Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:34

Луганскиде мунай базасына урулган соккудан үч киши мерт болду


Мунай кампасындагы өрт. Иллюстрациялык сүрөт.
Мунай кампасындагы өрт. Иллюстрациялык сүрөт.

Ровеньки мунай базасына жасалган чабуулдан үч киши мерт болуп, дагы жети адам жараат алды. Жарадар болгондордун арасында бала бар. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары өзүн "Луганск элдик республикасы” ("ЛЭР") деп атаган жикчил аймак башчыларына шилтеме кылып жума күнү маалымдашты.

Чабуулдан мунай базасы өрттөнүп кеткенин РБК агенттиги жикчил аймактын башчысы Наталия Пащенкого шилтеме кылып жазды.

Маалыматты көз карандысыз булактан тастыктоого азырынча мүмкүн эмес.

Луганск облустук аскердик администрациянын башчысы Артём Лысогордун мунай базасына урулган соккудан кийин "баскынчыларда күйүүчү май жетишсиздиги пайда болду" деген сөзүн РБК-Украина агенттиги жазды.

Мурдараак кабарлангандай, 7-май күнү Луганск шаарын аткылоодон Орусиянын көзөмөлүндө турган аймакта мунай базасы өрттөнүп кеткен. Өзүн "ЛЭР" деп атаган аймактын Москва дайындаган жетекчиси Леонид Пасечник чабуул үчүн Украинанын куралдуу күчтөрүн айыптаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG