Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:27

Москвада Төлөмүш Океевдин 75 жылдыгы белгиленди


Төлөмүш Океевдин мааракесине арналган жыйындан: (солдон оңго карай) режиссер Хожокули Нарлиев, кино сынчы Эльга Лындина, режиссер Булат Мансуров жана Орусиянын кинематографисттер бирикмесинин жетекчилеринин бири Константин Щербаков.
Төлөмүш Океевдин мааракесине арналган жыйындан: (солдон оңго карай) режиссер Хожокули Нарлиев, кино сынчы Эльга Лындина, режиссер Булат Мансуров жана Орусиянын кинематографисттер бирикмесинин жетекчилеринин бири Константин Щербаков.

16-ноябрда Москва шаарындагы Кино үйүндө кыргызстандык белгилүү режиссер Төлөмүш Океевдин 75 жылдык мааракеси белгиленди.

Москвадагы Кино үйүнүн чоң залы мааракеге келгендерге жык толду. Адегенде “Борбор Азиядагы кино өнөрү жана Төлөмүш Океев” деп аталган тегерек үстөл талкуусу өттү. Талкууну Түркмөнстандын белгилүү режиссеру, “Маңкурт” тасмасынын автору Кожогули Нарлиев алып барды. Кожогули кириш сөзүндө Чыңгыз Айтматов жана Төлөмүш Океев кыргыздын багына жаралганын белгиледи.

Кечени Өзбекстандын таанымал режиссеру Али Хамраев баштады. Наталья Алимбасарова, Булат Мансуров, Николай Иванов жана башкалар маркумдун дараметтүү тасмаларына жогору баа беришти. Булат Мансуров Океевдин “Жылкы деген ушу” аттуу тасмасын талдого алды. Тажикстандык режиссер Довлат Худоназаров “кыргыз дүйнөсүндө Океевдей талант жаралбай коймок эмес. Бир гана айырмасы Океев – чанда жолукчу тубаса талант”, - деп айтты.

Төлөмүш Океев
Кечеге катышкан режиссерлор “Кыргыз керемети” түшүнүгү Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров, Муратбек Рыскулов, Сүймөнкул Чокморов жана башка инсандардын дараметинен жаралганын белгилешти. Маркум Төлөмүш Океев тарткан тасмалар ушул күнгө чейин советтик мейкиндикте өз ордун ээлеп келаткандыгы айтылды.

Кечеде Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Улукбек Чыналиев куттуктоо сөз сүйлөсө, мурдагы элчи Апас Жумагуловдун аңгемесинде анын Т.Океев менен кантип Фрунзе шаарындагы №5 мектепте 8-класста бирге окуганы залды кунт коюп угууга түрткү болду.

Мааракеге Төлөмүш Океевдин жубайы Жумаш айым, кызы Азиза, уулу Искендер катышты. Кече тууралуу Азиза Океева буларды айтты.

- Ушундай атактуу кишилердин азыркы заманда ар кайсы өлкөдөн кечеге келиши дайыма эле боло бербейт экен. Өзү каалабаса атайын күчтөп да алып келе албайт экенсиң. Алар Океев тууралуу жакшы пикирде болгону үчүн келишти. Алардын да майрамы болгону көрүнүп турат.

“Азаттык”: Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандан коноктор бар экен, алар кантип келип калды?

Т.Океевдин жубайы Жумаш айым жана кызы Азиза
- Алар кийинки учурда Москвада жашайт. Тажикстандык режиссер Д.Худоназаров он беш жыл мурдагы окуядан кийин Тажикстанга киргизилбей бул жакта бозгунда жүргөн, өлкөсүнө бара албайт. Х.Нарлиев да Түркмөнбашы менен жакшы болбой Москвада жашайт. А.Хамраев да Өзбекстанда кино өнөрүнө Кыргызстандагыдай колдоо көрсөтүлбөгөнү үчүн бул өлкөдө жашайт.

Төлөмүш Океевдин “Бакайдын жайыты”, “Отко сыйынуу”, “Көк серек”, “Кызыл алма”, “Улан” жана башка эмгектери көрсөтүлдү. Бул тасмалар жаш кино чеберлерине өрнөк боло тургандыгы белгиленди. Кечеге Москвада жашаган мигранттар жана билим алган кыргызстандык студенттер катышты.

Мааракени өткөрүү демилгесин маркум режиссерду сыйлаган кесиптештери көтөрүп, Орусиянын кинематографисттер уюму уюштурду. Ага маркумдун үй-бүлөсү жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги көмөктөштү.
XS
SM
MD
LG