Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:48

“Эл достугу” университети эмнеге жабылды?


Жалал-Абаддагы тополоңдо "Эл достугу" университетинин имараты да жапа чекти, 16-июнь.
Жалал-Абаддагы тополоңдо "Эл достугу" университетинин имараты да жапа чекти, 16-июнь.

Билим берүү жана илим министрлиги университеттин жабылышынын түштүктөгү окуялар боюнча айыпталып жаткан анын ээси Кадыржан Батыровго тиешеси жоктугун, окуу жай ага кылмыш иши козголгонго чейин эле текшерилгенин билдирүүдө.

Бул маселе боюнча суроолорго Билим берүү жана илим министринин маалымат катчысы Албина Дүйшөмбиева жооп берди.

- Жалал-Абаддагы “Эл достугу” университетинин иши токтотулуп, лицензиясы алынды. Мындай чечимге эмне себеп?

- Билим берүү жана илим министрлигинин аттестациялоо боюнча мамлекеттик комиссиясы окуу жайлардын дараметин, кадрдык, каржылык жана материалдык-техникалык ал-акыбалын, студенттеринин билимин текшерген. Натыйжада А.Батыров атында “Эл достугу” университетинде юриспруденция, экономика жана ишкананы башкаруу, каржы жана насыя, информатика боюнча жогорку профессионалдык программалары аттестациялоодон өтпөптүр. Ошондуктан бул окуу жайдын жетекчилигине жогоруда айтылган факультеттерге студенттерди кабыл албоо тапшырмасы берилген. Анда билим алган 2-3-4-5-курстун студенттерин өздөрүнүн арыздарына жараша башка окуу жайларга которуу чечими кабыл алынган. Ал эми аталган университеттин ишмердигин токтотуп, лицензиясын кайтарып алуу маселеси Билим берүү жана илим министринин ушул жуманын башында өткөн коллегиясында чечилген.

Эмнеге дегенде текшерүүлөр көрсөткөндөй, аталган окуу жайдагы билим берүү ишмердиги, каржылык, материалдык-техникалык базасы лицензиялык-нормативдик талаптарга жооп бербей келе жаткан. Ошондой эле кадрдык деңгээли жагынан да жакшы эмес болчу. Материалдык-техникалык база деген – бул имараты тиешелүү деңгээлде болгон эмес, китептер, компьютерлер менен камсыздоо жагынан артта болгон.

- Университет Жалал-Абаддагы май-июнь окуяларындагы башаламандыктарга тиешеси бар деп шектелип, айыпталып жаткан Кадыржан Батыровдуку болгону үчүн, ага карата кылмыш иши козголгону үчүн жабылган жокпу?

- Албетте, жок. Лицензия берүү жана каттоо боюнча мамлекеттик инспекция өзүнүн кезектеги текшерүүсүн өткөргөн. Бул май айында түштүктөгү окуялар башталганга чейин эле болгон. Буга чейин министрлик жыл башында ушундай текшерүүлөрдүн негизинде 14 окуу жайды жапканбыз. Ошондо талапка жооп бербеген университеттерге кемчиликтерди оңдоо үчүн үч ай берилген болчу. Бирок тилекке каршы, андай иштер жүргөн жок. Ошондуктан жабууга туура келди.

- Ал эми окуяда жабыркаган 150 студент Бишкекке которулат экен, калган студенттердин тагдыры кандай болот?

- Бул бир гана жабыркаган эмес, жөн гана ошол окуу жайда окуган студенттер. Калгандарын Бишкекке эмес Ош жана Жалал-Абаддагы башка окуу жайларга которуу сунушталат. Алардын 400дөн ашууну дарылоо факультетинде окушат экен.

- Ал эми окуу жайдын имараты эмне болот, кимдин карамагына өтөт?

- Бул окуу жай жеке адамдыкы. Ошондуктан биз буга аралаша албайбыз. Имарат окуу жайдын ээсине тиешелүү да.
XS
SM
MD
LG