Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:38

Кыргызстан базалардын ижарасы үчүн Орусиядан курал-жарак сурады


Кыргыз армиясы аскерий тик учактарга муктаж
Кыргыз армиясы аскерий тик учактарга муктаж

Орусия менен аскердик кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр учурунда Кыргызстан орустардан курал-жарак сураганы аныкталды. Кыргызстандын аймагында жайгашкан бир нече аскер базалары үчүн Орусия ижара акысын аскердик техника менен төлөгөнү кыргыз армиясы үчүн чоң утуш болорун талдоочулар да белгилешүүдө.

Интернеттеги Википедия сайтынын үстүбүздөгү жылга карата берген маалыматына таянсак Кыргызстандын армиясында оор техника деп эсептелген 150 танка, 330 күжүрмөн аскердик техника, 30 аскердик чалгындоочу машина, 35 бронетранспортер, 104 учак, 32 тик учак бар. Мындан тышкары бир катар артиллериялык система, танкка каршы колдонулуучу жарактар тизмектелген. Булардын дээрлик бардыгы союздун тушунда жасалып, даярдалган куралдар болгондуктан көпчүлүгү эскилиги жетип, иштен чыккан.

Ижаранын төлөмү курал-жарак менен

Кыргыз армиясында курал-жарактын жетишсиздиги 1999-жылы Баткен согушу чыккан мезгилде эле белгилүү болгон, бирок андан бери деле бийлик армияны курал жагынан чыңдоого шашпай келди дешет алар. Улуттук гвардиянын мурдагы башчысы, генерал Абдыгул Чотбаевдин “Азаттыкка” айткан пикири боюнча армияны бардык тараптан өнүктүрүү маселеси күнү бүгүнкүгө чейин актуалдуу болуп турат:

-Курал керек экенин бүгүн эле эмес, эң биринчи 1999-жылы Баткен окуялары учурунда эле сезип-билип, сабак алдык эле. Ошондо өзүбүздүн башыбызга тийген. Бирок ошол сабактан туура жыйынтык чыгара алышкан жок биздин кесиптештер. Ошол убакта эле армияны курал-жарак менен чыңдоону токтотпой алып кетсе болот эле. Кыргыз армиясын реформалайбыз деп атып эмнеге жетиштик: техникалардын баары, курал-жарак бүт эски, аскерлерибиз жок, өтө аз санда.

13-сентябрда Кыргызстандын жана Орусиянын коргоо министрлери жолугушуп, эки тараптуу аскердик кызматташуу тууралуу сүйлөштү. Анын алкагында Орусиянын Кыргызстандагы аскер базаларын бирдиктүү аскерий обьектке айландыруу, Ошто аскердик машыгуу борборун ачуу маселеси каралган.

Айрым маалыматтар боюнча кыргыз тарап орусиялык кесиптештеринен бирдиктүү аскерий обьектти 49 жылдык мөөнөт менен жайгаштырылуусуна макулдугун берип, ал эми анын ижарасы үчүн төлөмдү курал-жарак менен берүүнү өтүнгөн. Кыргызстандын Коргоо министрлиги азырынча сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берүүдөн баш тартууда, ал эми кээ бир орусиялык басма сөз каражаттары орус тарап кыргыздардын сунушун Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөндөн кийин карап көрүүгө макул болгондугун жазып чыкты. Акыркы маалыматтар боюнча Орусиянын коргоо министри Анатолий Сердюков АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс менен жолугушуу үчүн бүгүн Вашингтонго жөнөп кетти. Эки тараптын сүйлөшүүсүндө Кыргызстандагы АКШ жана Орусиянын аскер базалары тууралуу сөз болору да айтылууда.

Айрым талдоочулардын пикиринде, Орусия кыргыздардын сунушуна макул болушу толук ыктымал. Орусиялык стратегиялык-иликтөө институтунун илимий кызматкери, аскерий эксперт Владимир Карякин Кыргызстандын башына туруктуу, легитимдүү жана ишеничтүү бийлик келсе, кыргыз армиясын курал-жарак менен жабдуудан орустар качпайт деген пикирде:

- Эгер бийлик башына күчтүү саясий башчы келип, кырдаалды туруктуу кармап тура алса, башкысы легитимдүү бийлик болсо Орусия тарабынан аскерий-техинкалык жактан, унаа жана аскерлерди окутуучу адистер жагынан да жардам берет деп ойлойм.

Реформа үчүн акча барбы?

Адистердин белгилөөсүндө кыргыз армиясында курал-жарак тартыштыгын, бар жабдыктардын көпчүлүгү эскилигинен иштен чыгып калганын июнь айында түштүктө болгон коогалаң да ашкереледи. Ушундан улам азыр кыргыз армиясына заманбап тик учактар, тоо аскер бөлүктөрү үчүн атайын курал-жарактар, көзгө атар мылтыктар зарыл дейт генерал Абдыгул Чотбаев:

- Менин оюмча азыр бизге акчанын ордуна курал-жарак: аскердик тик учактарды, көзгө атар мылтыктар, аларга октор берилсе жакшы болмок. Баткен окуясы көрсөттү, бизге оор танктан, машиналарга караганда тоолорго аскерлерди жеткире турган, абадан сокку уруучу тик учмалар керек экен. Ошондой эле тоолордо чуркап салгылашуу үчүн жоокерлерге жеңил көзгө атарлар, пулемоттор, автоматтар болгону жакшы.

Абдыгул Чотбаев кыргыз армиясын реформалоо дагы деле болсо актуалдуу боюнча калганын айтып, уландар үчүн аскердик милдетин өтөөгө белгиленген бир жылдык мөөнөт өтө эле аз деп кошумчалады.

Ошол эле Википедия сайтынын маалыматына караганда, Кыргызстандын куралдуу күчтөрүндө 15 миңге чукул аскер бар. Июнь окуясынан кийин бул көрсөткүч запастагы аскерлерди кайра ички аскерлердин катарына алуу менен толукталганы белгилүү. Ай сайын айлык акы төлөп мындай аскерлерди кармоого кыргыз экономикасынын күчү качанкыга чейин жетет, муну айтуу кыйын.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG