Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:02

Католиктер Ыйсанын туулган күнүн белгилешти


Рим папасы Бенедикт-XVI, 25-декабрь, 2008-ж.
Рим папасы Бенедикт-XVI, 25-декабрь, 2008-ж.

Дүйнө католиктери Ыйсанын туулган күнүн белгилеп жатышат. Римде католик чиркөөсүнүн башчысы Бенедикт-XVI зыяратчыларга кайрылуусунда Жакынкы Чыгыштагы зордук-зобунду токтотууга чакырды.

24-декабрдан 25 не караган түнү Римдеги ыйык Петр чиркөөсүндөгү чокунуу учурунда алтын чегилген ак кийимчен Рим папасы Бенедикт-XVI чиркөөнүн башкы эшиктеринен кирди. Ал эки жагындагы ибадатчыларга кээде жылмайып, батасын бетип, колун сунуп жатты.

Бул чиркөөнүн өзүнө батпай калгандар анын ичиндеги окуяларды сырттагы аянтта орнотулган чоң экрандардан тиктеп турушту.

81 жаштагы Рим папасы келерки жылы Иорданияга, Израилге жана Палестина автономиясына бармакчы. Ал элге кайрылуусунда дал ушул Жакынкы Чыгышта кан төгүүлөрдү токтотууга чакырды. «Ыйса жашаган жана аябай жакшы көргөн Вифлеем аттуу жер жөнүндө ойлонолучу, - деди ал чогулгандарга. - Ошол жердеги зордук-зобун, кан төгүүлөр токтошу үчүн сыйыналы. Биз бүгүн жүрөгүбүздү ачып, бири-бирибизде түшүнүүчүлүк болушу үчүн сыйыналы. Анткени жүрөктөр менен кошо чекаралар да ачылат».

Ыйса төрөлгөн делген Вифлеем шаарындагы Ыйсанын чиркөөсүндө бул күнү таң атпай миңдеген зыяратчылар келишти.

Жакынкы Чыгышта акыркы мезгилдерде көп деле ири кан төгүүлөр катталбаганынанбы, айтор, быйыл Вифлеемге келгендердин саны былтыркыдан эки эсеге көп болду.

Дүйнөнүн башка бурчтарындагы католиктер да Ыйсанын туулган күнүн белгилешүүдө. Ирактын баш калаасы Багдаттагы Ыйык Мария чиркөөсүнө да эрте мененки таапка адамдар агылып жатышты. «Биз азыркы кризистен чыгып, Ирак элин, өзгөчө, ушул ыйык жерде миңдеген жылдар бою жашап келген ирактык христиандарды бириктирүүгө аракет кылабыз. Бул – цивилизациянын жана баалуулуктардын жери. Биз сырттан келген оккупациялык күчтөрдүн огунан жаракат алгандарды айыктырууну каалайбыз», - деди ирактык тарсалардын бири.

АКШда жаңы шайланган президент Барак Обама болсо бул күнү америкалыктарды дүйнөнүн башка аймактарында эркиндикти жайылтуу миссиясын аткарып жүргөн жердештерин даңктоого чакырды. Андан сырткары, ал глобалдык экономикалык кризис учурунда абалдан чыгуу үчүн тырышып иштешүү зарылдыгын белгиледи.

Батыштын көптөгөн мамлекеттеринде Ыйсанын туулган күнү кеңири белгиленет. Алардын арасында, мисалы, Чехия республикасында адамдар 24-декабрь күнү кечинде үй-бүлөсү менен карп балыгы бышырылган кечки тамакка отурушат. Картөшкө менен жасалган атайын салат даярдашат. Балаты жасап, астына толтура белек-бечкектерди үйүп коюшат.

Дүйнөдө эки миллиарддан ашуун христиан динзарлары бар деп айтылууда. Алардын көпчүлүгү үчүн 25-декабрь Пасха менен биргеликте жылына бир ирет майрамдала турган эки майрамдын бири. 200 миллиондой православ христиандары болсо Ыйсанын туулган күнүн Юлиан жыл эсеби боюнча 7-январда белгилешет.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG