Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:32

Казакстан Кыргызстан аркылуу “контрабанданы” токтотууну убада кылууда


Казакстан кытай товарларынын Кыргызстан аркылуу “контрабандасын” токтотууну убада кылууда. Бул тууралуу казак премьер- министри Карим Масимов өкмөт жыйыны учурунда билдирген. Мындай билдирүү кыргызстандык ишкерлер үчүн Казакстан аркылуу жүк ташуу кайрадан татаалдашкан учурда айтылып жатат.

Кыргызстандык ишкерлер үчүн Казакстан аркылуу жүк ташуудагы тоскоолдуктар жаңылык эмес. Ал 90-жылдардан бери эле маалы – маалы менен кайталанып келе жаткан көрүнүш. Бирок байкоочулар бул жолку кыйынчылыктар жаңы саясий жана экономикалык шарттардан улам чыгып жаткандыгын белгилешүүдө.

Казакстандын маалымат каражаттары билдиришкендей, премьер- министр Карим Масимов 9- март күнкү селектордук жыйында казак – кытай чек арасындагы Хоргос бажы бекетинде тартип орнотулгандай болуп жатканына токтолуу менен “иш жүзүндө товар бизге кыргыз чек арасы аркылуу өтүп жатат, бирок маалыматтар жетиштүү болгондуктан, биз бул жерди да тартипке салабыз”,- деп айткан.

Ага катар казак премьери жыйында Кыргызстан менен чектеш Жамбыл облусунун акимине чек араны Баажы союзунун алкагындагы ишке даярдоону жакшылап, көзөмөлдөөнү тапшырган.

Карим Масимов
Мындан бир апта мурда болсо казак өкмөт башчысы бийликтеги “Нур-Отан” партиясынын жыйынында Баажы союзунун алкагында түштүк чек араларды бекемдөө ишине “кара” жана “көк” схемаларга кызыктар адамдар арбын болгондуктан, чоң тоскоолдуктар жасалып жатканын, бирок бул тартип да сындырылып, товарлардын чек арадан өтүшү ачык болорун убада кылган эле.

Айтор казак тараптан жогорудагыдай билдирүүлөр кыргызстандык ишкерлердин коңшу өлкөнүн аймагы аркылуу жүк ташуусу кайрадан кыйындаган шартта айтылып жатат. Кыргызстандын баажы кызматынын басма сөз катчысы Абдылда Малдыбаев 10-март күнү “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде казак – кытай чек арасындагы Хоргос баажы бекетинде кыргызстандык ишкерлердин товарларынын кармалуусу али уланып жатканын белгиледи:

-Бүгүнкү маалыматым боюнча Түркиядан Казакстан аркылуу келүүчү жүктөрдүн маселеси чечилди. Ал эми Хоргос тараптан келе жаткан транзиттик жүктөр мурдагыдай эле токтотулуп жатканы жөнүндө маалыматтар бар. Биз, баажы кызматы, бул маселеден четте калган жокпуз. Бул маселе боюнча Казакстандын баажы органдарына кайрылганбыз. Бирок алардан тийиштүү жооп кайтарыла элек.

"Эч сурообуз жок"

Бул аралыкта Казак бажы комитетинин Алматы облустук департаментинин башчысы Курманбек Артыкбаевдин 11-мартта кабарчыларга берген түшүндүрмөсүнө караганда, жакында кытай-казак чек арасындагы Калжат бажы бекетинен жүк тарткан 54 автоунаанын токтотулушу - Кыргызстанга деп багытталган жүктөрдүн документтери жалган чыккандыгында. Ал эми товар ээлери арасында казак жарандары да бар экендиги аныкталууда:

-Биздин Кыргызстанга өтүп жаткан жүккө эч сурообуз жок. Бирок Кыргызстанга өтүп жатат деп бизди алдап, жалган документтер менен өткөзүп жатканын билгенден кийин токтотуп олтурабыз. Казакстан жарандары сатып алган товарынын Кыргызстанга бара турганын билбейт. Мунун баары жүктү Казакстанга жеткирип беребиз деген компаниялардын жоопкерчилигиндеги иш.

Казак премьеринин сөздөрүнө караганда, Казакстан товарлардын мыйзамсыз кирүүсүнө каршы күрөштү үч өлкөнүн ( Орусия, Казакстан, Беларус) Бажы союзунан улам күчөтүп жатат. Казакстандык серепчи, Улуттук банктын мурдагы төрагасы Калым Байназаровдун пикиринде, Кыргызстандан Казакстан тарапка контрабандалык жол менен товарлар өтүп турары анык, бирок анын жалпы соодадагы үлүшү канча экени тууралуу так маалымат жок. Ал эми казак тарап өзгөчө басым жасап жаткан кытай товарлары, мыйзамдуу жол менен реэкспорттолгон күндө Кыргызстан Баажы союзуна кирмейинче баажы төлөмдөрүн алууга туура келет:

-Премьер- министрдин оозунан ошондой сөз чыккандан кийин, андай фактылар бар. Муну жок дей албайбыз. Кыргызстан Баажы союзуна али кире элек да. Ага киргенге чейин мурдагы эрежелер сакталууга тийиш.

Жалгыз жол

Эгер казак тарап, өлкө премьер- министри Карим Масимов убада кылгандай, Кыргызстан аркылуу контрабандасын токтотсо, ишкерлердин кайсы катмары зыян тартат? Биз бул суроону экономист Жумакадыр Акенеевге жолдодук:

-Чындап келгенде контрабандалык товар эч качан болбошу керек, Кыргызстандан да, Казакстандан да. Эгер казактар жаңы Бажы союзунун негизинде Орусиянын тартибин алып туруп, чек араларды катуу бекемдесе, анда Дордойдогу ишкерлердин баары зыян тартат, жалпы Кыргызстан экономикасы зыян тартат.

Экономист Жумакадыр Акенеев биз менен маегинде кошумчалагандай, түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жалгыз жолу Кыргызстан Баажы союзуна толук кандуу болбосо да, ассоциацияланган мүчө болуп киришине мүмкүн болушунча тезирээк жетишүү. Премьер- министр Данияр Усенов өткөн айдын соңунда Орусияга барып келгенден кийин жумушчу топко Бажы союзуна кирүү боюнча даярдыктарды тездетүүнү тапшырганын билдирген.

Бирок орус президенти Дмитрий Медведев 15-февралда Омскидеги жыйында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан менен Тажикстан даяр эмес болгондуктан, Бажы союзуна жасалма жол менен тартылбашын, дегеле бул маселе аталган өлкөлөрдүн жетекчилеринин “жүрүм-турумуна” жараша чечилерин айткан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG