Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:48

22-февраль: Тарых барактары


Кыргызстандагы 2005-жылкы Жогорку Кеңешке шайлоо өнөктүгү чоң казаттын башы сыяктуу коогалаң менен башталган.
Кыргызстандагы 2005-жылкы Жогорку Кеңешке шайлоо өнөктүгү чоң казаттын башы сыяктуу коогалаң менен башталган.

2005-жылкы Жогорку Кеңешке шайлоо өнөктүгү нааразылыктар менен коштолуп, ар күнү өлкөнүн булуң-бурчтарынан фронттук билдирүүдөй - митинг, демонстрациялар, басып алуулар, жолду бууду,-деген кабарлар түшүп жатты. Мына ушундай коогалаң 2005-жылдын 22-февралында Тоң районунун Бөкөнбаев айлында башталган.

СССР эл чарбасынынын өнүгүшүн жалпы мамлекеттик планга салып, анын аткарылышын көзөмөлдөй турган союздук - республикалык Мамлекеттик пландоо комитети 1921-жылдын 22-февралында уюшулган. Мамлекеттик пландоо комитети РСФСР Элдик комиссарлар Кеңешинин декретине ылайык курулуп, комитет союздук экономиканы планга ылайык өнүгүүгө ыгайлаштырган. Аталган комитеттин ишмердигине жараша өндүрүш күчтөрүнүн өнүгүшү жана өнөр жайларынын орун алышы, интеграциялык мамиле сыяктуу мааанилүү экономикалык маселелер чечилген. Мамлекеттик пландоо комитетинде - А. Д. Кржижановский, В. В. Куйбышев, А. Н. Косыгин сыяктуу көрүнүктүү коомдук ишмерлер эмгектенген.

Инсан өнүгүүсү, коомдук аракет жана жакырчылыкты жоюга арналган форум 2003-жылдын 22-февралында Бишкек шаарында өткөрүлгөн. Форумда сүйлөгөн мамлекет башчысы Аскар Акаев Кыргызстанда жакырчылык 10% кыскаргандыгын, тактап айтканда 300 миң адам жакырчылыктан кутулгандыгын белгилеген. Анын айтымында, 2002-жылы 75 миң үй-бүлөгө 1 миллиард 100 миллион сомдук чакан кредит берилген. Форумга бийлик бутактары, бейөкмөт уюмдардын жана улуттук биримдиктердин өкүлдөрү катышып, өткөн жылы белгиленген өнүгүү багыт планына жана анын аткарылыш өңүтүнө баа берилген.

Кыргызстандагы 2005-жылкы Жогорку Кеңешке шайлоо өнөктүгү чоң казаттын башы сыяктуу коогалаң менен башталган. Ар күнү өлкөнүн булуң-бурчтарынан фронттук билдирүүдөй - митинг, демонстрациялар, басып алуулар, жолду бууду,-деген кабарлар түшүп жатты. Мына ушундай коогалаң 2005-жылдын 22-февралында Тоң районунун Бөкөнбаев айлында башталган. Тоң № 75 шайлоо округунан талапкердигин койгон Арслан Малиевдин шайлоо өнөктүгүнөн четтетилишине нааразы болгон беш жүз чамалуу адам стихиялуу митинг өткөрүшкөн.

Ушул эле күнү № 71 шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Садыр Жапаровдун эки миң чамалуу жактоочусу Түп-Каракол, Каракол-Бишкек автожолун тосуп, көчөнүн так ортосуна чатыр тигишкен.

Кочкор райондук сотунун 2005-жылдын 22-февралындагы Бейшенбек Болотбеков менен Акылбек Жапаровдун шайлоо өнөктүгүнөн четтетилишине нааразы болгон он миң чамалуу адам Кочкор-Бишкек жолун тосуп, кан жол боюна боз үй жана чатырларды тигип алышкан.

Бишкек шаарында орун алган күнкорсуз Басма үйүнө берилчү электр кубаты 2005-жылдын 22-февралында токтотулуп, Басма үйдөн чыгарылчу оппозициялык маанайдагы басылмалар чыкпай калган.

Петербургдагы Аптекарь огороду (азыркы «В. Л. Комаров атындагы» Россия Илим Академиясынын Ботаникалык институтуна караштуу Ботаникалык бак) 1714-жылдын 22-феварлында ачылган.

Пётр I 1724-жылдын 22-феварль күнкү Жардыгына жараша Петербург шаарындагы көчөлөр менен каналдардын туурасы белгиленген.

Екатерина II 1786-жылдын 22-феварлында анын адресине жазылган жазууларга «кул» сөзүнүн ордуна «ыклас баш ийген» сөзүн колдонууга буйрук берген.

Испания Флориданы 1819-жылдын 22-феварлында Америка Кошмо Штаттарына 5 миллион долларга саткан.

Июль айында Франциядагы монархияны кулаткан Париждеги буржуазиялык-демократиялык революция 1848-жылдын 22-февраль күнү башталган.

Россия менен Улуу Британия 1825-жылдын 22-февралында Аляска менен Канада ортосундагы чек араны тактоого киришишкен.

Россия менен Персия ортосундагы Түркманчай тынчтык келишимине 1828-жылдын 22-февралында кол коюлган. Түркманчай тынчтык келишимине ылайык Россияга Кавказ боюндагы стратегиялык маанилүү аймактар, анын ичинде Эриван жана Нахичеван хандыктары кошулуп, Персия Россияга согуш контрибуциясын төлөөгө жана орус кемелеринин Каспийде эркин сүзүшүнө макулдугун берген. Түркманчай тынчтык келишими Ирандын мамлекеттик сезимине доо кетирген жарашуу эсептелинет. Келишимден кийин басмырланган ирандыктар акыры ачуусун Россиянын Персиядагы элчиси, жазуучу Александр Сергеевич Грибоедевден чыгарышкан.

Мариинск театрынын дирижерлор менен капельмейстерлер комитети 1871-жылдын 22-февралында Модест Петрович Мусоргскийдин «Борис Годунов» операсын коюдан баш тартышкан.

П. И. Чайковскийдин IV симфониясы 1878-жылдын 22-февралында биринчи жолу Москва шаарында коюлган.

Своеттер Союзунун Жогорку Кеңеш Президиумунун 1948-жылдын 22-февраль күнкү жардыгы менен «Советтик Армия менен Флотко 30 жыл» медалы кабыл алынган.

Батыш Антарктиданын жээгине 1968-жылдын 22-февраль күнү биринчи советтик «Беллинсгаузен» полярдык станциясы ачылган.

«Аврора» крейсери 1968-жылдын 22-февралында «Октябрь Революциясы» ордени менен сыйланган.

Украина мамлекети 2000-жылдын 22-февралында өлүм жазасына тыюу салган.
XS
SM
MD
LG