Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

Кыргызстандагы каршылык акцияларынын хроникасы


7-апрелде Кыргызстандын көпчүлүк аймактары масштабдуу каршылык акцияларынын кучагында болду. Бишкекте Ак үйдүн алдында куралчан милиция күчтөрү менен демонстранттар кагылышып, ондогон адам жарадар болду, өлгөн адамдар да бар. Нарында, Таласта, Аксыда, Токмокто, Токтогулда, Алайда, Кара-Кулжада, Ысык-Көлдө бийлик демонстранттардын колуна өттү.

19:52 Бишкектеги тополоңдон 17 адам каза болгонун Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо бөлүмүнүн жетекчиси Динара Сагынбаева “Азаттыкка” билдирди.

19:18 Жогорку Кеңештин имараты талкаланып жатканы жөнүндө кабар келди

19:18 Бишкектеги №4 ооруканага 89 адам ар кандай жараат менен түшкөнү такталды

18:57 Кара-Кулжада аким өз каалоосу менен кызматтан кетти

18:53 Абактагы оппозиция лидерлери бошотулду

18:32 Бишкектеги №4 ооруканада демонстрацияда ок тийген эки адам өлдү

18:21 Темир Сариев бийлик менен ок атууну токтотууну сүйлөштү

18:03 Улуттук биринчи каналдан оппозиция өкүлдөрү чыга баштады

17:36 Ысык-Көл облусунун бийлик жетекчилери имараттан чыгып кетишти

17:33 АКШ элчилиги Таластагы окуяга тынчсызданган билдирүү жасады.

17:18 ЕККУ Кыргызстандагы окуяларга камтамачылык билдирди

17:08 Кыргызстандын айрым аймактарына коменданттык саат киргизилди

16:54 Токтогул районун акимчилиги митингчилердин колуна өттү

16:45 М.Конгантиев Таластан “үй-бүлөлүк башкаруунун азабын мен да тартып жатам. Бакиев кетсин!” деп айтканын “Азаттыктын” кабарчысы билдирди

16:38 “Ак шумкар” партиясынын лидери Т. Сариев К. Бакиевден элге ок атууну токтотууну талап кылды

16:31 Алай райондук акимчилигине демонстранттар кирип барды

16:14 Аксы райондук акимчилиги элдин колуна өттү

16:03 Акүйдүн алдында куралчан милиция күчтөрү демонстранттарга ок атууда

15:29 Таласта министр М.Конгантиев сабалганы кабарланды

14:29 Акүйдүн алдында беш адам жаракат алганы тууралуу маалымат келди

14:14 Митингчилер Талас облустук ички иштер башкармалыгынын ичине кирип барышты

14:10 Алайда кармалган лидерлер бошотулду

14:06 Таласта ИИМдин башкармалыгы басылып алынды

13:47 Демонстранттар Ак үйгө чабуул баштады

13:27 Москва районунун алдына 2000ге жакын киши чогулду

13:10 М.Конгантиев милиция кызматкерлерин алып чыгып кетерин билдирүүдө

13:01 Алайда миңден ашуун киши чогулду

12:42 “Форумда” демонстранттар милиция кызматкерлеринин куралын тартып алышты

12:34 “Форумда” демонстранттар менен митингичилер кагылышты

12:17 Таласта милиция күчтөрү кайрадан көздөн жаш агызчу газ атууда

12:16 Нарында элдик губернатор шайланды

12:06 Таласта ИИМдин башкармалыгына кирүү аракети жасалууда

11:57 Таласта эл ИИМдин облустук башкармалыгына жөнөдү

11:56 Токмокто автобекеттин жанында элдик курултай өтүп жатат

11:53 Нарында курултайга чогулгандар облустук акимчиликке кирүү аракетин баштады

11:46 Депутаттар Таласта коменданттык саат киргизүүнү сунушташты

11:43 Таласта 5 адамдын абалы оор экени белгилүү болду

11:37 Алайда кармалгандарды бошотууну талап кылышууда

11:34 Нарында курултайга келгендер губернаторду эл тарапка өтүүгө үндөштү

11:32 Премьер-министр Данияр Үсөнов Жогорку Кеңеште чыгып сүйлөдү.

11:17 Сокулукта Темир Сариевдин чукул бошотулушун талап кылышууда

11:08 Бишкекте "Форумдун" жанына чогулгандарды милиция таратууда

11:03 Нарында каршылык акциясына чогулгандар облустук акимчиликке кирип барды

10:54 Жалал-Абадда алтымыштай адам Кербенди көздөй жөнөштү

10:41 ИИМ:Таласта талап-тоноо боюнча алты киши кармалды

10:17 Баш прокурор Н. Турсункулов оппозициянын кармалган лидерлерине айып коюларын билдирди

10:06 Алайда И.Исаковду коргоо комитеттеринин мүчөлөрү кармалды

09:44 Нарында акимчиликке атчандар келди

09:19 Нарында борбордук аянтка эл чогулууда

09:17 Талас: тартип коргоо кызматкерлеринин арасында өлгөндөр жок

09:13 Элмира Ибраимова камакка алынды


Бишкектеги нааразылык акциясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:51 0:00

XS
SM
MD
LG