Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:25

Экинчи дүйнөлүк согуштун Таластагы жалгыз ардагери көз жумду


Согуш ардагери Араке Арстанбеков менен коштошуу зыйнаты. 9-май, 2024-жыл.
Согуш ардагери Араке Арстанбеков менен коштошуу зыйнаты. 9-май, 2024-жыл.

9-майда Экинчи дүйнөлүк согуштун Талас облусундагы жалгыз ардагери, 98 жашында көз жумган Араке Арстанбеков өзү туулуп өскөн Айтматов районунун Бакыян айылында жерге берилди. Бул тууралуу Айтматов райондук акимчилигинен кабарлашты.

Коштошуу зыйнатына облус башчысы Нурлан Дарданов баштаган жетекчилер, Жогорку Кеңештин депутаттары жана ардагердин жакындары катышты.

Анда карыянын согуш талаасындагы эрдиктери жана колхоздо жасаган эмгектери эскерилген.

98 жаштагы Араке Арстанбеков 1926-жылы Бакыян айылында туулган. Аскерге 1943-жылы 17 жаш курагында чакырылган.

Ардагер "Берлинди алгандыгы үчүн", "Каармандыгы үчүн" жана башка мааракелик медалдар менен сыйланган.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2024-жылдын 1-мартындагы маалыматына ылайык, Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 40тай ардагери калган. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG