Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:05

Жалал-Абад: Өрттөнгөн үйлөрдүн алды курулуп бүттү


Базар-Коргон району. Июнь айында үйү өрттөнгөн Улугбек Нышанбаев жубайы менен жаңы курулуп аткан үйүнүн алдында
Базар-Коргон району. Июнь айында үйү өрттөнгөн Улугбек Нышанбаев жубайы менен жаңы курулуп аткан үйүнүн алдында

Жалал-Абад облусунда июнь айындагы тополоңдо үй-жайынан айрылгандар үчүн алгачкы 20 үйдүн курулушу бүткөрүлдү.

Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция Жалал-Абад облусунда 424 үйдү кайра курууга муктаж деп чечкен. Дирекциянын облустагы өкүлү Талант Исмаилов кечээки күнгө чейин 20 үй курулуп бүткөндүгүн маалымдады.

Базар-Коргондогу курулуп жаткан үйлөрдүн бири
Анын ырасташында, облуста 185 үйдүн дубалы көтөрүлүп, жүз тамдын чатыры жабылды. Жабырлануучуларга мамлекеттик насыя жана кайтарымсыз акча берүү иши улантылууда.

Мамлекеттик дирекциянын деректири Ж. Сатыбалдиев менен БУУнун качкындар боюнча башкы комиссариатынын Кыргызстандагы өкүлү Ханс Фридрих Шроддер Жалал-Абад шаарында курулуп бүткөн үйдүн ачкычын Жалал-Абад шаарынын Кыргыз Республикасы көчөсүндө жашаган жүз неберелүү 90 жаштагы Бүайша Дарманбекова энеге тапшырышты.

Июнь айындагы баш аламандыктарда талкаланган тамдар Кыргыз өкмөтү менен Эл аралык качкындар комиссариаты, даниялык качкындар кеңеши, АКТЭД, кызыл чырым жана католик чиркөөсүнүн каржылык колдоосу менен курулууда.

Базар- Коргон районунда дагы июнь окуясында өрттөлгөн үйлөрдү калыбына келтирүү жумуштары жасалууда. Район тургуну Улугбек Нишанбоевдин бир бөлмөсү даяр, үйү толук бүткүчө анын үй- бүлөсүнө чатырда жашоого туура келет:
XS
SM
MD
LG