Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Ажыга барчулар адегенде эмдөөдөн өтөт


Кыргызстандын муфтияты быйыл ажыга бара турган мусулмандар сапар алдында эмдөөдөн өтүп, чочко тумоосун алдын алышат деп билдирүүдө.

Кыргызстандан быйыл ажыга 4500 мусулман барары күтүлүүдө. Өлкөнүн муфтийи Муратаалы ажы Жумановдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда быйыл ажылыкка бара турган мусулмандар сапар алдында медициналык кароодон, эмдөөлөрдөн өтүп, чочко тумоосунун алдын алышат.

Эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаментинин бөлүм башчысы Зуридин Нурматовдун айтымында кыргызстандык мусулмандарды чочко илдети күчөп турган азыркы шартта ажылык сапарга барууга Cаламаттык сактоо министрлиги эч кандай тыюу сала албайт.

Тескерисинче муфтият менен биргелешип ажылыкка барууну каалаган мусулмандар менен Меке, Мединага медициналык кызматкерлер дагы барып, жарандардын ден соолугун көзөмөлгө алып, кеп-кенештерин берип турат:

-Чочко тумоосу негизинен чочколордо кездешүүчү А тибиндеги сасык тумоо вирусун пайда кылган дем алуу оорусу катары билинет жана бул оору ылдам жайылып бара жатат. Оорунун белгилери жана башталышы сасык тумоого окшош. Бирок чочко тумоосу чочко, адам жана куштарга да жуга турган тумоо болуп эсептелет.

Дин иштери боюнча мамлекетик агентиктин жетекчиси Каныбек Осмоналиев да быйыл ажылыкка баруучу мусулмандар Сауд Арабиясынан чочко тумоосун жуктуруп алышынан кооптонуп турганганын жашырган жок. Себеби Сауд Арабия өлкөсүндө жүз элүүгө жакын адам чочко тумоосу менен ооруганы катталган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда дүйнө жүзү боюнча мындай илдет менен 202 миң адамдын ооруганы расмий катталган. 1550 адамдын өлүмүнө чочко тумоосу себепкер болгон. Кыргызстанда азыркы мезгилге карай чочко тумоосу расмий каттала элек.

Дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүн кооптондуруп жаткан бул чокчо тумоосу илдеттен сактануу жана ага каршы Кыргызстанда да бир катар чаралар көрүлүүдө. Учурда «Манас» эл аралык аэропорту, Ош шаарындагы аэропорту, Торугарт, Иркештам бажы посттору жана «Кайыңды» темир жол станциясында Кыргызстанга кирип жаткан жарандарды медициналык текшерүүдөн өткөрүп жатат.

XS
SM
MD
LG