Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:43

Ош: өрттөлгөн мектептин окуучулары башка жакка которулат


Оштогу өрттөлгөн мектептердин бири
Оштогу өрттөлгөн мектептердин бири

Июнь айындагы этникалык кагылышууда Ош шаарында өрттөнүп кеткен мектептердин окуучулары жакын жайгашкан мектептерге которулуп, үзгүлтүксүз түрдө окуусун улантарын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти. Алардын айтымында, жараксыз абалда калган мектептер эмдиги жылы гана тикеленип бүтөт. Ал эми мектеп жамааты жана окуучулар мындай чечимдерге нааразы болушуп, мектепти мурунку абалына келтирүүнү өтүнүшүүдө.

Ош шаарынын Курманжан Датка кичи районунда жайгашкан Хамза орто мектебинин окуучулары июндагы коогалаңда өрттөнүп кеткен мектебинин жараксыз абалын көрүп, “эми башка мектепте кантип окуйбуз” деп кабатыр. Аталган мектептин 6-классынын окуучусу Акбар Маматкулов мектебине мындан ары окубай каларына ишенбей турган учур.

- Биздин 6-класста 27 окуучу бар эле. Жакшы окуйт элек. Эжекелер да коңгуроо кагылары менен сабакты баштап, окуубуз жакшы жүрүп турчу. Мектепти кайра куруп бергиле десек болбой жатышат. Эми бул жерге бейтапкана куруп беришет деп жатышат го, билбейм…

Ушул эле мектепте 9-классты аяктаган Хумоюн Ашуров эгер мектеби кайрадан курулбаса окуусун улантпай коерун билдирди. “Мектептин көпчүлүк окуучулары башка мектептерге которулууну каалабайт” дейт Хумоюн:

- Бизди башка жакка көчүрөбүз деп жатышат. Бул жерге мектеп курсак окуучулар сууга жакын, жолго жакын дешти. Ушул мезгилге чейин окуп жатабыз, эч ким сууга агып кеткен эмес, же машине уруп кеткен жок. Башка мектепке окутса мен окуй албайм. 9-классты ушул жерден бүтүрдүм, башка жакка которсо, эми окуумду таштап коем. Менин досторум да башка мектептерге барып окубайбыз деп жатышат. Эгер бизде 500 окуучу болсо, башка мектептерге эки жүзү гана окуйт. Калганы ошо боюнча мектептерин таштап коюшат.

Өзбек тилдүү Хамза атындагы орто мектепте жалпы жонунан 520 окуучу билим алчу. Мектептин директору Гүлнара Абдуллаева буларды айтат:

- Биздин мектепте үч корпус бар эле. Алдыда 4 классы бар корпус, бул жерде 1 корпус, арка жакта 12 кабинети бар корпусубуз бар эле. Балдар кенен эле батат болчу. Кечээ шаардык билим берүү башчысы “бул жерге мектеп курулбайт, балдарды кармап туруш талапка туура келбейт” деп айтты. Эми ата-энелер эмне болор экен деп кыйын абалда турушат.

Ал эми Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү дирекциясы бул мектепти кайра куруу шаардык бийликтин чечимине ылайык жүргүзүлөрүн билдирди. Дирекциянын жетекчиси жана вице-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин ырасташынча, Хамза мектебинин ордуна бейтапкана курулуп калышы ыктымал.

- Хамза мектебин шаардыктар эки вариантта сунуштап жатышат. Ошол өзүнүн ордунда кайра мектеп куруу, же ага жакын жайгашкан Карл Маркс атындагы орто мектептин жанында чоң аянт бар экен, ошол жерге кыргыз, өзбек, орус кылып аралаш мектеп куруу боюнча. Анан ал райондо бейтапкана жок экен, күйүп кеткен мектептин ордуна бейтапкана куруп бергиле деген пикирлерин айтышууда. Эми бул маселе шаардык бийлик тарабынан каралып жатат.

Шаардык билим берүү башкармалыгы да Хамза мектебинин аянты тардыгын белгилеп, балдарды окутууда буга чейин эле мектептин шарты жок болуп келгендигин айтууда. “Мектептин аянты аз болуп, балдар үчүн спорт залдарды, ойноочу жайларды курууга мүмкүнчүлүгү жок” дейт Ош шаардык билим берүү мекемесинин башчысы Абдибали Балтабаев:

- Эми бул мектеп 1927-жылы курулган экен. Экинчи корпусу 1960-жылы курулуптур. Ал мезгилде генплан жок, талаптар, стандарттар сакталбай курулган. Жөнөкөй эле балдар ойной турган спорт аянтчалар жок. Аянты да тар. Эгер мектеп курула турган болсо дагы эле ошол спорт аянтчасын, спорт залын, балдар ойноочу жерлерди курууга жер жок. Болгону 56 сотик жери бар.

Ошол эле учурда шаардык агартуу бөлүмүнүн башчысы өрттөлгөн мектептин окуучулары жакын жайгашкан мектептерге которулуп, окуусун кадимкидей улантышарын кошумчалады.

“Жараксыз болуп калган Хамза мектебинин жанында, 200 метр жерде бир мектеп бар, андан ылдый жакта дагы бир мектеп бар, жогору жагында 3 мектеп бар. Демек муну көйгөйгө айлантуунун кереги жок. Ата-энелер келип, жакын турган мектептерге балдарын беришсе болот” деди Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Абдибали Балтабаев.

Анткен менен Хамза атындагы өзбек тилдүү мектептин окуучулар жана мугалимдер жамааты агартуу журтунун которулушуна же башкача аталышына нааразы экендиктерин билдиришүүдө. Алар мектеп өз калыбында сакталбаса окуучулар жана мугалимдер окуу жараянын үзгүлтүккө учуратарын айтышууда.

Ошол эле убакта июнь окуясында талкаланган Кара-Суу районуна караштуу Шарк айылындагы Толстой орто мектебинин окуучулары жаңы окуу жылын чатырларда тосушмакчы. Алар эл аралык уюмдар тарабынан сентябрга чейин мектепке керектүү бардык жарактар менен камсыз этилери күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG