Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:08

Б.Рыскулова: Кулчулук - бүгүнкү күндүн көйгөйү


«Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова азыркы замандагы кулчулук жана ага каршы күрөшүү жөнүндө ой-пикир бөлүшөт.

- 23-августта кулчулукка сатуунун жана анын жоюуну эл аралык күнү белгиленбедиби. Буга карата Кыргызстанда кандай иш чаралар өткөрүлүп келет?

- Бир гана буга карата эмес, мына 10 жылдан ашып калды, көп эле иш чаралар көрүлүп атат. Кулчулук деген бүгүнкү күндүн эң бир көйгөйлүү маселеси болуп атат. 90-жылдын ортосунда эл аралык миграция боюнча уюм изилдөө жасаган кулчулуктун биздин өлкөдө канчалык жайылганы боюнча. Бүгүнкү күндө ошондон бери өлкө боюнча изилдөө жүргүзүлгөн жок. Биздин чакан уюмдун практикалык жактан тажрыйбасында бул көйгөйлүү маселе болуп эле келатат.

Кулчулук боюнча өлкөлөрдү үчкө бөлсө болот – транзит өлкөсү, кулчулукка алып барган жана кулчулук чыккан өлкө деп. Биздин Кыргызстан транзит өлкө, кулчулукка алып кеткен өлкө болуп эсептелет.

Кулчулуктун шартын дагы айтып кетсе болот. Бул маалыматтын жетишсиздигинен жана жумушсуздуктан келип чыгып атат. Маалымат кээде жетиштүү болсо дагы, элдер ишенбей, мен башка жакка барсам эле турмушумду оңоп алам, көйгөйлүү маселемди чечип алам деп кете беришет.

Кулчулукка баргандар экиге бөлүнөт – жумуш издеп баргандар жана сексуалдык кулчулукка кабылгандар. Бүгүнкү күндө дагы бир жаңы бир шарттар пайда болуп атат. Азыр биздин өлкөнүн ичинде эле кулдарды пайдаланып атышат. Буга коңгуроо эмес, набат кагыш керек, бул алкоголизм, бул наркомания, анан илгерки комоктордун баарын азарттык оюнга айлантып жиберген.

Бул адамдар өзүн өзү кулга айлантып атышат. Алар өзүнүн жашоо шартын билбей калышат. Ошого байланыштуу биздин эле жарандар аларды пайдаланып атат. Селсаяктар арбып эле кетпеди беле, азыр көрүнбөй калып атат. Муну да изилдеп чыгыш керек. Ушундай чоң жумушсуздук болсо, үч көйгөйлүү маселе болсо эртеңки күнүбүз кандай болот?

- Кулчулукка мажбурланган адамдар “Сезим” кризистик борборуна кайрылышабы, эгер кайрылса кандай жардам көрсөтүлөт?

- Негизинен эмгекке алдап алып барышат. Азыр Орусияга алып барып атышат. Бирок биз азыр даяр болушубуз керек, кризис болгондо адамдар агылып эле кете беришет. Маалыматы барбы, жумуш барбы, жокпу кете беришет.

- Ошонун курмандыктары сиздерге кайрылдыбы, кандай жардам көрсөттүңүздөр?

- Бизге түздөн түз кайрылбайт. Миграция комитети бар, эгерде кайрылып калса психологиялык, укуктук жактан жардам көрсөтө алабыз.

- Ал эми мамлекет тарабынан сиздерге материалдык, же моралдык жардам көрсөтүлөбү?

- Мамлекет тарабынан бизге реабилитациялык борборго чоң жай берген, коммуналдык эсепти төлөп турат. Мамлекет жактан кичине каржылоо болуп атат.

- Маегиңизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG