырганымдан көрөм. Азыр түрмөдө ошол эмгегимди жазып жатам. Буюртма өлүм жазага кеткендердин жертөөлөсүндө жатып, илим жактайм деген ниетим бар. Кыргызстандагы кылмыштуулуктун өңүтү менин көз карашымда баратат. Муну чиновниктер билсе да билмексен.

“Кыргызстан адам укуктарынын жалпы Декларациясын урматтаган, ага баш ийген өлкө жана демократиянын баалуулуктарын сактоого умтулат жана адам укуктары боюнча дүйнөлүк камкордуктардын идеяларына берилген бойдон калат, мындан ары да адам укуктарынын жалпы декларациясынын принциптерин сактоону улантат” - делгени менен айрым расмий бийликтердин өлүм жазага кайтууну туура көрүүдө

Маселен, Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Мурат Суталинов коопсуздукту сактоонун бир аргасы катары өлүм жазасын кайра калыбына келтирүү керектигин туура көрөм деген пикирде.

Өлүм жазаны калыбына келтирүү боюнча мындай пикирлерге айрым депутаттар каршы болсо, Коммунисттер фракциясынын депутаты Анаш Сейитказиев өлүм жазасын калыбына келтирүү үчүн учурда мурдагы мыйзамдын кем-кемтигин түздөө аракети көрүлүп жатыптыр. Бирок коопсуздук кеңештин катчысы Адахан Мадумаровдун өлүм жазаны кийирүү аракети жакшы жышаан эмес дейт атын атагысы келбеген бир талдоочу. Мадумаров мырзанын айтымында, өлүм жазасына кесилгендерди мамлекеттин багып отуруусу туура эмес дегендей мамиледе.

Ошентип, өлүм жазасын киргизүү маселесинин чечилиши барып эле өлкө башчы Курманбек Бакиевдин колдоосу же колдобоосунда калды. Айрымдар бул маселени көтөрүп жаткандар балким президент менен сүйлөшүп алып анан козгоп жатышса керек дешүүдө. Кантсе да президент Курманбек Бакиев өзү башкарып турган өлкөнүн ар бир атуулунун өмүрүнө этият карап, мыйзамдын аткарылуусуна жетишүү аракетин көрөт деген окчун ойлор да арбын.

Маалымат үчүн айтып коючу нерсе, Эл аралык мунапыс уюмунун өлүм жазасы боюнча докладында дүйнө өлкөлөрүндө эң жогорку жазага тартылгандардын катары мурдагы жылдарга салыштырганда бир топ өскөнү айтылат. 2007-жылы дүйнөнүн 52 өлкөсүндө бул жазага өкүм кылынгандардын саны бери эле дегенде 8864 адамга жеткен. 2008-жылы 25 өлкөдө 2390 адамга чыгарылган өлүм өкүмү аткарылган. Жазалардын ичинен эң жогорку жаза деп эсептелинген өлүм жазасы дүйнөнүн 138 өлкөсүндө мыйзамдардан алынган же аткарылышына мароторий берген. Анын сабына Кыргызстан да кирет.

XS
SM
MD
LG