Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

Ак-Сай менен Арпадагы малчыларды куткаруу аракети


Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылындагы чабан
Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылындагы чабан

Нарын жана Ат-Башы районуна жааган калың кардан дыйкандар жана малчылар текши зыян тартышты. Учурда келген зыяндын көлөмү такталып жатат. Алыскы Ак-Сай, Арпа жана башка жайлоолордо калган малчыларды куткаруу аракеттери кыйынчылык менен жүрүүдө.

Алыскы жайлоолордо калып калган малчыларды алып түшүү кыйынчылыктар менен коштолууда. Жолдор ачылган менен унаа жетпей, унаа чыкса күйүүчү май жок, карайлап тургандар көп болуп жатат.

Азыркы учурда алыскы жайлоо-кыштоолордо калган малчылардын үй-бүлөлөрүн жакага алып түшүү, малдын башын аман сактоо боюнча аракеттер көрүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир тик учагы менен куткаруучулар жана дарыгерлер кол жеткен жерде жардам көрсөтүшүүдө.

20-сентябрда областтык акимчилик Ак-Сай менен Арпада 126 малчы бар деп маалымат берген. Андан кийинки маалымат боюнча аталган жайлоолордо 349 малчы бар деп айтылууда.

Ак-Сай, Арпадан башка жайлоолордогу малчылар да көчүрүлүп келип жатат. Нарын районунун Дөбөлү айылдык округунун башчысы Жанышбек Ибраимакун уулунун айтымында малчылары жүктөрүн таштап, өздөрү көчүп келишүүдө.

Мал башынан чыгым тарткан үй-бүлөлөр болуп жатат. Эки-Нарын жана Дөбөлү айылдарында малчылар өткөн жол жэгинде козу- улактардын өлүктөрү жатканын айыл тургундары айтышууда.

Нарын районун акими жана анын биринчи орун басары Ак-Сай, Арпадагы жана башка жайлоолордогу малчыларды көчүрүп келүү үчүн жер-жерлерде жүрүшөт.

Бир эле учурда областта капыстан түшкөн калың кардан келген зыяндын көлөмүн эсептөө үчүн комиссия түзүлдү. Азыр комиссия кар алдында калган жерлердин эсебин алууда. Нарын районунда түшүм жарым-жартылай жыйналган болсо, Ат-Башыда эгин талааларын бүт кар бастып калды.

Нарын районунда жалпысынан 1471 гектар эгин аянтын кар баскан. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын тастыктоосу боюнча анын 931 гектарын буудай, 540 гектарын арпа аянттары түзөт.

Миң-Булак айыл округунун жалпысынан 356 гектар эгинин, Он-Арчанын 287 га, Дөбөлүнүн 228 га, Жерге-Талдын 195 гектарын кар баскан. Адистер учурда булардын канча гектары чабылууга жатат жана канча гектары таптакыр орулбастыгын иликтешүүдө.

XS
SM
MD
LG