Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:21

Бааларга нааразы калк, убада берген бийлик


“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы уюштурган видео байланышка катышкан Талас шаарынын тургундары электр кубатына жаңы тарифтик баага нааразы болушуп, азык-түлүк кымбаттап, элдин жашоо шарты начарлап, өкмөт бөлгөн 200 сомдон жөлөк пулдарын ушул күнгө чейин алышпаганын айтышты.

Евробиримдиктин көмөгү менен “Жалпы улуттук видео диалог” долбоорунун алкагында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы уюштурган отун-сууга тарифтердин көтөрүлүшү боюнча видео байланышка Талас облусунун тургундары катышты.

Алар электр кубатына жаңы тарифтер менен келген төлөмдөр карапайым калкка оорчулук келтирип, энергетика тармагынын кызматкерлери төлөй албагандардын зымдарын кесип жатканын, электр кубатына байланыштуу жашоого зарыл нерселердин бардыгы кымбаттаганын айтышты. “Манас-1000” коомдук уюмунун жетекчиси Серен Шейшенов буларды белгиледи:

- Талас өрөөнүндө азыркы учурда калктын маанайы абдан начар. Элдин социалдык укуктары абдан тебеленип жатат. Мен ойлойм, бул жерде маселе жалаң эле жарыкта эмес. Маселе биздин өкмөт башчыбызда.

Видео байланышка катышкан Жогорку Кеңештин СДП фракциясынан депутат Иса Өмүркулов таластыктардын суроолоруна жооп берип жатып, өкмөт отун-сууга тарифтерди элдин кызыкчылыгы үчүн эмес, башка бир ууч топ адамдардын кызыкчылыгы үчүн көтөргөнүн белгиледи.

- Мурда тариф көтөрүлө электе "Түндүкэлектро" ишканасынын бир айдагы кирешеси 56 миллион доллардын тегерегинде болсо, аны бүгүн 3 млн. долларга сатып жибердик. Эми электр кубатына тариф 1 сом 50 тыйын болду, бул албетте эки эсеге көбөйөт. Коррупциянын баары ушул жерде. Эмне үчүн кийинки беш жылда жалпы энергия системасы 1 млрд. 800 миң сомду салыкка төлөгөн эмес? Салык төлөнгөн эмес. Аны мына Жогорку Кеңеш он жылга созуп, узартып койду. Ошол эле айып пениясы 1 миллиард 100 миллион сом болгон, аны жокко чыгарып салды.

Иса Өмүркулов буга окшогон чечимдер “Ак жол” фракциясы үстөмдүк кылган кыргыз парламентинде тоскоолдуксуз кабыл алынып, тиешелүү адамдардын жоопкерчилиги каралбай жатканын белгиледи.

Ал эми Кыргызстан коммунисттери фракциясынын лидери Искак Масалиев өкмөттүн отун-сууга тарифтерди көтөрүү саясаты туура эместигин билдирди.

- Азыркы өкмөттүн курамы баягы Александр Матросовдун кызматын аткарып жатышат. Олигархияга, байларга шарт түзүп, энергия тармагын сатыш керек. Мына ушул максат өкмөттүн саясаты. Бул өкмөт кетет да.

Искак Масалиевдин пикиринде илгерки социализм кезиндегидей стратегиялык обьектилер мамлекеттин көзөмөлүндө болушу керек.

Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуучу мамлекеттик департаментинин жетектөөчү адиси Мирбек Маматов мурдагы бийлик кезинде эле энергетика тармагында оор кырдал түзүлгөнүн, тармакты сактап калуу үчүн өкмөт ушундай кадамга баргандыгын билдирди.

- Жаңы өкмөт келип, ал кыска мөөнөттүн ичинде электр энергетиканы тармак катары сактап калуу боюнча ушундай радикалдуу тариф саясатын кабыл алды.

Видеобайланышка катышкан “Ата мекен” партиясынын аппарат жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов энергетика боюнча жүргүзүлүп жаткан саясат тууралуу мындай пикирин билдирди:

- Жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясат - мамлекетке, өз элине кылган кыянаттык. Башка сөз жок бул жерде.

Талас шаарынын тургундары электр кубатына жаңы тарифтик баага нааразы болушуп, азык-түлүк кымбаттап, элдин жашоо шарты начарлап, өкмөт бөлгөн 200 сомдон жөлөк пулдарын алигиче алышпаганын айтышты.

Социалдык коргоо кызматынын өкүлү Абдылда Матамаров отун-суунун кымбатташына байланыштуу өкмөт тарабынан ардагерлерге, бюджеттик мекемеде иштегендерге, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жөлөк пулдар берилерин белгиледи.

Ушул эле күнү президент Курманбек Бакиевге премьер-министр Данияр Үсөнов тарифтердин жогорулашына байланыштуу компенсациялык төлөмдөрдү төлөп берүүгө байланышкан абал туурасында маалымат берди. Мамлекет башчы компенсациялар өз убагында төлөнүп берилүүсүн жана аларды төлөп берүүнү кечеңдеткендер тиешелүү жазасын алышын талап кылып, жарыкты маал-маалы менен өчүрүүнү 2010-жылдын 8-мартынан тартып токтотуу үчүн зарыл болгон чараларды көрүүнү тапшырды.

Ал эми видео байланышка Талас шаарынын тургундары, студенттери, жарандык коомдун өкүлдөрү, Бишкектен Жогорку Кеңештин депутаттары, социалдык кордун, энергетика тармагынын өкүлдөрү, журналисттер катышты.

“Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” буга чейин мындай видео байланышты Ош, Баткен, Нарын облустарынын тургундары менен да уюштурган. “Мындай жаңы иш-чара аймактардын бири-бири менен байланышын чыңдап, ал жактагы көйгөйлөр менен ачык таанышууга, маалымат алууга шарт түзөт" дейт коалициянын жетекчиси Динара Ошуракунова.

XS
SM
MD
LG