Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:11

Каржы полициясы жеген нанын актабай жатабы?


Кыргызстандын Каржы полициясы Ички иштер министрлигинин курамына киргизилиши мүмкүн. Бул багытта аталган кызматты реформалоо жана анын ишинин натыйжалуулугун аныктоо боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү.

Ал эми каржы полициясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаев экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча өз алдынча тажрыйба топтоп калган тармакты тар кызыкчылыктардын айынан таркатып, башка министрликке кошуп жиберүүгө негиз жок экендигин белгиледи.

Жакында ички иштер министри Кубатбек Байболов Каржы полициясын жоюп, аны аты аталган министрликтин курамына кошуу демилгеси менен чыкты. Муну министр мырза Каржы полициясынын ишинин жыйынтыгы жоктугу жана анын дарегине ишкерлерден арыз-даттануулардын көп болуп жаткандыгы менен байланыштырган.

Бакыт Сейитов
Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун өкүлү Бакыт Сейитов каржы полициясы аны кармоого кеткен чыгымды актамак тургай, кайра жемкордуктун өрчүшүнө өбөлгө болуп жаткандыгы үчүн ушундай демилге көтөрүлүп жатканын айтты:

- Министр чогулушта ушул маселени көтөрдү. Каржы полициясы качан түзүлгөн, ошондон бери мамлекетке канчалык пайда алып келди деген сыяктуу суроолор жоопсуз экендиги белгиленди. Алардын айлыктары, пенсиялары бизге караганда 4-5 эсе жогору. Мына ошондон жыйынтык чыктыбы же жокпу? Деги эле ушундай кызматтын кереги барбы деген маселе турат да. Каржы полициясын ИИМге киргизүү маселесинин азыр укуктук жагы каралып жатат окшойт.

Эркин Бөлөкбаев
Анткен менен каржы полициясынын жетекчиси Эркин Бөлөкбаев мындай дооматтар менен макул эмес. Анын айтымында, кызматтын курамын кармоого жылына элүү миллион сом жумшала турган болсо, каржы полициясы мамлекеттик казынага андан алты эсе көп каражат төгүп берүүдө. Эркин Бөлөкбаев эл аралык практикада экономикалык кылмыштарга күрөшүү милдети табиятынан Ички иштер министрлигине жүктөлбөй тургандыгын эске салды:

- Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы өз алдынча болушу керек. Бул милдеттерди ИИМге берсе анда, тескөөчү милиционерден тартып, кайгуул күзөт кызматы, МАИ бардыгы ушул тармакка аралашып кетишет. Мындай тажрыйба бизде болгон да. Коомдук коопсуздукту жана кылмыш иликтөөнү жакшы жолго коё албай жатып, Ички иштер министрлиги экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү милдетин талашып жатканы түшүнүксүз. Андан көрө алар өздөрүнүн түздөн түз милдеттерин түзүктөп алышпайбы.

Буга чейин ички иштер органдарына кызматтык кылмыштарды кароо гана калып, жалпы экономикалык кылмыштар менен күрөшүү милдеттери алынып салынган болчу. Ички иштер министринин бул милдетти кайра өткөрүп алуу демилгесинен кийин атайын мамлекеттик комиссия түзүлүп, анын максатка ылайыктуулугу иликтенүүдө.

Комиссиянын төрагасы Өмүрбек Эгембердиев Каржы полициясынын мындан аркы тагдырын кароого анын ишкер чөйрөдө терс таасирлерди жараткан аракеттери себеп болгондугун кошумчалады:

- Бул каржы полициясынын ишкерлердин бизнестерин “рейдерлик” жол менен тартып алууга өбөлгө түзгөндүгү, ишкерлерди акча берүүго мажбурлаган учурлары, жакшы акча түшө турган тармактарды өздөрү көзөмөлгө алган жагдайлар боюнча арыз-даттануулардын аягы басыла элек. Ачык ишкердик жүргүзгөндөргө жолтоо болгондуктан бул кызматты бир сыйра реформалоо зарылдыгы келип чыкты.

Каржы полициясынын жетекчиси Эркин Бөлөкбаев айтылып жаткан дооматтар жөн гана шылтоо экендигин жана кызматты кошуп алуу аракетинин артында башка себептер жаткандыгын айтып чыкты. Анын айтымында, мыйзамсыз ишкердикке жана ири каржылык мыйзам бузууга жол берген мамлекеттик кызматкерлер, таасирдүү ишкерлер каржы полициясын жоюп жиберүү аркылуу ачылып калган кылмыштарын коомчулуктан жашырууга аракет кылышууда.

-Экономикалык кылмыштар деген бул чоң жумуш экендигин көрүп турушпайбы. Анткени бүгүн көп өкмөттө иштеген адамдар, ири чоң ишкердик менен алектенген же ага байланышы бар адамдардын үстүнөн иштер бар. Айрыкча ишкерлер же аларды караган адамдардын арты таза эместери чочулап жатышат. Мына ошолор күчкө салышып, иштерин сотко жеткизбейбиз, бизди иштеттирбейбиз дешип аракет кыла башташты. Эгерде Каржы полициясынын төрагасын кызматтан алыш керек болсо, жөн эле алып сала беришпейби. Бүтүндөй бир калыптанып калган тармакты таркатыштын мамлекет үчүн пайдасы бар беле?-дейт Эркин Бөлөкбаев.

Каржы полициясы кызматы мындан он алты жыл мурун салык инспекциясынын базасында түзүлгөн. Мына ошондон бери салык жашыруу, мыйзамсыз ишкердик жана аткезчилик сыяктуу экономикалык кылмыштардын түрлөрү менен күрөшүп келе жаткан.

XS
SM
MD
LG