Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:23

Дүйнөдө ВИЧ/СПИДге чалдыккандар азаюуда


СПИДге каршы күрөшүүнүн символу болгон кызыл тасма Ак Үйгө илинди, Вашингтон, 30-ноябрь, 2009-жыл
СПИДге каршы күрөшүүнүн символу болгон кызыл тасма Ак Үйгө илинди, Вашингтон, 30-ноябрь, 2009-жыл

1-декабрь - СПИДге каршы күрөшүү күнүн утурлай Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен БУУнун СПИД агенттиги жаңы сунуштарын жана келээрки жылга прогноздорун жарыялады.

Адистер дүйнө жүзүндө бул дартка чалдыккан адамдардын саны соңку 8 жыл ичинде азайса, Чыгыш Европа жана Борбор Азия аймактарында, тескерисинче, көбөйүп жатканын белгилешүүдө. Кыргызстанда, акыркы маалыматтарга ылайык, ВИЧ/СПИДди жуктуруп алгандардын арасында аялдар өзгөчө көп болууда.

Улуттар уюмунун маалыматына караганда, ВИЧ инфекциясына чалдыккан адамдардын саны ушу тапта 33,4 миллондой кишиге жетет. Былтыр вирусту 2,7 миллион киши жуктуруп алган. Дарыгерлер соңку 8 жыл ичинде ВИЧке чалдыккандардын саны 17 пайызга азайганын оң жышаан катары баалашууда. 2001-жылы ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү Декларациясына кол коюлгандан бери Африкада жаңы инфекцияланган адамдардын саны 15 пайызга төмөндөгөн. Чыгыш Азияда бул сан 25 пайызды, Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азияда – 10 пайызды түзөт. Чыгыш Европада вирусту жуктуруп алгандарды саны негизинен ийне колдонгон баңгилердин эсебинен өсүп келди.

БУУнун СПИД агенттигинин аткаруучу директору Майкл Сидибэ белгилегендей, ооруулулардын азайганы кайсы бир деңгээлде илдетти алдын алуу чараларынын ийгилигин далилдейт. Ошол эле маалда көбүрөөк каражат тартып, жаңы долбоорлор ишке ашырылса, тез прогресске, көп сандагы адамдардын өмүрүн сактап калууга жетишсе болот.

Алсак, Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө ВИЧке чалдыккандардын 80 пайызы дарыгерлердин көзөмөлүнө алынып, дарылоо курсунан өтүшүүдө. СПИДден көз жумгандардын саны акыркы 5 жыл ичинде ал жерде 50 пайызга төмөндөдү, натыйжада жетим калган балдардын саны да азаюуда.

Адистер ВИЧтен дарылоону саламаттыкты сактоо жана башка социалдык долбоорлорго камтуу керек, комплекстүү иш-чаралардын киригизилиши натыйжалуу болмокчу деп белгилешет.

Дагы бир сунушка ылайык, калкка ВИЧке анализ тапшыруунун, дарттын белгилери пайда боло электе эле ал тууралуу маалымат алуунун зарылдыгын түшүндүрүү керек.

Баяндамада ВИЧ/СПИДге чалдыккандардын саны Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндө өсүп жатканы айтылат. 2008-жылы бул аймактарда 110 миңдин айланасындагы адам вирусту жугузуп алган. Ошону менен ВИЧ менен ооругандардын саны ал өлкөлөрдө 1 жарым миллион кишиге жетти. Салыштыра кетсек, 2001-жылы бул сан 900 миң кишинин тегерегинде болчу. Илдет өзгөчө Россия жана Украинада тез жайылууда. Мурда ал негизинен ийне колдонгон баңгилер арасында көп жолукса, азыр жыныстык жол менен жугузуп алуу, бейтапканаларда таза эмес ийне менен жуктуруу учурлары көбөйдү. Эстесек, 2006-жылы Казакстандын Чимкент шаарында балдарга ооруканаларда ВИЧти жугуздуруу фактысы катталып, күнөлүүлоөр сот жообуна тартылган.

Учурда вирустун энеден балага өтүшү эпидемиянын жайылышында анча чоң роль ойнобогону менен, дарыгерлер бара-бара ВИЧти энесинен жуктуруп алган ымыркайлардын саны өсүшү мүмкүн деп болжошот.

Бишкекте апта соңунда СПИДди алдын алуу маселелерин талкуулаган конференцияда дарт өзгөчө аялдар арасында көп тараганы белгиленди. Атап айтканда, алардын саны 34 пайызга жетти. СПИД борборунун жетекчиси Айгүл Исмаилованын "Азаттыкка" берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда кош бойлуу аялдар өзгөчө көзөмөлгө алынат:

- Бардык кош бойлуу аялдар текшерүүдөн өтүш керек. Алар учетко турган кезде тестирлөөдөн өтүшөт. Төрөт үйүнө түшкөндөн кийин да сөзсүз түрдө дагы бир жолу текшерилет. Энеден балага жугууну алдын алуу иштери азыркы күнү туура жолго коюлган.

Тасмада: СПИД: Тооруган дарттын торунда

"Азаттык+" жаштар берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы 1-декабрь - СПИДге каршы күрөш күнүнө арналды. "Тооруган дарттын торунда" деп аталган берүүдөн үзүндү сунуш кылабыз. ZMa, SA, MiT.

СПИД: Тооруган дарттын торунда
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:31 0:00

XS
SM
MD
LG