Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:50

Еврону куткарууга 1 триллион доллар сарпталат


Европалык борбордук банктын президенти евро тартылган баштык көтөрүп жүрөт.
Европалык борбордук банктын президенти евро тартылган баштык көтөрүп жүрөт.

Евробиримдик мамлекеттик карызын төлөй албай кризиске баткан Грекиядагы жагдай башкаларга жайылбасын деп, чукул куткаруу планын жарыялады. Жалпы бөлүнчү каражат 750 миллион евро, же 1 триллион долларга айланат.

Брюсселде чогулган Евробиримдиктин каржы министрлеринин жыйыны адегенде 2 саатка белгиленген эле, талкуу 11 саатка созулуп, аягында европалык орток акча – еврого чукул колдоо көрсөтүү максатында 440 млрд евролук план макулдашылды. Евробиримдиктин экономика боюнча комиссары Олли Рен: “Бүгүн бул жерде макулдашылган долбоор, Еврокомиссия, европалык борбордук банк – баары бирдей кандай болгон күндө да, еврону сактап калуу зарыл деген пикирди колдойт”, - деп билдирди.

Грекияны каптаган финансылык кризис Испания менен Португалияга жайылат деген маалыматтан улам соңку апта ичинде евронун наркы төмөндөп кеткен эле. Европалык лидерлер баш-аягы 1 триллион долларга чаап барган план евронун андан аркы төмөндөшүн токтотуп, алмашуу курсун тез арада турукташтырууга жардам берет деп ишенет.

Анысы кандай, дүйшөмбүдө Европа менен Азиялык биржаларда баалар бир аз жогорулап, бир евро жума күнү 1 доллар 27 центке айланса, дүйшөмбүдө 1 доллар 30 центке көтөрүлдү. Еврону турукташтырууга ушундай ири сумма, 1 триллион АКШ доллары бөлүнгөнү биржалар үчүн күтүүсүз жаңылык болгондой.

Евробиримдик Грекияга жана жалпы орток валютаны коргоого бөлгөн каражаттын көбүн көтөрө турган Германиянын канцлери Ангела Меркель чукул чаралар бардык европалыктар үчүн маанилүү деп басым жасады: “Бул чаралар азыркыдай өзгөчө кырдаалда европалык жалпы валюта – еврону күчтөндүрүп коргоого багытталат. Өзүбүздүн жарандарга айтаарым, биз Германия калкынын акчасын коргоп жатабыз”.

Үч жылга эсептелген планга ылайык, орток акча – еврону пайдаланган 16 мамлекет ушу тапта мамлекеттик карызын төлөй албай кыйын абалда калган Грекия, Испания, Италия жана Португалиянын өкмөттөрүнө 440 млрд евролук каражат бөлөт. Жарымы жеңилдетилген насыя, калганы өкмөттүн кепилдиги астында берилчү узак мөөнөттүү насыя түрүндө берилчү дагы 250 млрд еврону Эл аралык валюта кору, 60 млрд еврону Еврокомиссия бөлүп берет.

Грекиядагы финансылык кризисти “Чоң сегиздин” каржы министрлери да талкуулашты. АКШ президенти Барак Обама Германия канцлери Меркелге телефон чалып, грек экономикасын сактап калуу аракетине колдоо билдирди. Өткөн бейшембиде Грекиянын парламенти мамлекеттик бюджеттеги тартыштыкты азайтуу боюнча радикалдуу реформаны жактырды. Финансылык системасына чукул өзгөртүүлөр киргизүү планын эми башка да европалык өлкөлөр кабыл алышы керек.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG