Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:12

Сүлүктү шаарынын мэри өзү аралашкан балдардын мушташы жөнүндө маалымат берди


Болот Абдыжапаров
Болот Абдыжапаров

Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров социалдык тармактарда тараган маалыматтар боюнча Фейсбуктагы баракчасында 10-майда пост жазып, түшүндүрмө берди. Ал өзү аралашкан окуя эки күн мурда болгонун билдирип, ага капыстан туш келгенин кабарлады.

“8-май күнү Сүлүктү шаарынын борборунда №1 Ленин атындагы орто мектептин 11-класстын окуучуларынын ортосунда мушташ болду. Борбордук аянтты жасалгалап жүргөн орун басарым экөөбүз чуркап барып, ажыраттык. Милиция кызматкерлери келгенче балдар каршылык көргөзүп, качып кетүүгө аракет кылышты. Милиция кызматкерлери келип, окуучуларды ички иштер бөлүмүнө алып барды. Ата-энелерин чакырып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми мага жалган жалаа жапкан адамдар Сүлүктү шаарындагы көмүр мафиясы экени ачык-айкын көрүнүп турат. Биз бир айдын ичинде таразаны ишке берип, Сүлүктүдөн чыккан көмүрдүн реалдуу көлөмүн аныктайбыз!” – деп жазды Болот Абдыжапаров.

Мунун алдында жергиликтүү активист Асель Набиева Фейсбукта: “Сүлүктүнүн мэри Болот Абдыжапаров мектептин окуучуларын сабады! Биздин мэр - Баткендин облпрокурорунун иниси! Прокуратура, бул кылмышты жапкан уят иш! Курманкул Зулушев, чара көрүңүз!” - деп жазган болчу. Набиева өзү Баткен облусунун мурдагы прокурору, Лейлектеги жер чырына байланыштуу кызматынан алынган Нуркамал Набиевдин тууганы болуп саналат.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова 8-майдагы окуучулар катышкан инцидент Маалыматтардын электрондук журналына катталганын, ошол күнү балдарга, ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн ырастады. Учурда кошумча текшерүү иштери улантылууда. Юсупованын айтымында, окуяга катышкан балдар буга чейин да түрдүү чырларга байланыштуу милицияга түшүп, тартиптик жазага тартылышкан жана ата-энесине эскертүү берилген.

Болот Абдыжапаров былтыр мартта Баткен облусуна караштуу Сүлүктү шаарынын мэри болуп дайындалган. Ага чейин ал Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун акиминин орун басары болуп турган. Абдыжапаров мамлекеттик кызматка келгенге чейин журналист болуп иштеген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG