Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:44

21-февраль: Тарых барактары


АКШ президенти Ричард Никсон менен ырчы Элвис Пресли, 21-декабрь,1970-жыл
АКШ президенти Ричард Никсон менен ырчы Элвис Пресли, 21-декабрь,1970-жыл

Атактуу академик Василий Владимирович Бартолддун 1927-жылы жарык көргөн «Киргизы. Исторический очерк» аттуу эмгеги коомчулук арасында ар түрдүү пикир жараткан. Кыргыз интеллигенциясы акыры келип өзүнүн тарыхына жеткенине жетине албай ыраазы болсо, айрым сынчылар 1928-жылдын бул күндөрү чыгармага каршы көз караштарын билдиришкен.

Алардын пикирине караганда, илимий чыгарма татаал тилде жазылып, 57 барактык китептин 1 рубль 25 тыйындын баасы китеп күйөрмандары үчүн абдан кымбат болгон.

Түркстан коммунисттик партиясынын I Жетисуу съезди 1919-жылдын 22-февралында ишин баштаган.

КПССтин XX съезди 1956-жылдын бул күнү ишин улантып, анда КПСС Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Н.С.Хрущевдун «Жеке адамга сыйынуу жана анын кесепети» аталган билдирүүсү угулган. Партия съездинде союздук саясий жана экономикалык маселелер талкууланып, Кыргызстан үчүн тарыхый маанилүү иштин ажааты ачылган. Партиялык көсөтмөгө ылайык Кыргызстандын борбору Фрунзе шаарында кубаттуу ТЭЦ куруу маселеси талкууланып, ал оң чечилген жана аны куруу үчүн камылга иштерин көрүүгө көрсөтмө берилген.

ЮНЕСКО эл аралык уюму 1999-жылы 21-февралды эне тилдин эл аралык майрам күнү катары белгилеген. ЮНЕСКО уюмунун иликтөөсүнө караганда дүйнөдө 6500 тил колдонулуп, алардын көпчүлүгү жоголуу чегине жеткен.

Ааламдагы глобалдашуунун арааны арткан сайын, майда тилдер, аны менен бирге нечендеген маданият өрнөктөрү жоюла баштаганы малым. Эл аралык изилдөөлөр көрсөткөндөй кыргыз тили да майда тилдердин катарына кирет. Демек жоголуу коркунучу кыргыз тили үчүн да жаралган жана ага каршы алдын ала чаралар көрүлүп, өлкөдө эне тилди мыйзам алкагында коргоо, майрамдык белгилөө сыяктуу иштер жасалып келет.

Парламент спикери Өмүрбек Текебаевдин өз эрки менен кызматтан кетүүнү сураган арызына ылайык жүргүзүлгөн Жогорку Кеңештеги добуш берүү жыйынтыгы, бир күн өтпөй шек туудуруларды жаратты. Парламенттин 2006-жылдын 21-февраль күнкү жыйынында депутат Зияддин Жамалдинов добуш берүүгө ашыкча бюллетень колдонулгандыктан анын жыйынтыгы туура эмес натыйжа бергендигин белгиледи. Маселенин чоо-жайын териштирүүгө бир жумалык мөөнөт бөлүнүп, аны аткаруу милдети кайрадан эсептөө комиссиясына жүктөлдү.

Земск собору 1613-жылдын 21-февралында падышалык такка Михаил Федорович Романовду отургузган. Ошентип Орусия мамлекетинде Романовдордун династиясы орногон. Орусиянын тарыхында Михаил Федорович Романовдун падышалык башкаруусунун баштапкы жылдары өлкөдөгү абал айрыкча оор болгон. Мамлекеттин казынасы бошоп, өлкөнүн ар кайсы аймагында казак орустары менен поляк бандалары козголоң чыгарып турушкан. Астраханда Заруцкий менен Марина Мнишектер, Смоленскиде поляктар, Новгородду шведдер ээлешип, алар мамлекеттик саясат жана бийлик менен эсептешкен эмес.

Орусиянын чечимине ылайык Ахтияр порту 1784-жылдын 21-февралында Севастопол болуп өзгөртүлгөн.

Санкт-Петербургдагы Императордук универститет 1819-жылдын 21-февралында негизделген.

М. И. Глинканын «Падышанын өмүрү үчүн» («Иван Сусанин») аттуу операсынын бет ачары 1837-жылдын 21-февралында Чоң театрда өткөрүлгөн.

Москвадагы Мамлекеттик (Императордук) Тарых музейи 1872-жылдын 21-февралында ачылган.

Дүйнөдөгү бийик эстелик эсептелген Жорж Вашингтондун эстелиги 1885-жылдын 21-февраль күнү Вашингтон шаарында ачылган.

Верден операциясы 1916-жылдын 21-февралында башталган. Немис аскерлеринин чабуулунан чыккан салгылаш «эт туурагыч» аталып, Германия 600 миң, Франция 358 миң чамалуу жоокерин жоготкон.

Советтер Союзунун Элдик Комиссарлар Кеңеши 1918-жылдын 21-февралында «Социалисттик мекенибиз коркунучта!» деген калкка кайрылуу кабыл алган. Чакырык совет өлкөсүнө башталган тышкы интервенцияга каршы элди көтөрүү максатын көздөгөн.

ВСНХ Президиуму 1920-жылдын 21-февралында Совет өлкөсүн электрификациялоо боюнча Мамлекеттик комиссия (ГОЭЛРО) курган.

ВКП (б) Борбордук Комитети «Эмгек тартибин жогорулатуу туурасындагы» катты 1929-жылдын 21-февралында бардык партиялык уюмдарга жолдогон.

Советтер Союзундагы биринчи Эл аралык кинофестиваль 1935-жылдын 21-февралында Москва шаарында ишин баштаган.

Фидел Кастро Рус 1960-жылдын 21-февралында Кубадагы бардык өнөр жайларды улутташтырган.

АКШ президенти Ричард Никсон Кытай Элдик Республикасы менен мамиле куруу максатында 1972-жылдын 21-февраль күнү Бээжинге сапар менен келген.

Кошмо Штаттардын мурдагы президенти Ричард Никсондун жардамчылары Г .Р. Холдеман, Жон Д. Эрлихман жана Жон Н. Мичеллдин «Уотергейт чатагындагы» күнөөсү аныкталып, 1975-жылдын 21-февралында 2,5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратылган.
XS
SM
MD
LG