Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:15

Эдил Байсалов: К. Бакиевдин тагдыры эл аралык соттун колунда


Курманбек Бакиев президенттик кызматынан баш тарткандыгы тууралуу арызын жазып, 15-апрелде кечинде Кыргызстандан чыгып кетти. Мындай кадам Эл аралык уюмдардын жана үлкөн мамлекеттердин киришүүсүндө, Кыргызстандын бейкуттугу үчүн жасалганын убактылуу өкмөттүн администрация башчысы Эдил Байсалов “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди.

“Азаттык”: Эдил мырза Курманбек Бакиев Казахстанга чыгып кеткендиги тууралуу маалымат алдык, мунун чындыгы канчалык?

Эдил Байсалов: Убактылуу өкмөт эч качан бул мурдагы президент менен түздөн түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн эмес. Бирок билесиздер, 7-апрелдеги окуялардан кийин эле биздин өлкөгө бир канча эл аралык уюмдардын, анын ичинде Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун атайын өкүлү, Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлү, Европа биримдигинин өкүлү, дагы бир канча дүйнөлүк державалардын атайын өкүлдөрү келип, өздөрүнүн мандаттарына ылайык Кыргызстанда бейпилдикти сактоо жана жарандык согушка, ар кандай кагылышууларга жол бербөө үчүн кандайдыр бир сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп аракет көрүштү. Курманбек Бакиевди бир туугандары, үй-бүлөлөрү менен, мурунку министрлер менен чогуу качырып жөнөтүү боюнча сунуш айтылган. Биз буга тикеден тике каршы болуп, эч кандай макулдугубузду берген жокпуз. Мындай сунуштар төрт-беш күн мурун эле түшкөн. Бир канча жолу Роза Исаковна Отунбаевага чоң державалардын өкүлдөрү телефон чалышып, канча басым көрсөтсө дагы биз андай чечимди кабыл алган жокпуз.

“Азаттык”: Бирок ошол эле мезгилде бүгүн орус теле каналынан бир аз убакыт мурда Курманбек Бакиев өзү интервью берип атып айтты, Роза Отунбаеванын кепилдик берген чечими бар менин колумда деп?

Эдил Байсалов: Мындай деп түшүнсөк болот. Билесиздер бүгүн түшкө жуук абдан катуу кырдаал Ошто түзүлүп калды. Коркунучтуу бир кырдаал түзүлүп калгандыгынан, ЕККУнун сунушу менен келишимге келип, Американын президенти Барак Обама, Россия Федерациясынын президенти Дмитрий Медведев, Казахстан Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаев, дагы бир канча Европа биримдигинин жетекчилеринин сунушу, сураныч талабы боюнча - Курманбек Бакиевди силер качырдык деп ойлобогула, биз муну силерде бейпилдикти сакташ үчүн сыртка чыгара туралык., Курманбек Бакиев өзү макул болгондой, күнөөсү табылса дүйнө жүзүндө кайсы гана бир өлкөгө барбасын ошол жерден таап, кармалып жоопкерчиликке тартылат деген гарантия сөзү берилгенден кийин гана убактылуу чыгарганга уруксат берилди.

“Азаттык”: Азыр Бакиев кайда кетти?

Эдил Байсалов: Эми биз баарыбыз көрүп турабыз Казактандын самолету эмес бул. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмуну караштуу самолету менен Казакстанга учуп кетти. Бирок Казакстанда аны түнөткөнгө дагы уруксаат бербей атат деген маалымат келип атат. Ал кишинин мындан аркы тагдыры эл аралык коомчулукта, эл аралык соттун колунда. Бул жөнүндө бүгүн Роза Исаковна Отунбаева Россия Федерациясынын өкмөт башчысы Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүздү. Ал киши менен да бир сыйра Курманбек Бакиевдин тагдыры, эл аралык тергөө боюнча санкциялар боюнча сөз жүрдү. Мындан тышкары дагы БУУнун генералдык секретарынын биринчи орун басары Вин Паско менен дагы Роза Исаковна сүйлөштү, ал менен дагы бир канча келишимдер түзүлдү. Анан АКШнын атайын өкүлдөрү менен, башка бир канча өлкөлөрдүн дипломатиялык каналдары боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

“Азаттык”: Курманбек Бакиевдин жанында кимдер бар, башкача айтканда анын бир тууганы Жаныш Бакиев, буга чейин убактылуу өкмөтү издөө салган коргоо министри Бакыт Калыев кайда?

Эдил Байсалов: Ушул суроонун тегерегинде абдан катуу сүйлөшүүлөр болгон. Убактылуу өкмөт эл аралык коомчулук суранса дагы, коңшу өлкөлөрдүн президенттери түзмө-түз басым көрсөтсө дагы эч макулдугун берген жок. Анан биз бүгүн айта алабыз, самолетко бир дагы бир тууганы отургузулган жок, бир туугандары, издөө жарыяланган бир тууганы дагы. Мурунку өкмөттүн мүчөсү Бакыт Калыевдин колго түшкөнүн биз тастыктай алабыз.

“Азаттык”: Курманбек Бакиев отставкага кеткендиги жөнүндө арызын бердиби?

Эдил Байсалов: Ооба, ушул эл аралык коомчулуктун бирден бир шарты Курманбек Бакиев ошол самолетко түшөрдөн мурда өзүнүн отставкасы боюнча документке кол коюп расмий түрдө өткөзүп берди.

“Азаттык”: Бакиевдин мындан аркы сапары кайсыл жакка экенин айта аласыңарбы, бизде айрым маалыматтарда Турцияны көздөй сапар алышы мүмкүн, азыр Таразга конду деген маалымат бар?

Эдил Байсалов: Эми ал кайсыл жакка барып, кайсыл жерге качса дагы бул кишинин артынан бир эмес эки-үч чоң держава көз салып турат. Эл аралык коомчулуктун көзүндө бул киши 80 гана адамдын гана эмес, башка чоң кылмыштардын артында турган киши болуп саналат. Бул киши эч качан биздин элибизден качып кетпейт.

“Азаттык”: 7-апрелде 80 ден ашык адам мерт болуп калды окко учту. Алардын жакындары, туугандары кандайдыр бир нааразылыкты жаратат деп тынчсызданган жокпу?

Эдил Байсалов: Убактылуу өкмөттүн позициясы мындай: 7-апрелде болгон трагедия бул жалпы элибиздин трагедиясы, жалпы бардыгыбыздын жоготуубуз. Мына бир канча күндөн бери ушуга каршы болуп катуу турдук. Бирок бүгүн абдан коркунучтуу кырдаал түзүлүп, элибизде жанакындай регионалдык картасы орун алып, дагы бир канча провокациялар болуп, криминалдык элементтер, наркоборондор миллиондогон акчаларды салып, биздин Кыргызстаныбызда жарандык согуш отун чыгарып, өлкөбүздү чоң бир аңга түрткөнгө аракет жасашты. Албетте, мындай учурда убактылуу өкмөт жалпы элибиздин бейпилдигин эске алып, мындай чечимге барууну туура көрдүк.

XS
SM
MD
LG