Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:45

Иранда он киши дарга асылды


Иранда 26-ноябрда 10 киши өлүм жазасына тартылды. Алардын бири – аял болду. Укук коргоочулар ал аял убактылуу күйөөсүн кызын зордуктаганы үчүн өлтүргөнүн айтышууда.

Фатеме Хакикат Пажо ушул шаршембиде Тегерандагы Евин түрмөсүндө жогорку жазага тартылды. Ал киши өлтүргөнү үчүн айыптуу деп табылган 9 эркек менен кошо бир мезгилде дарга асылды.

Дарга аскан желдет ал аял убактылуу күйөөсүн "кескилеп өлтүргөнүн" билдирди. Шийиттерде бир сааттан көп жылдарга чейинки мөөнөткө келишим түзүп, никеге турууга уруксат берилет. Келишим түзүлгөндөн кийин аял менен эркекке молдо нике кыйыш керек. Мындай убактылуу никени айрымдар сойкулукту исламдын шартына ылайыкташтыруу дешсе, укук коргоочулар аны аялдардын ар-намысын да, укуктарын да тепселеген чара деп санашат.

Ушундай убактылуу никеде турган Фатеме Хахикат Пажого байланыштуу укук коргоочулар ал күйөөсүн кызын зордуктаганы үчүн өлтүргөнүн айтып чыгышты. Азаттыктын иран кызматы болгон Фарда радиосу анын кызы Захрага чыкканда, кыз өзүн өгөй атасы кантип зордуктаганын мындайча сүрөттөдү:

- Мен уктап аткам. Чочуп ойгонсом Мухамед менин үстүмдө экен. Ал менин киймимди айрып, чечиндирди. Мен кыйкыра алган жокмун, ал менин оозумду колу менен басып алды. Анан апам кирип келип, Мухаммадды менин үстүмөн сүйрөп түштү.

Захра андан ары өгөй атасынын кантип өлгөнүн айтып берди:

– Мухаммад менен апам сыртта кыйкырышып урушту. Мухаммад кайра мага кол салмак болгондо апам "эшикти бекит!" деп кыйкырды. Мен эшикти ичинен бекиттим. Алар кыйкырыша беришти. Кийин карасам, Мухаммад жерде жылаңач жатыптыр. Мен апама "үстүн жаап коелу, ал эмнеге жылаңач уктап атат?" десем, "Ал уктаган жок, ал өлдү" деп айтты.

Энеси күйөөсүн өлтүргөнү үчүн дарга асылган кыздын айтымында, өгөй атасы өзүн энесинен сатып алгысы келген:

- Алар урушуп жатканда Мухамад менин энеме эки чек бериптир. Ал чектер соттун колунда болуш керек, анткени биз аларды сотко өткөргөнбүз. Ал мени сатып алам деп энеме 20 миллион тумандык эки чек бериптир.

20 миллион туман орто эсеп менен 20 миң доллар болот.

Фатеме Акикат Пажо күйөөсүн 2001-жылы өлтүргөн, эл аралык нааразылыктан улам, аны өлүм жазасына тартуу улам кийинкиге калтырылып келген. Аны кошкондо 10 киши баары сот өкүмү Жогорку Сотто жактырылгандан кийин дарга асылды.

Иранда 1979-жылдагы Исламдык төңкөрүштөн кийин кабыл алынган шарият мыйзамы боюнча киши өлтүрүү, зордуктоо, куралдуу каракчылык, ала жипти аттагандык жана маң заттарынын аткезчилиги өлүм жазасы менен жазаланат. Ал эми зордуктоо боюнча күнөөнү далилдөө үчүн төрт эркек киши күбө түшүшү керек.

Укук коргоочулар жана Европалык өкмөттөр Иранда 2007-жылы "адепсиздикке" каршы күрөш баштагандан бери дарга асуулардын көбөйгөнүн сынга алып келатышат. Ирандын өкмөтү болгону шарият мыйзамын аткарып жаткандыгын айтып, Батыш өкмөттөрү өздөрү адам укуктарын бузуп жатат деп айтат.

Эл аралык Мунапыс уюмунун эсебинде, былтыр Иранда кеминде 317 киши мамлекет тарабынан өлтүрүлдү. Бул 470 кишини өлүм жазасына тарткан Кытайдан кийинки эле экинчи көрсөткүч.

АФП агенттигин эсебинде, шаршембиде 10 кишинин дарга асылышы менен үстүбүздөгү жылы Иранда бардыгы болуп 216 киши мамлекет тарабынан өлтүрүлдү.

XS
SM
MD
LG