Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:21

Жалпы республикалык тестирлөө күндөрү аныкталды


Жалпы республикалык тест (ЖРТ) тапшырып жаткан окуучулар. Архив.
Жалпы республикалык тест (ЖРТ) тапшырып жаткан окуучулар. Архив.

Кыргызстанда 11-класстын окуучуларына Жалпы республикалык тестирлөө өткөрүү күндөрү белгиленди.

Тестирлөө үч этапта өтөт. Биринчиси 18-20-майда, экинчиси 22-24-майда болот. Үчүнчү этап жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калгандарга 21-23-июнда болот.

Каттоого жетишпей калган бүтүрүүчүлөр үчүн 17, 21-май жана 20-июнь күндөрү тест борборлорунда кошумча каттоо жүргүзүлөт.

Жалпы республикалык тестирлөө мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жогорку окуу жайларга өтүүгө мүмкүнчүлүк берген сынак. Билим берүү жана илим министрлиги окуу жайларга өтүүнүн босого баллы 110 деп белгилеген.

Жалпы республикалык тестирлөө 2000-жылдардын башында окуу жайларга парасыз кирүүнү камсыздоо максатында уюштурулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG