Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Бишкек дүйнөнүн эң кир шаарларынын тизмесинде 14-орунда


Февраль айында айрым окуучулар Бишкек шаарынын тазалыгы үчүн үгүт жүргүзүшкөн.
Февраль айында айрым окуучулар Бишкек шаарынын тазалыгы үчүн үгүт жүргүзүшкөн.

“Trend” агенттиги, “Business Week” жана NYC Partnership Consulting эл аралык уюмдары дүйнө жүзүнүн эң булганч шаарларынын тизмесин түзүп, алардын катарына Кыргызстандын борбор калаасы Бишкек киргенин билдиришти.

Мындай тыянак абага зыяндуу газдардын бөлүнүп чыгышы, таштандылардын кайра иштетилиши жана жугуштуу инфекциялардын тарашы сыяктуу бир катар көрсөткүчтөрдүн негизинде чыгарылган. Ал эми аталган тизменин башында Иран, Кения, Каир жана Египеттин шаарлары турат.

Эл аралык “Тренд” агенттиги дүйнө шаарларынын тазалыгы тууралуу жарыялаган баяндамасында Бишкек шаары 14-орунга татыган. Аталган агенттик мындай жыйынтыкты абанын булгануусу, ичкен суунун тазалыгы жана инфекциялык ооруулардын таркалышы сыяктуу көрсөткүчтөр менен негиздеген.

“Тренд” агенттиги белгилеген бирден бир көрсөткүчү - бул абанын булгануусу болгон. Шаардын жаш тургуну Токтобек Омокеевдин оюнда мындай маалымат чын болушу мүмкүн. Ага унаалардын көбөйүшү жана алардын эски болгону себеп:

- Мындай маалымат толугу менен эле объективдүү, себеби бизге келип жаткан унаалардан техникалык көзөмөлдү өткөндөрү да бар, өтпөгөнү да бар. Көп жылдардан бери колдонулуп жүргөн унаалар көп. Азыр ар бир үй-бүлөдө эле эки-үчтөн унаа бар. Экинчиден, азыр кыргыз эли көчөдө басып баратып, колундагы таштандысын ыргыта турган болсо андай урналарды таппайт. Анан ал таштандысын чөнтөгүнө салып жүрбөйт да. Албетте туш келди жерге ыргытышат. Бул да шаардын булгануусуна алып келет.

Бишкек шаарынын кир шаарлардын катарына кошулушунун дагы бир көрсөткүчү - инфекциялык ооруулардын жайылышы. Буга Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык эпидемиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Курманбек Өмүралиев каршы пипкирин “Азаттыкка” билдирди.

- Мындай көрүнүш элдин миграциясы менен байланыштуу, себеби аны аныкташ үчүн биз ооруулардын санын шаарда расмий катталган адамдардын санына бөлөбүз. Эгер расмий түрдө шаарда сегиз жүз жетимиш миң адам болсо, факт менен алганда бир жарым миллион болуп атпайбы. Ошондуктан көрсөткүчтүн жогору болгону тазалыкка эч кандай тиешеси жок. Тескерисинче, акыркы 10-15 жылдары ашказандын инфекциясын 27 пайызга төмөндөттүк. Ошол себептен бизди төмөн койгонго эч негиз жок. Суубуз болсо дегеле таптаза. Бишкектен чыккан артезиан булактары жана жердин астындагы сууларыбыз бактериологиялык жактан да, микробиологиялык жактан да биздин мамлекеттик жана эл аралык талаптарга жооп берет.

“Тазалык” муниципалдык ишкананын башчысы Замирбек Асанбаевдин айтымында, былтыр аталган ишканага “Минск” унаа куруучу заводдон жыйырма беш унаа бөлүнгөн. Жалпысынан бир жарым миң киши шаарда тазалык иштерин жүргүзүп жатат жана эки жүздөн ашык техника иштейт. "Мындай көрсөткүчтөр тазалыкты сактоого толугу менен шарт түзөт жана ишкерлер түнүкүсүн да иштеп жатканы деле чоң жетишкендик" дейт Замирбек Асанбаев.

Ал эми Бишкек шаарынын жаратылышты коргоо инспекциясынын башчысы Болот Аксамаев Бишкек шаарын көрктөндүрүү иштери ийгиликтүү жүрүп жатканын белгиледи:
- Шаарыбызды жашылдандыруу боюнча азыр көп иш-чаралар жүрүп жатат жана кырдаал жылдан жылга жакшырып баратат. Былтыр эле Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулушу тарабынан жаш теректерди отургузганга тогуз миллион сом бөлүнгөн. Быйыл ал көрсөткүч он беш миллионду түздү.

New York City Partnership Consulting өңдүү эл аралык уюмдардын Бишкек шаарын эң булганган шаарлардын тизмесине киргизиши өкүнүчтүү көрүнүш, бирок эгер ар бир атуул гигиенаны сактап, жаратылышка болгон мамилесин өзгөртсө, буга окшогон маселелер көтөрүлбөйт эле.

XS
SM
MD
LG