Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:42

Г. Павлюктун кыркылыгы


Эркин журналист Г.Павлюктун өлгөнүнө кырк күн болду. Бул күнгө карата “Журналисттер” коомдук бирикмеси баштаган медиа уюмдар “Эстен кетпейт. Геннадий Павлюктун киши колдуу болгонуна кырк күн” деген акция баштады.

Бул акциянын жүрүшүндө гезиттерде “Эстен кетпейт. Геннадий Павлюктун (1958-2009) киши колдуу болгонуна кырк күн болду” деген бир гана сүйлөмдү жарыялоо, ал эми Интернет сайты бар жалпыга маалымдоо каражаттарына ушул эле сүйлөм жазылган баннерди бир жума бою жайгаштыруу каралган.

Г. Павлюктун кесиптештери, жакын санаалаштары маркум журналисттин кыркылыгына байланыштуу шаарда жөө жүрүш өткөрүү тууралуу мындан он күн мурда шаардык мэрияга арыз жолдошкон. Бирок шаар жетекчилиги жүрүш кандайдыр бир козутум менен коштолуп кетиши ыктымал экенин айтып, бул өтүнүчтү канааттандыруудан баш тарткан. Бул тууралуу демилге тобунун атын атагысы келбеген өкүлү “Азаттыкка” мындай деди:

“Биз жагылган шамдар, гүлдөр менен жүрүш жасоону ойлогонбуз. Бирок мындай жүрүш балким кандайдыр бир козутум менен коштолуп кетиши мүмкүн деп, айтор улуксаат беришкен жок. Болгону алар биз көпчүлүктүн көңүлүн бурбай Павлюк жашаган үйдүн оозуна чогулсак болоорун айтышты. Биз болсо Эркиндик сейил багы менен Ала Тоо аянты тушка, жанагы сүрөт галереясы, карагайлар өскөн жерде чогулсакпы деген планыбыз бар эле.”

Геннадий Павлюктун жубайы Ольга бүгүн Кара-Ой айылындагы Павлюктун бейитине анын үй бүлө мүчөлөрү, өтө жакын дос-туугандары гана барып эскерүү расмисин өткөрүп келээрин “Азаттыкка” кечээ билдирген.

Г. Павлюк өткөн жылдын этегинде Казакстандын Алматы шаарында кол салууга дуушарланып (аны 16-декабрда бийик турак имараттан ыргытып жиберишкен), 22-декабрда ооруканада каза болгон. Казакстандын Ички иштер министрлиги бул кылмышка Кыргызстандын атайын кызматтарынын өкүлдөрүнүн тиешеси бар болушу ыктымал экенин билдирген.

Кыргызстандын ички иштер министри Молдомуса Конгантиев 26-январда Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө Казакстандан атайын иликтөөчү топ бир жума бою Кыргызстанда болгонун, бул өлкөнүн жарандарынын кылмышка тиешеси бар деп айтууга азырынча негиз жок экенин аныкташты, деп билдирген. Өлкөдөгү оппозициялык күчтөр журналист кесибине байланыштуу киши колдуу болду деп ырастап келишет.

Казакстан: Г. Павлюктун өлүмү – саясий өлүм

ЕККУ төрагасынын өкүлү Адил Ахметов Венада сүйлөгөн сөзүндө "Г. Павлюк журналисттик ишмердүүлүгү менен кимдир-бирөөгө жолтоо болгон,” - деп айтты.


Казакстан: Г. Павлюктун өлүмү – саясий өлүм
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Элеонора Бейшенбек кызы

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.

XS
SM
MD
LG