Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:12

Сирия: Дараа шаарында аскерий операция башталды


Бир ай мурда башкаруучу режимге каршы нааразылык митингдери башталган Дараа шаарына танктар жөө аскерлер менен кирди. «Рейтер» агенттиги шаарга бери дегенде 8 танк, 2 брондолгон техника киргенин кабарлайт. Күбөлөрдүн айтуусунда, шаар ичинде туш-туштан ок атышуулар угулуп, электр жарыгы өчтү, телефон байланышы жок.

Укук коргоочу активисттер 3 миңдей аскер шаарга киргизилгенин айтууда. Алар шаардын борборун ээледи, үйлөрдүн чатырларынан көзгө атарлар чогулгандарды аткылап жатканы дагы айтылууда. Бир нече киши набыт болгону маалымдалды.

Башка кабарларда Дамаск шаарынын сыртындагы Думада сириялык өкмөттүк күчтөр карапайым элди аткылап, камакка алып жатканы айтылууда.

Укук коргоочулар Сирияда толкундоолор башталгандан бери 350дөн ашуун киши өлгөнүн, алардын көбү соңку 3 күндөгү кагылыштарда набыт кеткенин билдирет. Бүгүн Иордания Сирия менен чек ара бекеттерин жапты.

XS
SM
MD
LG