Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:49

Ооганстанда чет элдик аскерлерге нааразылык күчөдү


Ооганстандын Кундуз вилайетинде журналист Султан Мунади менен коштошууга көптөгөн кесиптештери чогулушту. 9-сентябрь, 2009-ж.
Ооганстандын Кундуз вилайетинде журналист Султан Мунади менен коштошууга көптөгөн кесиптештери чогулушту. 9-сентябрь, 2009-ж.

Барымтага алынган ооган журналистинин өлүмү - Батыш аскерлеринин Ооганстандагы ролу тууралуу талкууларды ого бетер кызытты.

9-сентябрь күнү Ооганстандын түндүк тарабында барымтага алынган америкалык журналист Стивен Фореллди куткарып алуу операциясы ийгиликтүү ишке ашып, бирок ал жердеги атышуудан ооган журналисти Султан Мунади, бир британ офицери – бардыгы төрт киши набыт болгон. Ошондон бери кесиптешинин өлүмүнө кайгырган ооган журналисттери өлкөнүн ар башка жерлеринде нааразылык акцияларын өткөрүп, айрыкча маркум Мунадинин сөөгү атышуу болгон жерде ташталганы айыпталып, окуя терең иликтөөгө алынышы талап кылынууда. Көчө акциялары маалында кыжырданган ооган жарандары батыштык адамдар барымтага алынса, аларды куткарып алыш үчүн жергиликтүү элдин тагдырына көз жумулган учурлар көбөйгөнүн айтышат.

Чек арасыз кабарчылар уюмунун Ооганстан боюнча изилдөөчүсү Реза Моини ооган журналисттеринин нааразылыгы негиздүү деп эсептейт. “Баарынан башкысы – Мунадинин өлүмүнүн тегерегинде түркүн-түмөн суроо пайда болду. Ошондуктан биз окуя дыкат иликтенишин талап кылдык. Биздин кесиптеш кандай жагдайда өлүмгө туш болгону тууралуу суроолорго ал операцияга катышкан чет элдик аскерлер жооп бериши керек”, - деп белгилейт Париждик эксперт.

Маркум Мунади “Нью-Йорк Таймстын” кабарчысы Стивен Форелл менен бирге Ооганстандын түндүгүнө - 4-сентябрь күнү жолдо бараткан бензин ташыган эки чоң машинени талиптер карактап кетип, аларды НАТО кайра асмандан бомбалаганда, ал жерди байырлаган ондогон жайкын тургун каза тапканын жеринде иликтеп, маалымат топтош үчүн барган экен. Ошентип, 4-сентябрдагы бомбалоодон бейкүнөө каза тапкан ооган жарандары, аны чагылдырып жүрүп барымтага алынып, кийин америкалык кесиптеши аман-эсен куткарылган операциядан көз жумган ооган журналистинин тагдыры кошул-ташыл болуп, Ооганстандагы НАТО башкарган чет элдик аскерлердин озуйпасы чоң талаштарга жем таштады.

Лондондо жайгашкан Коопсуздук жана өнүгүү боюнча эл аралык кеңеш жаңы изилдөөсүн жарыялап, Ооганстан аймагынын 80%ында талиптер жана башка согушкерлер туруктуу жай тапканын кабарлаганы талкууну ого бетер кызытты. Дүйшөмбүдө АКШ Конгрессинде Ооганстанга кошумча аскерлерди жөнөтүү маселеси каралат, ага бир күн калганда Өкүлдөр палатасынын төрайымы Ненси Пелози көпчүлүк мандаттарга ээ демократтар арасында бул маселени колдогондор азайганын кыйытты. Алар колдобой койсо, президент Барак Обама кыйын акыбалда калат, ал ушул жылдын аягына дейре Ооганстанга дагы 21 миңдей аскер жөнөтүп, ал жердеги америкалык жоокерлер санын 68 миңге жеткирүү зарыл деп белгилеген.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG