Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:51

1-декабрь - СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү


Кыргызстанда ВИЧ илдети менен 1-ноябрга эки миң алты жүздөн ашык адам катталды. Алардын эң көбү Чүйдө катталып, 640ка жеткени, эң азы - Нарында 5 адам бар экени кабарланды.

Мындан 9 жыл мурда ийне аркылуу бул дартты жугузуп алган 33 жаштагы ВИЧтин инфекциясын алып жүргөн Нурлан Шанкоров Кыргызстандагы ВИЧ оорулууларга өкмөт тарабынан эч кандай жардам жоктугун белгиледи. Анын пикиринде, вирустун андан ары көбөйүшүн токтото турган кымбат дарыларга баарынын эле коло жете бербейт:

- Мамлекет аркылуу бизге эч кандай каражат бөлүнбөйт. Биз өзүбүз интернет аркылуу чет өлкөлүк уюмдарга чыгабыз, же болбосо Кыргызстанда иштеп жаткан чет өлкөлүк донор уюмдар жардам көрсөтөт: “СПИД фонд: восток-запад”, “Глобалдык фонд: ВИЧ менен жашаган кишилерге” жана “Социум” коомдук фонддору. Негизинен бизди ошол эл аралык уюмдар колдойт.

Ысык-Көл аймагында ВИЧке кабылгандар быйыл 31 кишиге жетти жана булардын 70 пайызы жыныстык жол менен жугузуп алгандар. Калгандары – ата-энеси аркылуу ооруга чалдыккан балдар. Негизинен бул ооруп калгандар Ысык-Көл районунан - Чолпон -Атадан. Аймактын СПИДге каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгери Шаршекан Огоеванын пикиринде, өзгөчө курорттук жайларда, көлдө жайкы эс алуу маалында – СПИДдин алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүүнү күчөтүү керек:

- Илдетке кабылгандардын балдардан башкаларынын жаш курагы 25 тен 40 жашка чейинкилер. Көпчүлүгү эркектер. Эгер башка аймактарда кан аркылуу жуккан жолдору көп болсо, бизде жыныстык жол менен берилүү көп болуп эсептелет. Муну биз курорттук зона менен байланыштырабыз. Себеби ошол 31 адамдын көбү Ысык-Көл районунда, так ошол Чолпон-Атада катталган.

2006-жылы Ноокат райондук ооруканасында медициналык кызматкерлердин кетирген калпыстыгынан улам соо адамдарга жугуп, алгач 3 аялдан жана 2 баладан ВИЧ илдетинин вирусу чыккан болчу. Андан бери бул иш боюнча башталган сот иштери аягына чыга элек.

Бишкектеги СПИД борборунун директорунун орунбасары Айгүл Исмаилованын “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча, Ноокат ооруканасындагы окуядан берки тестирлөөлөрдө аталган аймакта 100дөн ашык баладан ВИЧтин вирусу табылган. Тестирлөө дале уланууда:

- Бүгүнкү күндө Ош аймагында катталган балдардын негизинен баары – ошол Ноокат окуясына байланышкан. Тестирлөөнүн негизинде бүгүнкү күнгө чейин биз бул дартты 100дөн ашык баладан аныктадык. Эми бул иштин аягына чыгыш үчүн Ош аймагындагы ооруканаларга жаткан балдардын баарын тестирлөөдөн өткөрүп жатабыз.

Кыргызстанда ВИЧ илдети менен 1-ноябрга карата эки миң алты жүздөн ашык адам катталды. Бүгүн Бишкекте жана аймак борборлорунда СПИДге каршы күрөшүү күнүндө - “Адам укугу жана укук баарына жеткиликтүү” деген чакырык менен акциялар өтөт:

- Күн бою кечке чейин “Арт-караван” жүргүзүлөт Бишкекте. Көбүнчө эл көп болгон жерлерде, жаштар көп жүргөн жайларда элге ВИЧ/СПИД тууралу маалымат берүү максатында машиналар кое берилет. Ал эми саат 13тө Бишкектеги “Сейтек” борборунда атайын жаштарга арналган акция өтөт. СПИД илдети жаштардын арасында көп учурап жаткандыктан, андан ары мындай акциялар бүгүн жана эртең Медициналык жана Юридикалык академияларда да уюштурулат.

Тасмада: "Азаттык+": СПИДге каршы бирге күрөшөлү!

1-декабрь - СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Бул күнгө карата "Азаттык+" жаштар берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы СПИД көйгөйүнө арналды. ZMa, SA, MiT.

"Азаттык+": СПИДге каршы бирге күрөшөлү!
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:51 0:00

XS
SM
MD
LG