Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:43

БШК арыздарды кароодон баш көтөрө элек


БШК мүчөсү Жеңиш Акматов
БШК мүчөсү Жеңиш Акматов

БШК шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялай элек. БШК мүчөсү Жеңиш Акматов протоколдор менен арыздарды салыштырып кароо аяктай электигин билдирди.

Ж. Акматов: Борбордук шайлоо комиссиясы азыркы учурда саясий партиялардан, бейөкмөт уюмдардан келип жаткан арыздар боюнча протоколдорду ошол райондордон, областардан келген сандар менен салыштыруу иш-аракетин жүргүзүп атат.

-Жеңиш мырза, шайлоонун акыркы жыйынтыгы качан чыгып парламент чогулат? Жана жыйынтыкты чыгарууда эмне тоскоолдук болуп жатат?

Ж. Акматов: Эми бул күн деп эч ким айта албайт, себеп дегенде биз азыр иштеп жаткан Шайлоо Кодекси боюнча биз бардык арыздарды карап бүткөндөн кийин жана бардык протоколдордун түп нускаларын алгандан кийин гана жалпы жыйынтык чыгарабыз. Азыркы күндө Кыргызстандын бардык аймактарынан протоколдор келип түштү, ал эми чет жерлердеги протоколдорубуз азырынча келе элек, биз ошолорду күтүп жатабыз.

-Айрым саясий партиялардын мүчөлөрү БШК добуштарды протоколдорду салыштырбай туруп санап жатат деген сын-дооматтарын айтууда. Буга негиз барбы?

Ж. Акматов
: Андай болсо келишсин. БШКга келип көрүшсө болот салыштыруулар жүрүп жатканын.

-БШК добуштарды санап, шайлоонун жыйынтыгы дале белгисиз болуп жаткан чакта, шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына нааразылыгын билдирип өлкөнүн ар аймактарында митингдер өтүп жатат. Буга БШКнын жоопкерчилиги канчалык?

Ж. Акматов: Булардын митинг өткөрүп жатышына биздин эч кандай тиешебиз жок деп эсептейбиз. Себеби бир тарап “бакиевчилер” Жогорку Кеңешке келбесин деген талапты коюп жатат. Экинчи тарап “бизди Жогорку Кеңешке киргизгиле, бизге утту деп чечим чыгарып бергиле” деп алар талаптарын коюп жатат. Эми ар кимдин митинге чыгыш-чыкпашы өз эрки, ага БШК эч нерсе деп айта албайт. Биз шайлоо жөнүндөгү кодекстеги өзүбуздүн ыйгарым укуктарыбыздын негизинде өз ишибизди жасап жатабыз.

XS
SM
MD
LG