Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:18

Доллар өсүп, сомдун куну түшүүдө


Өлкөдөгү экономикалык кырдаал, доллардын наркынын өсүп жатышы тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев жооп берди.

- Акыркы мезгилде доллардын баасы өсүп баратат. Учурда Улуттук банк бир долларды 46 сомдон ашык баалап жатат. Бул тенденция канчалык алыска барат? Дагы канчага чейин бул курс көтөрүлүшү мүмкүн?

Жумакадыр Акенеев: Туура айтасыз, эми сом ылдыйлашы мүмкүн. Себеби буга эмне алып келип атат? Экономиканын начар өнүгүшү, апрель айындагы ыңкылаптагы бир жарым ай чек аранын жабык болгону себеп болду. Чындап келгенде сом менен доллардын ортосундагы курс - биздин мамлекетте доллардын канча көлөмү бар - ошого карата сомдун көлөмү.

Сом менен Убактылуу өкмөт пенсия, пособие, айлыктарды төлөп атат. Сом эч кандай өзгөрүүгө байланышкан жок. Ал эми долларлык масса азайып атат. Себеби иштебеген мигранттар бул жакка азыраак акча жөнөтүп атат. Чек ара жабылган үчүн соода катнаш начарлап, ишканалар толук иштебей, мындайча айтканда доллардын көлөмү Кыргызстанда азайгандыктан сомдун курсу ылыйлап атат.

Бул жагынан өкмөттөн, Улуттук банк жактан чара көрүп, анча-мынча гранттар келип атат, Улуттук банктын резерви бар, ошону азыр ишке киргизбесе, мен ойлойм, сомдун курсу 48-49, мүмкүн 50гө чейин ылдыйлап кетиши мүмкүн. Бул биздин экономика үчүн абдан начар көрүнүш болуп эсептелет. Себеби ошого карата баалар да өсө баштайт.

- Улуттук банк сомдун курсун кармоо үчүн резервинен интервенция жасап жатат. Ошондуктан валюта резерви да кыскарып жатат. Бул жагы мамлекетке кандайдыр бир коркунуч туудурбайбы?

Жумакадыр Акенеев: Бул да коркунучтуу. Себеби Улуттук банкта мамлекетте ар түрдүү мындан да тышкары окуялар болушу мүмкүн. Сөзсүз түрдө резерв болуш керек. Бирок экономика үчүн сомдун ылдыйлашы начар көрүнүш, ар түрдүү тараптан аракет кылып жок дегенде 46-37 деңгээлде кармап калыш керекпиз. Андан ары өссө бул инфляцияга өтөт, баалар көбөйөт, чындап келгенде пенсия, айлык алган карапайым эл абдан начар абалга дуушар болуп калышы мүмкүн.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG