Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

“Ачык саясатка” саясат ачык болбой жатат


Бүгүн, 8-апрелде “Ачык саясат” гезитинин айрым журналисттери “президенттин аброюна шек келтирге макалалар” үчүн Биринчи Май райондук прокуратурасы тарабынан суракка чакырылып, эскертүү алышты. Мындай мазмундагы эскертүү басылмага ушул ай ичи экинчи ирээт берилип жатат.

“Ачык саясат” гезитинин кечээки санында “Текебаев президент болбосо ким президент болот? Бешимов, Сариев, Атамбаев?” жана “Бийликке кулдун уулу келсе болот” деген макалалар жарык көргөн.

Бүгүн Биринчи май райондук прокуратурасына бул макалалардын авторлору, журналисттер Айбек Шамшыкеев менен Бердикожо Таштанбек уулу чакырылышты. Суракка чогуу кирип чыккан басылманын башкы редакторунун орун басары Ырыскелди Момбековдун айтымында, журналисттер “Президенттин ар-намысына шек келтирди” деген төмөнкү саптар үчүн түшүнүк кат жазып, эскертүү алып чыгышты.

“Төрт жыл жүргүзгөн саясаты жалпы элди чеги жок санаага салды. “Тезек” саясаты гидроэнергетикага бай кыргыз элин бүт дүйнөгө шылдың кылды. “Үй-бүлөлүк башкарууга жол бербейм” деген сөзү абага сиңип жок болуп, өзү үй-бүлөлүк башкарууга кенен жол ачты. Кыргыздын бычакка сап, чыгаан саясатчыларынын дээрлик баарына аныкталбаган далил менен кылмыш козгоп, саясий куугунтукту күчөттү.”

Буга чейин да “Ачык саясат” гезитинин журналисттерине Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан бул өңдүү эскертүү берилген. Журналист Ырыскелди Момбеков бир ай ичинде басылмага эки жолу эскертүү берип, бийлик шайлоо алдында эркин гезитти ооздуктоо аракетин көрүп жатат деп ойлойт:

- Бүгүнкү эскертүүнүн берилиши такыр негизсиз болду. Эч логикага жатпайт. Мен “Азаттыкты”укутурууга тоскоолдук болуп жаткандан кийин, шайлоонун алдында оппозициялык талапкерлердин “үгүт материалдарын элге көбүрөөк жеткирип ийбесин” деп эми “Ачык саясатты” жабуу аракетин кылып атышат го деп ойлоп калдым.

Бир кезде басма сөз эркиндиги менен коңшу мамлекеттерге үлгү болуп келген Кыргызстан соңку кезде бул турумунан жазып баратат деп ойлойт “Журналист” коомдук уюумунун жетекчиси Марат Токоев. Анын айтымында, азыр Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы саясатчылардын пикирлерин элге жеткирип жаткан маалымат каражаттары кескин азайып кетти.

- Ошолордун бири – “Ачык саясат” гезити. Эгерде башка көз караштагы пикирлерди айта турган жалпыга маалымдоо каражаттары куугунттуктала турган болсо, анда биз “сөз эркиндиги жок калды” деп ачык айтышыбыз керек.

Аталган басылманын башкы редактору Бабырбек Жээнбековго да Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан "Шылуунчулук" деген берене боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлгөнү маалым. Ушу күндөрү Нью-Йорк шаарындагы ооруканада жүрөгүн дарылатып жүргөн Бабырбек Жээнбеков мындай шартта Кыргызстанга келеби же АКШда баш паанек сурап калабы деген сөздөр айрым маалымат каражаттарында айтылган болчу. Жакында эле башкы редактор “Азаттыктын” АКШдагы кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып, бул өңдүү ойлорду четке каккан.

- Кыргызстандагы айрым массалык маалымат каражаттары “Жээнбеков операцияны шылтоолоп, Америкага качып кетти, эми экинчи келбейт” деген маалыматты айтып жаткан экен. Эми муну ошол журналисттердин абийир-уятына коелу. Бирок мен Кыргызстандан качкан жокмун, бир аз жакшы болгондон кийин, Кыргзыстанга барам, белетим дагы бар.

Биринчи май райондук прокуратурасы бүгүн “Ачык саясат” гезитинин айрым калемгерлерине президенттин аброюна шек келтире турган макаларды жазуудан баш тартпаса, аларга каршы кылмыш иши козголуп, кабарчылар жоопко тартылаарын эскертти.

Өлкө башчысысынын басма сөз кызматы бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.
XS
SM
MD
LG