Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:41

Боб Стюарт: Кыргызстанда азыр кооптонуп жашоого негиз жок


Боб Стюарт, Британия парламентинин өкүлдөр палатасынын мүчөсү, Британиянын мурдагы аскер командачысы жана БУУнун Босниядагы бейпилдик күчтөрүнүн жетекчиси
Боб Стюарт, Британия парламентинин өкүлдөр палатасынын мүчөсү, Британиянын мурдагы аскер командачысы жана БУУнун Босниядагы бейпилдик күчтөрүнүн жетекчиси

Кыргызстанда ар кандай тополоң окуялар болгонуна карабастан, чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттар арбын, деп ишенет Британия парламентинин өкүлдөр палатасынын мүчөсү Боб Стюарт. Стюарт мырза ушул тапта Кыргызстанды кыдырып жүргөн кези.


- Мен Бишкекке англис-кыргыз коомунун жетекчиси, доктор Табризи менен бирге келдим. Биздин максат – Кыргызстанга колдон келишинче чет жактан, Англия жана башка мамлекеттерден инвестиция тартып, силердин өлкөгө жардам берүү. Соңку кездери бир топ опурталдуу окуялар болгонуна карабастан, Кыргызстанда андайга зор мүмкүнчүлүктөр бар деп ишенебиз. Доктор Табризи мени Британиянын парламентинде Кыргызстан боюнча иш алып барган атайын топ түзүүгө да үгүттөп жатат.

- Өзүңүз деле угуп-билип жатсаңыз керек. Ушу тапта кыргызстандыктар, чет элдик инвесторлор үчүн да коопсуздук, стабилдүүлүк маселеси баарынан көйгөйлүү болуп турат. Сиз жагдайды кандай баалайт элеңиз?

- Менимче, андай чочулоо маалымат каражаттары кырдаалды бир аз көбүртүп-жабыртып жазганынан болуп жатат. Бул өтө өкүнүчтүү. Адамдар өмүрүнөн айрылышты. Ошентсе да, менин азыр Кыргызстандагы кырдаал тууралуу пикирим азыр чет өлкөдө жашаган башкалардыкынан айырмалуу десем болот. Кыргызстанда азыр кооптонуп жашоого негиз жок, чет өлкөлүктөр коркпой-үркпөй эле келсе болот. Кыргыз эли да өлкөдө тынчтык болмоюнча, өнүгүү болбосун түшүнүп, ички күрөштү токтотот деп үмүттөнөм. Кыргызстандын дарамети зор, эл жумуш менен камсыздалып, бала-бакырасын жакшылап бакканга шарт түзүлсө, өлкөнүн келечеги чоң деп ишенем.

- Азыр кыргыз коомундагы ички талаш-тартыштын бири ЕККУнун полиция тобун киргизүү маселеси болууда. Улам бир митинг-демонстрация өтүп жатат. Сиз эл аралык бейпилдик аскерлерин башкарууда тажрыйбам бар дедиңиз. Ушул азыр ЕККУнун полициячылар тобуна каршы чыгып жаткандарга эмне дээр элеңиз?

Боб Стюартты Кыргызстанда аны менен достук мамилеси бар кыргыз атуулу, Би-Би-Синин кыргыз кызматынын журналисти Арслан Капай уулу коштоп жүрөт
- Бул жерде эки маселе жатат. Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаал жергиликтүү калк тарабынан чечилчү маселе. Сырттан бирөө келип чечип бербейт. Экинчиден, мен 1992-93-жылдары Босниядагы британ бейпилдик күчтөрүн жетектегем. Кандай болбосун чет элдик аскер, же полиция күчтөрү, жергиликтүү эл макул болмоюнча ал жерге бара албайт, иштей албайт. Бирок мен билгенден ЕККУнун полицияга кеңеш берчү тобу Кыргызстанга бийлик жүргүзгөнү, бирөөнү башкарганы келаткан жок. Алар кырдаалга көз салып, калыс маалымат жеткирүү, чагымчыл окуяларды алдын алуу жагынан кыргыз полициясына кеңеш берип, окутуу максатында гана келет.

Биз Боснияга ал жерде жашаган калктын үч тарабы тең – босниялык сербдер, хорваттар жана мусулмандар макулдугун бергенде гана барганбыз. Бир да өлкө калк өзү каалабай атса, куралсыз полициячыларын ал жакка жөнөтпөйт. Антсе, аягы кандай болорун айтуу кыйын болот. ЕККУнун полициячылар тобу Кыргызстандагы проблеманы чечүү максатында келбейт, алар проблеманы басаңдатышы мүмкүн. Чыр-чатактын баарын кыргыз эли өзү гана чече алат.

- Кыргыз жетекчилери менен жолугушуп, чет элдик инвестицияны тартууга тоскоолдук болчу жагдайларды талкуулайсызбы? Мисалы эксперттер улутташтыруу деп далай ишкана-обьекттер мамлекетке тартылып алынганын кооптондурчу фактор катары айтып жатышат.

- Кыргызстанда иштөөгө толтура мүмкүндүк бар. Ага өкмөттүн кайсы бир чечими чоң тоскоолдук боло албайт. Маселен, табигый кендерди иштетүү. Алтын, көмүр казуу жана ушуга окшогон тармактар. Курулуш, курулушка керектүү техника чыгаруу жана башка. Британиялык далай компаниялар келип иштесе болот. Аларга Кыргызстан чет элдик инвесторлор үчүн бардык шарт түзүлгөн өлкө деп кулак кагыш кылып, көңүлүн бурдуруу керек.

Инвестиция келсе, ал жаңы жумуш орундар ачылат дегенди түшүндүрөт. Жумушу болсо, бала-бакыраны багып, ойдогудай тарбиялоого шарт түзүлөт. Саясат менен бизнес тыгыз байланышкан. Бизнес жүрүп турса, элдин иши жүрүп, адамдар өз жашоосуна канааттанып, бейкапар жашоо сүрөт. Турмушу канааттандырарлык болсо, эл көчөгө чыгып, чыр-чатак чыгаруудан алыс болот. Мен тогуз саатта Лондондон Бишкекке түз учуп келдим. Бул жер дүйнөнүн түпкүрү эмес. Кыргызстан – келип бизнес жасап, жашай турган, жаратылышына суктанып, саякаттап кете турган, эс алууга абдан ыңгайлуу жай.

- Рахмат, сапарыңыз байсалдуу болсун.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG