Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

К. Бакиевди Ош кабыл албады


Президент К. Бакиев бүгүн Ошко барып, элден колдоо таппай чыгып кетти. Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Р. Отунбаева президент К. Бакиевди “Кыргызстандын элин экиге бөлүп-жарууну улантууда" деп айыптады.


Ошто борбордук аянтта убактылуу өкмөттүн жактоочулары менен президент Бакиевдин колдоочулары тиреше кетишти. Бакиевге сөз сүйлөөгө эл мүмкүнчүлүк берген жок. Бакиев жандоочулары менен чыгып кеткенден кийин шаардагы анын бир топ жактоочулары ЭлТР телекомпаниясын басып алууга аракет кылышты. Оштогу кабарчыбыз Алишер Токсонбаев Оштогу бүгүнкү окуялар жөнүндө төмөнкүдөй маалымат билдирди.

- Сиз азыр эле ЭлТР телекомпаниясына барып келиптирсиз. Ал жердеги кырдаал тынчып калдыбы?

- ЭлТР телекомпаниясында бүгүн миңге чукул К.Бакиевдин тарапкерлери эфир берүүнү талап кылып турушту эле. Алар менен жергиликтүү бийликтин, айрыкча Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов сүйлөшүү жүргүздү. Мына азыр эле маалым болду, бул жерде айрымдарына эртең эфир бергенге мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ал эми кызуу кандуулукка алдырып бул жерге топтолгондордун көпчүлүгү жаштар экен. Ош облус губернаторунун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков алар менен сүйлөшүп, үйлөрүнө тарткатты.

- Анын алдында Ошто президент К.Бакиевдин колдоочулары менен убактылуу өкмөттүн жактоочулары кагылыша кетишиптир, ок чыкканы да айтылууда?

- Бүгүн Ош шаарынын эли борбордук аянтта Элдик курултай өткөрдү. Ага 10 миңден ашуун адам катышты. Алар эң биринчи К.Бакиевден президенттик кызматын тапшырууну талап кылышты. Эгер такыр буга көнбөсө өлкөдөн чыгып кетишин суранышты. Апрелдеги кандуу окуяга тиешеси бар адамдар жазага тартылышы керектигин айтышты. Ошол маалда 100гө чукул К.Бакиевдин тарапкерлери келип, бул жерде эки тарап тиреше кетишти.

Айрым акыл-эстүү райондук, облустук жетекчилердин кийлигишүүсү менен ал чыр-чатак жайгарылды. Бирок ошол эле учурда борбордук аянтка жакын жердеги Ош кыргыз драма театрынын жанында К.Бакиевдин тарапкерлери митинг өткөрүүгө аракет кылышты. Ал жерге президент К.Бакиев, бир тууган иниси Жаныш Бакиев, коргоо министри Бакыт Калыевдин коштоосунда жана бир нече куралчан сакчылардын коштоосунда келди. Аларды Элдик курултайдын катышуучулары сүйлөткөн жок, кетүүсүн талап кылышты. Ошол маалда К.Бакиевдин сакчылары тарабынан асманды карай эскертүү иретинде ок атылды.

- Жабыркагандар жокпу?

- Биз сураштырып, сүрүштүрүп көрдүк жабыркагандар жок азырынча.

- Бакиев Ошто митинг өткөрөбүз деп кайрылды беле шаар бийлигине буга чейин?

- Сураштырганыбызда шаардык бийлиги, облус бийлиги дагы К. Бакиев, же анын тарапкерлери Ош шаарында борбордук аянтында, же башка жерлерде митинг өткөрүү тууралуу эч кандай маалымат беришпегендигин ырасташты.

- Жалпысынан абал кандай азыр шаарда, облуста?

- Азыр эле шаардын дагы, облустун дагы жетекчилиги менен байланыштык, алар айтты кырдаал туруктуу көзөмөлдө экенин. Бул жерде өкмөт мүчөсү Азимбек Бекназаров жана Дүйшөнкул Чотонов кырдаалды турукташтырууга жардам берип жүрүшөт.

- Эл кимди көбүрөк колдоп жатат, кандай сөздөр айтылып атат карапайым тургундар арасында?

- ЭлТРге баргандардын, курултайга келгендердин, К.Бакиевдин митингине катышкандардын көпчүлүгүнөн сурасак, басымдуулугу азыркы бийликти жалпы жонунан жактай тургандыгын, бирок аларга бир эле нааразылыгы бардыгын айтышты. Жер-жерлерде дагы эле 2005-жылкыдай башаламандык өкүм сүрүп атат, жергиликтүү бийликтин айрым жетекчилери жогорку тараптын көрсөтмөсү же буйругу менен баш аламан алмашылып жаткан жагдайлар болуп атат, аны теске салбаса башаламандык дагы күчөй бериши мүмкүн деп айтышты.

- Рахмат

XS
SM
MD
LG