Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Бишкек эң кир шаарлардын тизмесине кирди


Бир кездерде “жашыл шаар” деп суктанып келген Бишкек дүйнөдөгү эң кир шаарлардын катарына кошулду. Мындай иликтөөнү эл аралык “Нью-Йорк Сити Партнершип Консалтинг” компаниясы жүргүзгөн. Бишкек мэриясы мындай жыйынтык менен макул эмес.

“Нью-Йорк Сити Партнершип Консалтинг” компаниясы иликтөө жүргүзүп, дүйнөдөгү таза жана кир шаарлардын тизмесин түзгөн. Анда абанын булганышы, суунун тазалыгы, таштандыларды кайра иштетүү жана жок кылуу жолдору, жугуштуу оорулардын деңгээли сыяктуу бир катар көрсөткүчтөр менен 30 шаар эң кир калаалардын катарына кирген.
Бишкек шаарында таштандылар көп, тазалаш керек.


Бул тизмеде биринчилик Азербайжандын борбору Бакуга ыйгарылган. Ошондой эле Орусиянын борбор шаары Москва (12-орун), Аддис-Абеба (Эфиопия, 2-орун), Багдад (Ирак, 20-орун), Нью-Дели (Индия 21-орун), Алматы (Казакстан, 25-орун) жана башка шаарлар да эң кир калаалардын тизмесине кошулган. Мына ошолордун катарын 16-орунду ээлеп, Кыргызстандын ордо калаасы Бишкек толуктап турат.

“Шаар тазабы? Ооба, абдан таза!”

Аталган компания жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгына Бишкектин тазалык жана көрктөндүрүү иштерине жооп берген “Тазалык” бирикмесинин жетекчиси Замирбек Асанбаев кошулбайт. Ал Бишкектин эң кир шаарлардын катарына кошулуп калышы - соңку мезгилдерде унаалардын көбөйгөнүнө байланыштуу деп эсептейт.

- Мен бул жыйынтыкка кошула албайм. Биздин бүгүнкү жасап жаткан эмгегибиз баа бергенге арзыбайт. Биз шаардын тазалыгы боюнча болуп көрбөгөн иштерди жасап жатабыз. Ар кимдин пикири ар кандай. Ошого таянып эле Бишкек кир шаарларга кирет деп жыйынтык чыгарып коюу туура эмес. Мисалы, мен Индияда болгон. Индиянын шаарына караганда Бишкек кантип он эсе таза болбосун? Бул жыйынтыкта шаардын экологиялык жагы эске алынышы мүмкүн. Анткени унаалар абдан көбөйдү. Биз башка шаарларда да көп болобуз. Ошого карап Бишкекти эң таза шаарлардын катарына кошсо да болот.

“Азаттык” бул маселе боюнча шаар тургундарынын да пикирлерин укту:

Калыбек: Бишкек шаарында таштандылар көп, тазалаш керек.

Бурул: Туура эмес да бул чечим. Кооз шаар, жашылдандыруу боюнча, тазалыгы деле, сулуу.

Бектур: Таштандыларды жыйнабайт. Бир жагынан эл өзү деле күнөөлүү, көрүнгөн жерге таштайт.

Бокен: Жок, кошулбайм. Азыр оңолуп калды. Союз тараганда баары начарлап кеткен. Эми бузулган нерсе оңолуш кыйын да, акырындык менен жакшырып баратат. Өзүмдүн мекеним жаман болсо да жагат, кантип жаман болсун.

Бардыгы али алдыда

“Нью-Йорк Сити Партнершип Консалтинг” компаниясы жүргүзгөн иликтөөдө эң таза шаар деп Канаданын Калгари шаары табылган. Мындан сырткары Хельсинки, Копенгаген, Гонолулу, Женева, Осака сыяктуу 10 шаардын тизмеси көрсөтүлгөн.
Индиянын шаарына караганда Бишкек кантип он эсе таза болбосун?


Бишкек деле таза шаарлардын тизмесин толуктаганга мүмкүнчүлүгү бар деген пикирин “Тазалык” бирикмесинин жетекчиси Замирбек Асанбаев айтып келет. Ал шаардын тазалыгын камсыз кылуу максатында дагы 150 штат түзүлүп, көчө тазалоочу кошумча унаалар алынып келингенин, шаар ичи гана эмес жаңы жалдан тарта жаңы конуштарда да таштандыларды тазалоо иштери жүрө баштагынан белгилейт. Мына ушундай иштер кандай жыйынтык берип, келерки жылы Бишкек эки тизменин кайсынысына кошулат - аны убакыт көрсөтөт.

"Азаттыктын" архивинен: Бишкек өз мааракесин шаттана белгиледи

Ордо шаардын улан-кыздары жана улуу муундагы калкы байтактынын 131 жылдык мааракесин 2009-жылдын 29-апрелинде шаттануу менен майрамдады. MiT.

Бишкек өз мааракесин шаттана белгиледи
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:53 0:00
XS
SM
MD
LG