Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:45

"Улукман": Аз кандуулуктун алдын кантип алса болот?


Академик Владимир Щевцов Кыргыз травматология жана ортопедия борборунда беш күн болду. Түркияда 7-апрелде жараат алгандардан алтоо дарыланууда жана дагы беш оорулуу Орусиянын аскер госпиталынан дарыланат. Аз кандуулук балдар арасында өсүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигинин башкы дарыгери Самат Тойматовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, апрель окуяларында жараат алып, ооруканаларга түшкөндөрдүн ичинен 150 киши дарыланууда. Бардык зарыл нерселер жетиштүү жана бекер.

Самат Тойматовдун айтымында, абалдары оор болуп жаткан 8 оорулуу да сакайа баштады жана дагы беш оорулуу дарыланууну Орусиядан улантат.

Академик Щевцов операцияларга катышты

Кыргыз травматология жана ортопедия борборунун директору Сабырбек Жумабековдун чакыруусу менен жакында Бишкекке Орусиянын Курган шаарынан Елизаров атындагы Ортопедиялык борбордун директору академик Владимир Щевцов келди.

Сабырбек Жумабековдун “Азаттыкка” билдиришинче, академик Щевцов октон жараат алгандар борбордо туура дарыланып жатканын белгилеп, беш күн бою операцияларга катышты:

- Октон сынган сөөк өтө кыйынчылык менен бүтөт. Башка себептерден сынган сөөктөр алты айда бүтсө, октон сынган сөөк бир жылдан ашык убакытта бүтөт. Кээ биринин ошол жаракаттан колу-буту кыска болуп калат, кээ биринин ок тийген сөөктөрү бүтпөй, чирип, ириңдеп кетет. Ушундай кыйынчылыктар менен бүтөт. Себеби ок өзү менен инфекцияны кошо ала кирет. Ошондуктан биз мындай татаал жагдайларды ал киши менен кеңешип, такташып алып жасайлы дедик. Мындай татаал операциялар жаңылып калсак, кийин кеч болуп калат. Эми мындай оорулууларды биз айлап-жылдап дарылап айыктырабыз.

7-апрель - Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо күнү Кыргызстанда кандуу кагылышка туш келип, ал күндөн тарта кыргыз дарыгерлери оорулуулардын дарттары менен күрөшүп, көп түйшүктөрдү кечиришти.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун “Ден соолук үчүн шаар тазалыгын сактайлы” деген чакырыгына арналган иш-чаралар Кыргызстанда жакынкы убактарда жер-жерлерде уюштурулуп баштамакчы.

Аз кандуулук балдар арасында өсүүдө

Аз кандуулук тамак-аш менен толукталып туруучу темир затынын организмде жетишсиздигинен келип чыгат. Аз кандуулуктан улам, жаңы өсүп келаткан организмде гормоналдык бузулуу жүрүп, жүрөк булчуңдары начар иштегендиктен, балдар жүрөк дарттарына кабылышууда.

Кандагы эритроциттеги гемоглобиндин санынын азайуусу анемия оорусуна алып келет. Темир жетишсиздигинен пайда болгон аз кандуулук ушу тапта айрыкча жаш балдарда көп катталып жатканын айтат №14 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун педиатрия бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Жумадилова:

- Өзгөчө 6 айдан үч жашка чейинки балдарда анемия көп катталып жатат. Ушул убакта балдардын өсүп-өнүгүүсүндө көп витаминдерди, айрыкча темирди талап кылат. Балдарды сөзсүз түрдө темир кирген тамактар менен азыктандырыш керек.

Негизинен гемоглобин нормада аялдарда 120-140 г/л, ал эми эркектерде 130-160 г/л болуусу зарыл. Аз кандуулук тукумдан-тукумга берилиши да мүмкүн. Ушу тапта кош бойлуу айымдардын көпчүлүгү аз кандуулук менен жабыркашат. "Андыктан ымыркайдын да ден соолугу начар, каны аз болуп төрөлүп жатат" дейт №11 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун терапевт-дарыгери Бегайым Жумалиева:

- Витаминдүү тамактарды көп жебегендиктен аз кандуулук келип чыгат. Болочоктогу эненин кан аздуулугун убагында дарылабагандыктан наристерлер да каны аз болуп төрөлөт.

Гүлнара Жумадилова жаш балдардагы аз кандуулуктун келип чыгуусунун дагы бир себебине мындайча токтолот:

- Айрыкча жаңы конуштарда балдарда мите курттар болуп атат. Алар гигиенаны сактабагандыктан ушундай болууда. Бир балада мите курттар пайда болсо, ал башкаларга массалык түрдө өтүп кетет. Аларды убагында дарылабай, мите курттар баланын жеген-ичкенинин жарымысын бөлүшүп отуруп, ошондон улам аз кандуулук келип чыгат.

Нуржандын бир уул, бир кызы бар. Ал экөө тең азыркы учурда аз кандуулук менен жабыркашканын айтат:

- Уулум 4 жашта, кичүү кызым 2 жашта. Бейтапканага алып барып, кан тапшырганда экөөнүн тең каны аз экен. Дарыгер бизге канды көтөрө турган, курамында темир бар "Ферумпак" жана "Пиковит" деген дарыларды жазып берди. Азыр ошолорду ичирип атам. Андан сырткары бозо жана көк алма берип атам.

Анемия оорусуна чалдыккандарда биринчи белгилер: адамдын териси, тырмактары саргайып, дем жетишпей, жүрөк тез-тез согуп, чачы түшө баштайт. Ал эми анемия болгон жаш балдарда бул белгилер билинбей жүрө бериши мүмкүн:

- Каны аз балада белгилер башында башка оорулардай болуп билинбейт, дени сак баладай жүрө берет. Ошондуктан көп ата-эне маани бербейт. Биз аны текшерүү жүргүзгөндө табабыз. Ата-энелер биз жазып берген дары-дармекти өз убагында беришпейт. Каны аз бала башка ооруларды көтөрө албай калат. Мисалы, сасык тумоо болгондо, өпкөсүнө суук тийгенде, же ичи өткөндө баланы дарылоо өтө кыйын болот.

Жаш балдарда көп кездешип жаткан аз кандуулукту алдын алууда өздүк гигиенаны сактап, витаминге бай эт, сүт азыктарын жана курамында темир бар жер-жемиштер менен менен азыктанып, ошондой эле дарыгерлер жазып берген дары-дармектерди өз учурунда колдонуулары зарыл.

XS
SM
MD
LG