Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Өпкө рагы жаштар арасында өсүп жатат


Рактын молекуласын химиялык терапия кылуу.
Рактын молекуласын химиялык терапия кылуу.

Учурда онкологиялык оорулардын ичинен өпкөнүн рак дарты көп катталууда. Бул дарттын келип чыгышына экологиянын бузулушу жана тамеки тартуу бирден-бир себепкер. Адистер акыркы жылдары өпкөнүн рак оорусу жаштардын арасында көбөйүп баратканын белгилешүүдө.

Дүйнө жүзү боюнча өпкөнүн рак оорусу менен жыл сайын 1 млн. 250 миңге жакын жаңы оорулуулар катталат. Анын ичинен миллионго жакыны каза табат. Улуттук онкология борборунун көкүрөк рак оорулар бөлүмүнүн башчысы, медицина илиминин доктору, профессор Мукаш Бейшенбаев өпкөнүн рак оорусунун келип чыгуу себептери тууралуу мындай деди:

- Өпкө рак оорусунун пайда болушунун себептери көп, биринчи себеби бул айлана-чөйрөнүн булганышы, өнөр-жайлардын зыяндуу заттарды бөлүп чыгарган жагы көп таасир берет. Андан тышкары бул оорунун алды алынбай өнөкөткө айланып кетиши, туура эмес, чала дарыланышы да ракка алып келет бара-бара.

Мукаш Бейшенбаев ошондой эле тамеки тарткан адамдарда өпкөнүн рагы менен ооруп калуу коркунучу көптүгүн айта кетти:

- Түздөн-түз фактордун бири тамеки чегүү. Эгерде адамдын тамеки чегүү стажысы 10 жылдан ашык болсо, ошол кишинин өпкө рагы менен ооруп кала турган мүмкүнчүлүгү тамеки чекпеген адамга караганда 25 эсе көп. Ошол киши тамекини таштаса 5 жылдан кийин өпкөнүн рагы пайда боло турган коркунуч эки эсеге гана азаят экен. Он жылдан кийин 5 эсеге азаят. Тамеки таштагандан кийин эки жылдай өпкө тазаланат. Эки жылдан кийин 60-70 пайыз гана калыбына келет экен өпкө.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо борборунун билдирүүсү боюнча, учурда дүйнө жүзүндө 1 млрд. адам, башкача айтканда адамзатынын 29 пайызы чылым чегет. Ошондон улам жыл сайын 5 миллон адам каза табат. “Эргене” коомдук уюмунун төрайымы Таалайгүл Сабырбекова тамекинин зыяндуулугу тууралуу буларды айтты:

- Тамекинин түтүнүндө 4 миң химикалык зат бар, алар – ацетон, мышьяк, фармальдегид, метанол, фенол ж.б. Алардын алтымышы ракка алып келет деп такталган. Бул өпкөгө астан-астан сактала берет дагы, анан өпкөнүн ичиндеги клеткаларга зыяндык алып келет. Анан ал рак клеткасына айланып кетет.

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургуну Эсенбай Камалов ушу тапта Улуттук онкология борборунда өпкөсүнөн операция болуп жатат. Бейтапка айрым суроолор менен кайрылып, микрофон сунганымда, ал буларды айтты:

- 8-октябрдан бери жатам ооруканада. Июлда жөтөлүп, ысытма чыкты, барып рентгенге түштүм, дарыгерлер өпкөдө шишик бар деген диагноз чыгарышты. Операция 24-октябрда болду. Мен 43 жыл тамеки тарттым. Дарыгерлер ошондон келип чыкты деп айтышты. Азыр химия, нур алдым. Азыр жакшы болуп калдым.

Көп учурда өпкөнүн рак оорусуна кабылгандар оору өтүшүп кеткенде кайрылып жаткандыктан улам бул дарттан каза тапкандардын саны көп болууда. Анын себеби бейтаптар оорунун белгилерин билбегендиктен дешет дарыгерлер. Кыргызстанда эле жыл сайын 600-700 оорулуу катталып, анын 450-500гө жакыны бир жылдын ичинде каза табат. Профессор Мукаш Бейшенбаев оорунун белгилерине токтолот:

- Биринчиден, кургак жөтөл болушу мүмкүн, же какырык чыгышы мүмкүн. Кээде какырык менен кошо кан чыгат. Жөтөл күндөгүдөй эмес, мисалы кургак жөтөл тескерисинче какырык чыккан жөтөлгө, какырык чыккан жөтөл тескерисинче кургак жөтөлгө айланып, дене ысып, антибиотик ичсе жок болуп кетип, токтотуп койсо кайра пайда болгон температуралар, аба жетпей, деми кысылып, шайы кетип, көкүрөгү ооруй баштайт.

Өпкөнүн рагын дарылоодо хирургиялык, нур жана дары менен дарылоо ыкмалары колдонулат. Мукаш Бейшенбаев Улуттук онкология борборунда тилекке каршы медициналык жабдыктар жетишсиз дейт:

- Өпкөнүн рак оорусун текшерүүдө сөзсүз түрдө рентген керек. Азыр борбордогу рентген аппараттын эскилиги жетти. Кайра-кайра өзүбүздүн күч менен оңдоп отурабыз. Томография жок, томографиясыз диагноз коюу мүмкүн эмес. Видео аппарат, цифровой рентген, компьютердик томография дегендер бизде жок. Андан башка азыркы учурдагы заманбап технологияга ээ болууну абдан эңсейбиз. Ошондой мүмкүнчүлүк болсо биздин онкология менен ооругандар утат эле.
XS
SM
MD
LG