Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

Б. Орунбеков: Фергана өрөөнүндө радикалдык исламдык күчтөр кайрадан баш көтөрдү


Саясат талдоочу Бакыт Орунбеков Өзбекстандагы акыркы окуялар тууралуу баам-байкоолорун бөлүшөт.

- Бакыт мырза, Өзбекстандын Ханабад жана Анжиян шаарларында болгон жардыруу, атышуулар жана анда набыт болгон адам саны тууралуу карама-каршы көп маалыматтар айтылып жатат. Бирок ал кимдин колунан келгени алигиче так эмес. Сиздин оңузда бул окуялар кимдин колунан келди жана региондо саясий туруктуулуктун жок болушуна кай тарап кызыкдар?

- Бул окуя боюнча кечээги-бүгүнкү маалыматка караганда, "Ислам джихади" деген террористтик уюму катары саналган радикал ислам уюмунун мүчөлөрү өзүлөрүнүн мойнуна албадыбы, бул мурдатан көрүлгөн аракет болгонун, ошол кайсы бир аракеттер менен жемишин берип аткандыгын. Мындан ары андай күчтөр өздөрүнүн иш-аракеттерин дагы күчөтө тургандыгын билдирди деп сайттарга жана ММКларга кетти. Демек бул жерде Фергана өрөөнүндө өзгөчө мурдатан келаткан радикалдык күчтөрдүн басаңдагансып көрүнгөнү менен мына муну менен кайрадан баш көтөрүп, ошол региондун коопсуздугуна шеек келтире турган күчтөр бар экенин көрсөттү.

- Айрым саясат талдоочулар бул өзбек бийлигине каршы Өзбекстандын ичиндеги топтордун колунан келиши мүмкүн десе, айрымдары Кыргызстан менен Орусиянын жакшырып бараткан мамилесинен улам бүткүл Борбор Азияда кырдаал курчушу үчүн атайы жасалган иш деген ойлор бар. Булардын кайсынысы негиздүү же сизде башка пикир барбы?

- Өзбекстандын Фергана аймагында исламчыл радикал күчтөр мурдатан эле өздөрүнүн күчүн, билегин көрсөтүп келген. Булар убакыт өткөнү менен деле, булар да чоң саясатчы жана башкалар отурса керек да. Логикалык жактан мезгили келгенде Борбордук Азия мамлекеттери менен Орусиянын ортосундагы, же Борбордук Азиянын ички өз ара мамилелерин бузууга кызыкдар башка күчтөрдүн да бар экени жөн отурган адамдын да оюна келет.

- Түркиянын президенти Абдула Гүл менен кыргыз президенти Курманбек Бакиев кечээ кол коюшкан биргелешкен декларацияда Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салууга кызыкдар экенин баса белгилешти. Анан Өзбекстанда коопсуздукка кооптонуу жараткан окуялар болуп кетти. Бул жагдайдан алганда АКШнын Манастагы авиабазасынын тагдыры кандай болуп чечилет деген ойдосуз?

- Ооганстандагы, Пакистандагы азыркы абал биринчи кезекте Борбордук Азия мамлекеттери үчүн өтө маанилүү. Кечээ Түркиянын президенти ошол нерсеге кызыкдар болуп атат. Анткени Түркия өзү дүйнөлүк саясатта өнүккөн өлкө катары негизги оюнчулардын бири болуп атпайбы. Жакынкы Чыгыш, Иран маселеси боюнча дагы өзүнүн оюн айткан, угуза алган өлкө катары. Бул маселеге келгенде Борбор Азия мамлекеттери амбицияга алдырбай, өз алдынча эмес, бирдиктүү саясат болсо, ошондо жалпы коопсуздугубузга жакшы өбөлгө түзүлүп, мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калганга шарттар бекемделет эле деген ойдомун.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG